Ош технологиялык университетине Португалиянын Лиссабон университетинин Лиссабон экономика жана менеджмент мектебинин профессору Жорже Ф.С. Гомеш келди.
Сырткы байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректор, профессор А.Т. Акматалиев жетектеген курам менен расмий жолугушуу өткөрүлүп, анда эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, академиялык мобилдүүлүк жана биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл «Бизнес башкаруу жана социалдык иш» кафедрасы менен кызматташтыкты кеңейтүүгө бурулду. Буга чейин ишке ашырылган долбоордун алкагында ОшТУнун Экономика жана башкаруу институтунун студенттери Лиссабон экономика жана менеджмент мектебинде бир семестр билим алып, эл аралык тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алышкан.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоордун биринчи этабынын жыйынтыктарын талдап, экинчи этапты ишке ашыруу боюнча макулдашышты. Экинчи этапта окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу пландаштырылды.
Бул визит ОшТУнун эл аралык байланыштарын чыңдоодо жана европалык жогорку окуу жайлар менен кызматташууну кеңейтүүдө маанилүү кадам болуп саналат.