
Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасы
Кафедра башчысы, б.и.к., доцент Аматов Ысабек Козанович
Дареги: Кыргызстан, Ош шаары, Исанов көчөсү – 81, 1-корпус, 101а-кабинет
Тел: 0552 642 330, 0772 642 330.
E-mail– isa 2866@ mail.ru;
Кафедранын курамы:

Джапарова Шакархон – х.и.к., доцент, ОшТУ нун профессору
Е-mail: shekerhan.sahar@gmail.com
Тел: 0776 45 33 05-0554 45 33 05

Аттокуров Айбек Токтосунович – б.и.к., доцент
Е-mail: attokurov@mail.ru
Тел:0772 94 78 90.

Авазбек уулу Акбуура – окутуучу, экология магистри
Е-mail: avazbekov96@inbox.ru
Тел: 0220 63 77 54

Арстанова Айтолкун Адылбековна — окутуучу, биология магистри
Е-mail: cherry.chocolat@list.ru
Тел: 0709 49 69 59

Сапарбаев Султанбек Тагайбекович – окутуучу
Е-mail: sultansaparbaev833@gmail.com
Тел:0222 53 96 09.

Калыкова Жибек Бактыбековна – лаборант
Е-mail: zhibekkalykova90@gmail.com
Тел:+996709680502
🏛️ Кафедранын кыскача тарыхы
«Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо» кафедрасы Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин алдында 1998-жылы ОшТУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими жана 15.06.2000 ж. № 4 лицензиясынын негизинде уюштурулган. Кафедрада Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашылган, КУУнун УОК стандарттарына ылайык экология жана жаратылышты пайдалануу багыттары боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдоо үчүн бекитилген окуу пландары бар. Бул пландарда окутула турган дисциплиналардын керектүү көлөмү, ырааттуулугу, семинардык, практикалык жана лабораториялык сабактардын методикалык камсыздоосу иштелип чыккан. Окуу пландары ОшТУнун Окумуштуулар кеңешинде каралып, КУУ алдындагы УОКко сунушталып, КР БИМде макулдашылган.
🎓 Даярдоо багыттары
Кафедра адистерди төмөнкү багыттар боюнча даярдайт:
БАКАЛАВРИАТ
- 520800 «Экология жана жаратылышты пайдалануу» – инженер-экологдор
- Академиялык даражасы: бакалавр
- Окуу формасы: күндүзгү жана сырттан окуу
- Окуу мөөнөтү: 4 жыл жана 5 жыл
- Окуу акысы: бюджеттик жана контракттык
- Документтерди кабыл алуу: Жалпы республикалык тестирлөөнүн жана биология боюнча кошумча тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде
- 730100 «Токой иши жана ландшафттык курулуш»
- Окуу формасы: күндүзгү жана сырттан окуу
- Окуу мөөнөтү: 4 жыл жана 5 жыл (сырттан окуу формасы үчүн)
- Окуу акысы: бюджеттик жана контракттык
- Документтерди кабыл алуу: Жалпы республикалык тестирлөөнүн жана биология боюнча кошумча тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде
МАГИСТРАТУРА
- 520800 «Экология жана жаратылышты пайдалануу» – инженер-экологдор
- Академиялык даражасы: магистр
- Окуу формасы: күндүзгү жана сырттан окуу
- Окуу мөөнөтү: 2 жыл жана 3 жыл
- Окуу акысы: контракттык
🔬 Кафедранын илимий ишмердүүлүгү
Кафедранын илимий-изилдөө ишинин темасы: «Кыргызстандын түштүгүнүн заманбап экологиялык көйгөйлөрү».
Кафедранын окумуштуулары жана окутуучулары Кыргызстандын экологиялык көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Кыргызстандын токойлорунун негизги зыянкечтеринин жана илдеттеринин санынын динамикасын изилдөө боюнча чоң иштер аткарылган. Кыргызстандын жаңгак-мөмө жана арча токойлорунун зыянкечтеринин жана илдеттеринин негизги курамы аныкталган. Жаңгак-мөмө токойлорунун негизги илдеттери жана зыянкечтери изилденип, кристалл түзүүчү бактериялардын жергиликтүү штаммдарынын жана ядролук полиэдроз вирусунун негизинде зыянкечтерге каршы күрөшүүнүн биологиялык ыкмалары иштелип чыгып, токойду коргоо практикасына киргизилген.
Кафедранын илимий-изилдөө иштеринин негизги багыттары:
- кафедранын профилдик тематикасы боюнча ар кандай булактардан каржыланган фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- докторлук жана кандидаттык диссертацияларды даярдоо;
- студенттердин жана аспиранттардын илимий-изилдөө иштери;
- монографияларды, макалаларды, илимий эмгектердин жыйнактарын даярдоо жана жарыялоо;
- илимий иш-чараларды (конференциялар, семинарлар, «тегерек столдор» ж.б.) уюштуруу жана өткөрүү.
Акыркы жылдары кафедранын окутуучулары педагогикалык чеберчилигин жана илимий-теориялык потенциалын жогорулатуу, ошондой эле кафедранын дисциплиналарын окуу-методикалык адабияттар менен камсыздоону жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул үчүн ар бир окутуучу өз дисциплиналары боюнча методикалык колдонмолорду, окуу куралдарын, окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу үстүндө иштеп жатат. Кафедра түзүлгөндөн бери кызматкерлер тарабынан 4 китеп, 20 окуу-методикалык иштеп чыгуулар, 150дөн ашык илимий макалалар даярдалып, 4 окуу китеби, илимий-популярдуу китептер жана монографиялар басып чыгарууга даярдалган.
🎯 Кафедранын максаты жана милдеттери
Кафедранын максаты:
- Бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтүү кесиптик ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон жалпы маданий, жалпы кесиптик жана кесиптик компетенцияларды калыптандыруунун негизинде бакалавриат жана магистратура билим берүү программаларын ишке ашыруу.
Кафедранын милдеттери:
- Кафедранын жана университеттин интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу, кафедранын илимий-изилдөө базасын өнүктүрүү, профессордук-окутуучулук курамдын кесипкөйлүгүн жогорулатуу;
- Окутуунун инновациялык методдорун киргизүү жана прогрессивдүү билим берүү технологияларын колдонуу.
✈️ Чет өлкөдө стажировкадан өткөн студенттер (бүтүрүүчүлөр)
- Авазбек уулу Акбуура
- Биймамат уулу Уланкадыр
- Женыш кызы Алтынай
- Нурмаматов Сыймык
- Нажимидин кызы Кумушай
🌍 Долбоордук ишмердүүлүк
Кафедранын көптөгөн окутуучулары жана студенттери UICLAND (жердин деградациясы боюнча) сыяктуу эл аралык программалардын жана долбоорлордун катышуучулары. Кафедранын көпчүлүк окутуучулары жана кызматкерлери эл аралык уюмдардын сертификаттарына ээ жана ар кандай курстарга, семинарларга жана презентацияларга катышышкан.
Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен аткарылып жаткан долбоордун алкагында кафедранын кызматкерлери: а.и.д. Шамшиев Б.Н., Тешебаева З.А. жана Калыкова Ж.Б., ошондой эле кафедранын студенттери Европанын чет өлкөлөрүндөгү (Италия, Казакстан, Кытай, Хорватия, Словакия) алдыңкы ЖОЖдордун жайкы мектептеринде стажировкадан өтүшкөн. Кафедра онлайн «Workshops» семинарларына активдүү катышып, «Кыргызстандын жерлеринин деградациясы» деген темада веб-семинар өткөргөн.
