Кибернетика жана малымат технологиялар факультетинин «Компьютердик лингвистика» кафедрасынын жамааты тарабынан «How to a chieve several purposes in one lesson!?» (бир сабакта бир нече максаттарга жетишүү) аттуу жаш мугалимдерге арналган усулдук семинар өткөрдүлдү.
Семинарга кафедранын жалпы жамааты, «Дүйнөлүк тилдер» кафедрасынын тажрыйбалуу окутуучулары катышып окутуунун жаны, заманбап жана инновациялык ыкмалары менен бөлүшүштү. Мында дүйнө коомчулугундагы өнүгүү менен бирге билим берүү дагы улам жаңы ыкмаларды, талап кылып, адамдардан дагы изденүүнү, жаңыланууну талап кылып жаткандыгы айтылды.
Жаш окутуучуларга бүгүнкү күндүн талабы менен студенттерге билим үйрөтүү үчүн ар кандай усулдук колдонмолорду, жаңы технологияларды жана адеп-ахлактык, тарбия жаатындагы ыкмаларды өздөштүрүүлөрү керектигин билдиришти.