ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаев менен Кыргыз-Кытай университетинин ректору Чжан Сюньчжи кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюшту. Бул Макулдашуунун максаты катышуучу жактардын ортосундагы академиялык, билим берүү, маданият жана башка өз ара кызматташуунун түрлөрүн аныктоо жана өнүктүрүү болуп саналат.
Кызматташуунун негизги багыттары:
1. Академиялык алмашуу, анын ичинен окутуу, илим изилдөө жана тараптардын кызыкчылыгын аныктаган жумуштун башка тармактары боюнча тажрыйба алмашуу, кесикөй окутуучуларды жана студенттерди алмашууну жана алмашуу механизмин түзүү;
2. Административдик кызматташууда тажрыйба алмашуу үчүн мобилдүүлүк программасын иштеп чыгуу;
3. Биргелешкен билим берүүчү жана изилдөөчү программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, дем берүү;
4. Изидөөлөрдү жана басылмаларды биргеликте ишке ашыруу;
5. Конференцияларды, семинарларды, форумдарды ж.б. колдоо жана биргеликте уюштуруу жана өткөрүү;
6. Окуу жана практикалык материалдарды иштеп чыгуу жана алмашуу ж.б.
ОшТУда Лиссабон университетинин профессору эл аралык семинар өттү
Ош технологиялык университетинде Бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасы тарабынан ишке ашырылып жаткан Эразмус+ долбоорунун алкагында Португалиянын ТОП 500гө кирген...











