ОшТУда кибернетика жана маалымат технологиялар факультети тарабынан “Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына багыттап илимий-изилдөө жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү” аталышындагы илимий семинар өткөрүлдү. Семинарга Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин физика-математика илимдеринин кандидаты Өмүрбекова Гулзат Кочкорбаевна, факультеттин окутуучулары жана студенттери катышты.
Иш-чарада илимий-изилдөөнүн методу, жол-жобосу, илимий багыттар жана илимий ишмердүүлүктөр боюнча талкууланды. Семинардын катышуучулары бардык кызыккан суроолоруна тиешелүү жоопторду алышты.