2026-жылдын 10–12-апрель күндөрү Өзбекстан Республикасынын Фергана мамлекеттик университетинде «Борбордук Азия: аймактык кызматташтыктын жана өнүгүүнүн келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чара Ош технологиялык университети менен биргеликте уюштурулду.
Конференцияга Афганистан, Нигерия, Россия, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын илимпоздору жана окумуштуулары катышып, аймактык кызматташтык жана өнүгүү маселелерин талкуулашты.
Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу институтунун Финансы жана кредит кафедрасынын профессору Убайдуллаев Мирланбек жана доцент Батыр уулу Алтынбек конференцияга активдүү катышып, илимий докладдарын сунушташты. Ошондой эле иш-чарага студенттер да катышышты.
Пленардык жыйынга профессор Убайдуллаев Мирланбек тең төрагалык кылып, конференциянын ишин уюштурууда активдүү роль аткарды.
Жыйынтыгында катышуучулар илимий пикир алмашуу жүргүзүп, аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча маанилүү сунуштар берилди. Ошондой эле 2027-жылы аталган конференция Ош технологиялык университетинде өткөрүлөрү белгиленди.











