Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинин “Кийимдердин технологиясы жана дизайны” кафедрасынын башчысы Г. М. Тойчубекова 2022 – жылдын 7 – июль күнү Россия Федерациясынын Москва шаарында, А. Н. Косыгин атындагы Россия мамлекеттик университетинде 05.19.04 “Тигилүүчү буюмдардын технологиясы” адистиги боюнча “Кийизден көп катмарлуу бөлүктөрдү даярдоо жана долбоорлоо ыкмасын иштеп чыгуу” темасында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
Бүгүнкү күндө Гүлкан Маданбековнанын илимий иши Россия мамлекеттик университети тарабынан бааланып, Г. М. Тойчубекованын атына илимий диссертациясы бекитилгендиги тууралуу тастыктаган документ келди. Гүлкан Маданбековнанын мында аркы илимий иштерине ийгиликтерди каалап, университет үчүн дагы көптөгөн илимий жетишкендиктерге ээ болуусун каалайбыз.
ОшТУнун жалпы жамааты