Ош технологиялык университетине Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын геологиялык изилдөө институтунун жана «Shandong Shanzuo Holding Group Co., Ltd.» компаниясынын өкүлдөрү кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү максатында расмий иш сапары менен келишти.
Келген коноктор менен ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев жетектеген курам жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан аймагында геологиялык чалгындоо, геологиялык съёмка жана пайдалуу кендерди издөө багыттарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Кытай тарап ОшТУнун геологиялык изилдөөлөр багытындагы илимий потенциалын жогору баалап, келечектеги кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен геологиялык чалгындоо компаниясын түзүү, тиешелүү лицензияларды алуу, ошондой эле заманбап геодезиялык жана картографиялык жабдууларды — анын ичинде учкучсуз учуучу аппараттарды, гидрографиялык өлчөө комплекстерин жана RTK системаларын колдонуу маселелери каралды.
Ошондой эле, кытай тарап кадрдык камсыздоо, адистердин квалификациясы жана жабдууларды өлкөгө алып кирүү маселелери боюнча университет менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.
Белгилей кетсек, бул демилге илим, билим берүү жана өндүрүш тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын геологиялык чалгындоо тармагын өркүндөтүүгө маанилүү салым кошот.