Урматтуу кыргызстандыктар!
Урматтуу Ош технологиялык университетинин эмгек жамааты жана студенттери!
Сиздерди 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Кыргыз тили — мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагы менен биримдигинин негизи жана көөнөрбөс руханий казынасы. Мамлекеттик тил макамын алган отуз алты жыл ичинде кыргыз тили татаал жана жемиштүү жолду басып өттү.
Тилибиз түптүү элдин, уюткулуу улуттун жана өнүккөн өлкөнүн мамлекеттик тили катары мындан ары да жогорку деңгээлге көтөрүлөт деп терең ишенем.
Өлкөбүздөгү бардык улуттар үчүн кыргыз тили жана маданияты ынтымактын, биримдиктин каражаты болуп, келечеги кең, түбөлүгү түз болсун!
Сиздерди терең урматтоо менен,
ОшТУнун ректору,
профессор Турсунбаев Жанболот Жанышович