Урматтуу студенттер жана кесиптештер!
Ош технологиялык университети эл аралык кызматташтыктын чектерин жигердүү кеңейтүүнү улантууда. Биз Россиянын санариптик дизайн жана өнөр жай технологиялары тармагындагы алдыңкы мамлекеттик окуу жайы — Санкт-Петербург мамлекеттик өнөр жай технологиялары жана дизайн университети (СПбМУӨТД) менен биргелешкен билим берүү демилгелерин ишке ашыра баштаганыбызды жарыялайбыз.
ОшТУнун өнөктөштүгүнүн алкагында сиздер үчүн Санкт-Петербургдун тарыхый борборунда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү ачылды:
🎓 ОшТУнун студенттери үчүн мүмкүнчүлүктөр:
- Семестрдик окуу: ОшТУ сиздерге 2026/2027-окуу жылынын күзүндө Петербургда билим алып келүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
- Эл аралык кредиттер: Окуу программалары болжол менен 30 ECTS кредитин (1080 академиялык саат) камтыйт.
- Сезондук мектептер: ОшТУнун делегациялары үчүн билим берүү жана студенттик туризмди камтыган кыска мөөнөттүү (1–2 жумалык) курстар уюштурулат.
- Чыгармачыл долбоорлор: «Адмиралтейская игла» эл аралык мода фестивалына же «ОПЕРА & ПОДИУМ» долбооруна катышуу мүмкүнчүлүгү.
👩🏫 Окутуучулар жана адистер үчүн:
- Квалификацияны жогорулатуу: ОшТУ Россиянын ТОП-100 мыкты университеттеринин катарына кирген окуу жайда профилдик курстардан (16дан 150 саатка чейин) өтүү үчүн топторду түзөт.
- Таржрыйба алмашуу: Эл аралык долбоорлорго катышуу кесиптик чеберчиликти жогорулатууга жана жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө шарт түзөт.
Кантип катышса болот? ОшТУ күзгү семестр үчүн катышуучулардын алдын ала тизмесин түзө баштады. Эгерде сиз өнөр жай дизайны, акылдуу текстиль жана IT-технологиялар тармагындагы лидерлерден тажрыйба алууну кааласаңыз, ОшТУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыз.











