Факультеттеги даярдалып жаткан адистердин багыттарын эске алып Экономикадагы колдонмо информатика кафедрасы ректордун 2019–жылдын 1–ноябрындагы №09-04/274 буйругуна ылайык өзгөртүлүп Бизнес-информатика жана маалыматтык экономика (БИМЭ) кафедрасы деп бекитилген. 2019-жылдын май айынан бери бул кафедраны э.и.д., профессор А.М. Ташбаев жетектеп келет.
Азыркы күндө кафедра 580500- «Бизнес информатика» (БИ) багыты жана 650003- «Экономикадагы колдонмо информатика» (ЭКИ) адистиги боюнча бакалаврларды даярдоодо жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын камсыз кылуу менен окуу, окуу-усулдук, окуу-уюштуруучулук, илим – изилдөө жана практикалык ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.
580500 “Бизнес – информатика” даярдоо багыты боюнча ишке ашырылып жаткан билим берүү программасынын актуалдуулугу экономиканы жана башкарууну өнүктүрүүнүн заманбап тенденциялары жана татаал маалыматтык системаларды, башкаруу системаларын уюштуруу, бизнесте жана мамлекеттик башкарууда логистикалык моделдерди куруу менен натыйжалуу алектенүүгө жөндөмдүү квалификациялуу кадрлардын курч жетишсиздиги менен шартталган.
580500 — “Бизнес-информатика” багыты боюнча кафедрада бакалаврларды даярдоодо “электрондук бизнес” (2012-ж.), “финансы-банк чөйрөсүндөгү маалыматтык коопсуздук” жана “МКТ менеджер” (2023-24-окуу жылы) профилдери боюнча кесиптик ишмердүүлүккө багытталган жана жакынкы келечекте “Экономикадагы электрондук башкаруу” профили боюнча студенттерди кабыл алуу жана даярдоо пландаштырылууда.
Тиешелүү профилдеги ОКБ же ЖКБ бар адамдарга кафедра жана ОшТУ мурунку билим берүүнүн жана окутуунун натыйжаларын таанууну эске алуу менен тездетилген программалар боюнча билим берүү программаларын өздөштүрүүгө укук берет.
Кафедра КР башка жогорку окуу жайларынын профилдик кафедралары, шаардык салык жана бажы кызматы, алдыңкы коммерциялык банктар, Ош шаарындагы, Ош облусундагы мамлекеттик жана жеке ишканалар менен тыгыз байланышта жана жыл сайын тегерек столдорду, семинарларды, талкууларды жана өндүрүштүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп турат. Иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү чакырылган адистер катары системалуу түрдө практикалык сабактарды өткөрүшөт.
“Бизнес-информатика” жана “Колдонмо информатика” багыттары боюнча студенттердин мобилдүүлүгүн колдоо максатында УРГЭУ (РФ), КЭУ, КМТУ, КГУСТА, КГМУ, ФерПИ ж. б. университеттер менен келишимдер түзүлдү.
2024–жылдын аягында бекитилген 580500 “Бизнес–информатика” бакалаврларын даярдоо багыты принципиалдуу жаңы болуп саналат, алардын суроо-талабы Кыргыз Республикасында экономиканын ар кандай секторлорунда МТ-чөйрөсүн активдүү өнүктүрүү менен байланышкан, бул үчүн маалыматтык системалар (МС) жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ), санариптик экономикадагы жогорку деңгээлдеги кадрлар зарыл.
Бизнес-информатика бакалавры экономика жана менеджмент жаатында да, маалыматтык системалар жана технологиялар чөйрөсүндө да терең билим алат, заманбап татаал шарттарда инновациялык долбоорлорду ишке ашыра алат.
Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын негизинде бизнести башкаруу ыкмаларын билген экономисттерди, маркетологдорду, менеджерлерди, финансисттерди даярдоо төмөнкүдөй кесиптик ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн зарыл: системалык аналитик; Бизнес –консультант; Экономист; Логист; Долбоордун менеджери; Тармактык менеджер; Бизнес-технологиялар боюнча адис; МС жана МКТ менеджерлери ж. б.
