Ош технологиялык университетине Германия коомчулугунун Орто Азия менен эл аралык кесптик билим берүү боюнча кызматташуусунун негизинде түзүлгөн GIZ долбоору боюнча атайын өкүлдөр келип кетишти. Биздин университет аталган долбоор менен бир канча жылдан бери кызматташып келет.
Буга чейин эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде биздин университетте бир нече иштер аткарылган. Мындан аркы аткарыла турган иштерде тамак-аш логистикасы боюнча бир нече долбоордун ишке ашырылышына көңүл бурулмакчы. Анткени, биздин окуу жай көп жылдардан бери тамак-аш өндүрүшү боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдап келет.
Долбоордун катышуучуларынын белгилөөлөрүнө караганда биздин окуу жай менен биргеликте Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен Ош технологиялык университетин пилоттук окуу жай катары шарт түзүп берүү өтүнүчү менен кайрылышмакчы.
Пилоттук окуу жай болгон соң тамак-аш логистикасы боюнча бир канча долбоорлор ишке ашырылат. Ошондой эле, Ош областынын аймагында аталган багыт боюнча кесипкөй адистердин даярдалышына шарт түзүлөт.