Ош технологиялык университетинин Студенттер үйүнүн жашоочулары тарабынан “Кош жылдыз” сынагы уюштурулуп, бул сынакка жатаканада жашаган студенттер катышышты. Мында ар бир бөлүктө жашаган студенттерден бирден түгөй катышып, конкурстун шартына ылайык тапшырмаларды аткарышты. Сынакта саламдашуу, өз өнөрлөрүн тартуулоо, сүйүү арноо (видеоролик) жана сыр сандык (суроо-жооп) шарттары коюлган.
Ар бир түгөй сахнада ырдап, бийлеп, бири-бирине сүйүү арнашып көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Бул иш чаранын максаты адамдар арасындагы достукту, ынтымакты чыңдоо, студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу жана таланттуу жаштарды колдоп, алардын эл алдына чыгууларына көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Сынактын жыйынтыгында, биринчи орунду Ибрагимов Ибрагим менен Маметова Таалайгүл, экинчи орунду Мурзаев Бекболсун менен Тоирова Уулкыз, ал эми үчүнчү Маликов Бернардо менен Абдырахманова Айпери камсыз кылышып, окуу жайдын жана студенттер үйүнүн жетекчилиги тарабынан дипломдор менен бирге баалуу белектерге ээ болушту.
ОшТУнун Студенттер үйү шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн тибинде салынып, жалпысынан 490 орунга ылайыкташкан. Бул жерде алыскы райондордон жана башка областтардан келген студенттер жашап, окушат.