Бүтүрүүчүлөр кредиттик уюмдарда; банк мекемелеринде; мамлекеттик структураларда; камсыздандыруу жана туристтик компанияларда; өндүрүш ишканаларында; IT компанияларында; кызмат көрсөтүү жана соода чөйрөсүндө жана жеке ишканаларда суроо-талапка ээ.
Кафедранын бүтүрүүчүлөрүн Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында, Бишкек, Ош шаарларында, чет өлкөлөрдө (Россия, Казакстан, Өзбекстан ж.б.) экономист, менеджер, аналитик, ишкана жана бизнес жетекчилери болуп иштеп жатышат. Бүтүрүүчүлөрдүн арасында илимдин кандидаттары, доценттер – КР ЖОЖдорунда окутуучу болуп эмгектенишет.
Учурда кафедрада э.и.д., профессор -А.М.Ташбаев, ф-м.и.к., доцент, ОшТУнун профессору- А.Ж.Артыков, ф.-м.и.к., доцент -Ж.Ш.Орозмаматова, 3 ага окутуучулар- Атабаев С.К, Курманалиева Г.С., Маатов К.М., 4 окутуучу- Анашова Ч.Ж., Жакшылык кызы Г., Жамшитбек кызы Э., Талантбек уулу Т. Кафедрада э.и.к., доценттин м.а. Ташибеков Т.Ч. айкалыштырып иштейт.
Окутуучулар Курманалиева Г.С., Атабаев С.К., Маатов К.М. илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертациялык изилдөөлөрүн аякташты. Мында Г.С. Курманалиеванын диссертациясын 28-жылдын 2025-февралында 05.13.18-математикалык моделдөө, сандык методдор жана программалардын комплекстери адистиги боюнча физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын ийгиликтүү коргоду. Атабаев С.К. 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (математика) адистиги боюнча диссертациясын жактоого сунуштады. К.М. Маатовдун 08.00.13 – Экономикадагы математикалык жана инструменталдык методдор адистиги боюнча диссертациясы университеттин кафедраларында жана профилдик мекемелерде талкуудан өтөт.
Кафедранын окуу-усулдук эмгектери
№ | Окуу-усулдук эмгектер | Авторлор | Жарык коргон жылы |
1 | Финансылык эсептөөлөрдүн негиздери. Окуу-методикалык колдонмо | Ташбаев А.М.,
Курманалиева Г.С. |
ОшТУ, 2019 ж.
–64 б. |
2 | Студентке кеп-кеңеш. Окуу-маалыматтык колдонмо | Ташбаев А.М.,
Маатов К.М.
|
ОшТУ,
2019 ж. -86б. |
3 | Компетентностная модель подготовки выпускников вузов и разработка основных образовательных программ: Методическое пособие | Ташбаев А.М.
|
ОшТУ, 2019 г.
– 176 б |
4 | Сборник задач по экономическому анализу.Учебно-практическое пособие. | Осмоналиева Д.А., Ташбаев А.М. | ОшГУ, 2020 г.
–149 б.
|
5 | Маалымат технологиялары: лекция жана лабораториялык жумуштар (окуу-методикалык колдонмо) | Маликов А.А.,
Ташбаев А.М. |
Ош
2021.-100 б. |
6 | Финансылык сабаттуулуктун негиздери. Окуу колдонмо | Ташбаев А.М., Зикираев М.Т.,
Парпиева Ф.С |
ОшТУ, 2021 г.
–144 б. |
7 | Интегралдык эсептөөлөр окуу куралы | Артыков А.Ж.,Зулпукаров Ж.А., Алиева Ж.А.., Орозмаматова Ж.Ш. | ОшТУ 2023 ж
-132 б |
8 | Маалыматтар базасы жана SQLде программалоо предмети боюнча практикалык сабактарды өтүүдө студенттер үчүн усулдук көрсөтмө | Орозмаматова Ж.Ш.,
Ташибеков Т.Ч. |
ОшТУ, 2023.
