Ош технологиялык университетинде Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы Консулдугунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Өзбекстан Республикасынын Консулу Болтаев Азамат Аминович жана консулдуктун кызматкери Хомиджонов Исроил Олимжонович катышты.
Жолугушуунун максаты — ОшТУда билим алып жаткан Өзбекстан Республикасынын жарандары менен баарлашып, алардын окуу процесси, жашоо шарттары жана миграциялык маселелер боюнча суроолорун талкуулоо болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттердин консулдук-укуктук колдоосу, мыйзам талаптарын сактоо жана университеттик чөйрөгө адаптация маселелери каралды. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго түз жооп алышты.
Жыйынтыгында тараптар студенттердин укуктарын коргоо жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.