-63 б |
9 | Жогорку математика сабагынан текшерүү иштердин варианттары жана аларды аткаруу үчүн усулдук көрсөтмө | Ташбаев А.М., Курманалиева Г.С. | ОшТУ, 2024
-120б |
Кафедранын окутуучуларынын изилдөө тематикасы
№ | Изилдөөнүн темасы | Изденүүчүнүн, аспиранттын, докторанттын
аты- жөнү |
Илимий жетекчинин (кенешчинин) аты-жөнү | Адистиги | Пландагы коргоонун датасы |
1 | Жогорку билимдуу адистерди даярдоо процессинде математикалык маданиятты калыптандыруунун дидактикалык маселелери | Атабаев С.К. | п.и.д., профессор Алиев Ш. | 13.00.12-окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (математика) | 2024-2025-жж. |
2 | “Нерв талчаларындагы потенциалдын таркалуусунун түз жана тескери маселесинин сандык чечимин түзүү”. | Курманалиева Г.С. | ф-м.и.д., профессор Сатыбаев А.Ж. | 05.13.18 Математикалык моделдер, сандык усулдар жана программалар комплекси” | 2024-2025-жж. |
3 | Айыл чарба секторунда эки баскычтуу маселелерди чечүү үчүн математикалык моделдерди түзүү жана методдорун иштеп чыгуу | Маатов К.М. | ф-м. и. д. профессор Жусупбаев А. Ж. | 08.00.13 «Экономикадагы математикалык жана инструменталдык усулдар» | 2025-2026-ж.ж. |
4 | Санариптештируу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулашынын фактору катары. | Жакшылык кызы Г. | э.и.д., проф.
Ташбаев А.М. |
08.00.05. Экономика жана эл чарбасын башкаруу | 2026-2027-жж. |
5 | Заманбап уюштуруучулук жана социалдык-экономикалык технологиялардын негизинде жогорку окуу жайлардын кызматкерлеринин эмгегин башкаруу | Анашова Ч.Ж. | э.и.д., проф.
Ташбаев А.М. |
08.00.05. Экономика жана эл чарбасын башкаруу | 2026-2027-жж. |
Материалдык-техникалык база
Кафедранын компьютердик класстарында 20 компьютер бар. Анын 10 даанасы 2020-жылы жаны Intel Core i-3 LCD “AOC”21,5 маркасындагы компьютерлерге алмаштырылды жана кошумча 1 даана жаңы Acer-113 P проектору орнотулду. Мындан тышкары 1 даана интерактивдүү сенсордук панель, “Acer E5-573 G” Intel Core i-3 ноутбугу колдонууга берилген.
Аудитория | Аталышы | Даана |
511 (кафедра) | Intel Core i-3 LCD “Acer”21,5
“Acer E5-573 G” Intel Core i-3 Canon 3в1 принтер |
2
1 1 |
502 | Intel Core i-3 LCD “AOC”21,5 | 10 |
506 | Intel Core i-3 LCD “AOC”21,5
Benq 220 проектор |
10
1 |
507 | Acer-113 P проектор | 1 |
502 | Интерактивдүү сенсордук панель | 1 |
Биздин студенттер окуудан сырткары кружокторго, конкурстарга, стартап проекттерге жана маданий иш чараларга активдүү катышып, байгелүү орундарды алып келет. Эл аралык иш чаралардын биринде БИ-1-21 тайпасынын студенти Акбарали кызы Нургүл биринчи даражадагы диплом менен “Bilim-orkenieti” улуттук инновациялык илимий-изилдөө борбору жана “Жаңа Казакстан” республикалык инновациялык борбору менен биргеликте уюштурган Көз карандысыз Мамлекеттердин студенттеринин арасындагы “КМШнын мыкты студенти”эл аралык сынагынын жеңүүчүсү болуп сыйланды.
“Бизнес & IT” ийрими – бул Ош технологиялык университетинин Бизнес-информатика жана маалыматтык экономика кафедрасынын аллында түзүлгөн студенттик ийрим. Ал бизнес жана санариптик технологиялар жаатында билим алууну каалаган студенттер үчүн түзүлгөн.
Кружоктун максаты:
- Студенттердин бизнес чөйрөсүндө IT инструменттерин колдоно билүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү.
- Санариптик сабаттуулукту жогорулатуу, инфографика түзүү, графикалык программалар менен иштөө, маркетинг стратегияларын иштеп чыгуу.
- Студенттерди санариптик маркетинг, таргетинг жана бизнес-долбоорлорду башкарууга практикалык түрдө даярдоо.
Сабактын темалары (2024-2025-окуу жылы):
- Информатика, техникалык коопсуздук жана компьютердик түзүлүштөр – компьютердик коопсуздуктун жана техниканын негиздери.
- Тез текст терүү ыкмалары – клавиатура менен ылдам иштөөнү үйрөнүү.
- Презентациялык инфографика түзүү – маалыматты визуалдык жактан натыйжалуу чагылдыруу.
- Презентацияны туура жасоо – сапаттуу жана таасирдүү презентация даярдоо ыкмалары.
- Маалыматтык маркетинг – IT технологияларын колдонуп бизнес тармагында илгерилетүү.
- SMM (Социалдык тармак маркетинги) – социалдык медиада брендди жайылтуу стратегиялары.
- Таргетинг менен иштөө – Facebook, Instagram, VK, TikTok платформаларында жарнамалык кампанияларды жөнгө салуу.
- Графикалык колдонмолор менен иштөө – логотип, бренд-бук жана визуалдык контент түзүү.
Иш форматы:
- Лекциялар жана практикалык сабактар.
- Топтук сынактар жана жарыштар.
- IT жана бизнес тармагында мини-долбоорлорду ишке ашыруу.
- Сертификаттар жана мыкты студенттерге сыйлыктар.
Кружоктун жетекчиси:
Талантбек уулу Тариел
Кафедранын документтери:
- Бизнес-информатика билим берүү программасын өздөштүрүүнүн пландалган натыйжалары
- Тарбия иштери
- Практикалык келишимдер
- Бүтүрүүчүлөр боюнча маалымат
- БИжМЭ каф-дагы мобилүүлүк жана жетишкендиктер боюнча мааламат
- БИжМЭ кафедрасынын материалдык-техникалык базасы
- Эл аралык жана республикалык долбоорлор
- Илимий-изилдөө иштери
- Негизги билим берүү программасы (НББП)
- БИжМЭ кафедрасынын иш планы
- БИжМЭ жыйындарды өткөрүү планы
- Проктика боюнча маалымат
- Өндүрүштүк практика
- Программа окуу практикасы
- Абитуриенттер менен иштөө
- Дипломго чейинки практика
- Иш берүүчүлөр менен кызматташтык
- Окуу планы 2023 (сырттан окуу)
- Кафедранын окутуучулары даярдаган окуу-усулдук эмгектер
- Окуу планы 2023 (күндүзгү)
Кафедранын курамы:
Ташбаев Азизбек Мазанович – «Бизнес-информатика жана маалыматтык экономика» кафедрасынын кафедра башчысы, э.и.д., профессор
Тел.: 0555886002
Е-mail: atashbaev@mail.ru
Артыков Аамат Жакышович – ф-м.и.к., ОшТУнун проф.
тел: 0553973233
Е-mail: aamat62@mail.ru
Орозмаматова Жыпаргул Шермаматовна – ф-м.и.к., доцент
тел: 0772811807
Е-mail: Jypar75@mail.ru
Атабаев Султанмахмуд Коңурбаевич – улук окутуучу
тел. +996(551)555 411
Е-mail: atabaev.70@list.ru
Курманалиева Гульзат Салыевна – улук окутуучу
тел: 0773469969
Е-mail: gulzat-kurmanalieva@mail.ru
Маатов Кенешбек Максатович – улук окутуучу
тел: +996779727610, +996553748684, +996703748684;
Е-mail: Maatov.k.m@mail.ru
Анашова Чыныгул Жолдошбаевна – окутуучу
тел: 0770209115, 0707168403
Е-mail: Chynygul.anashova@mail.ru
Жакшылык кызы Гулайым – окутуучу
тел: +996777666909, +996708261794
Е-mail: gulaiym.92kg@mail.ru
Жамшитбек кызы Элиза – окутуучу
тел: 0779094238
Е-mail: Zhamshitbekovae@bk.ru
Талантбек уулу Тариел – окутуучу
тел: +996550150694,
Е-mail: tariel150694@gmail.com