Ыдырысов Рамис Жумабекович – ТИжСӨД директору
Коомдук илимдер кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты, доцент
Туулган жылы: 23.07.1988ж.
Байланыш маалыматтары: 0777 144 124, presseoshtu@mail.ru
Департаменттин негизги милдети жаштарга адеп-ахлактык-укуктук, патриоттук, интернационалдык, жарандык жана дене тарбиясын жүргүзүү, студенттердин өз алдынчалыгын жана өз алдынча башкарууга умтулуусун арттыруу, ОшТУда жаштар саясатын өркүндөтүү болуп саналат.
Департамент төмөнкү багытта иштерди жүргүзөт:
- студенттерге жалпы адамзаттык баалуулуктарды, улуттук каада-салттарды урматтоо сезимин калыптандыруу, каада-салттарга, мамлекеттик символдорго, демократиялык жетишкендиктерге аяр мамиле жасоого тарбиялоо;
- этикалык, эстетикалык жана экологиялык билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу;
- демократиялык духта тарбиялоо;
- студенттердин диний-экстремисттик топторго кошулуусуна бөгөт коюу;
- коомдук турмуш гана өзгөчө көңүл бурууга татыктуу, ошондой эле оюн-зоок, маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруу, жаштардын бош убактысын жана эс алуусун уюштуруу, жаштардын демилгелүү борборлорун, студенттик клубдарды жана мектептерди, дебат борборлорун, ишеним телефондорун, клубдарды жана ийримдерди түзүү;
- студенттик жатакананын социалдык-турмуштук шарттарын жакшыртуу.
- Социалдык жактан коргоого муктаж болгон кызматкерлерге жана студенттерге социалдык колдоо көрсөтүү:
Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн курамы:
- Жаштар иштери боюнча комитети – төрагасы Мамасалы уулу Нурмухаммед – 0772448308
- Институттардын директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары;
- “Жаштык” телестудиясы – директор Эргешова Асылзат Бакытбековна – 0556655056
- «Stud times» гезити;
- маданий эстетикалык борбору – жетектөөчүсү Өскөнбаев Чолпон, 0709909007
- студенттердин үйү;
- студенттердин ашканасы жана буфети;
- ОшТУнун Аялдар Кеңеши жана ОшТУнун Кыздар Кеңеши.
Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгын төмөнкүлөр башкарган:
- Тургунбаев Сабыр т.и.к., доцент (1993-1995);
- Назаров Мухамед Мадаминович п.и.д., доцент (1995-1996);
- Аттокуров Урмат Төлөгөнович техника илимдеринин кандидаты, доцент (1996-1998);
- Каримова Минара (1998-2002);
- Сагындыкова Адепкан Апсаматовна (2002-2004);
- Онкошова Гүлнара Калмаковна (2004-2007);
- Арзиматов Азизбек Кабылович (2007-2009);
- Токтогулов Таалайбек Садыкович (2009-2014);
- Пакирдинов Рустам Рахматуллаевич (2014-2016);
- Ыдырысов Рамис Жумабекович (2016);
1-курстун чет өлкөлүк студенттери үчүн адаптация программасы (PDF)
ОшТУдагы студенттик тайпалардын кураторлору жөнөндө (PDF)
Льгота ОшТУ 2024:

«Жаштык» телестудиясы
Ош технологиялык университетинин «Жаштык» телестудиясы Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын арасында эң алгач түзүлүп, эфирге чыга баштаган телестудия. Ал 1996-жылы окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен түзүлүп, Ош облустук юстиция башкармалыгы тарабынан массалык маалымат каражаты катары күбөлүк алган.
“Жаштык” телестудиясы жалпы студенттердин жана жаштардын эстетикалык табитин жогорулатуу, кругозорун өстүрүү, алардын билим деңгээлин жана окуу жайда болуп жаткан иш чараларды, ар жумалык жаңылыктарды коомчулукка ачык-айкын чагылдыруу максатында уюшулган. Университеттин ийгилик-жетишкендиктерин, студенттердин социалдык турмушун, көйгөйлүү маселелерин жана окуу жайда болгон ар жумалык жаңылыктарды эфирде көрсөтүп, студенттердин маданий эс алуусуна көмөктөшкөн ар түрдүү кызыктуу телеберүүлөрдү даярдайт. Алдыңкы, мыкты окутуучулардын лекцияларын, практикалык, лабораториялык сабактарын эфирге даярдоо менен аларды студенттердин пайдалануусу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Окуу жайда журналистикада, телевидениеде, жалпы эле массалык маалымат каражаттарында иш алып барууга кызыкдар студенттердин көпчүлүгү телестудия менен бирге иш алып барышат. Телестудияда кызыгуучулар үчүн монтажердук, оператордук жана диктордук үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн. Студенттер өздөрү кызыккан ар түрдүү, пайдалуу жана кызыктуу көрсөтүүлөрдү, роликтерди даярдашат.
“Жаштык” телестудиясы ОшТВ, ЭлТР, 7-канал, Ынтымак ТВ, УТРК, ОшПирим, Пирамида ТВ телеканалдары, Ош шамы, Ош жаңырыгы, Эркин тоо, Кут билим басылмалары, Bilim.akipress.kg, Kabar.kg, Aimaknews.kloop.kg, Barakelde.kg интернет сайттары менен тыгыз байланышта иш жүргүзөт.
“Студ times” гезити, “Универ KG” журналы
“Студ times” гезити 2003-жылдын 24-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинен массалык маалымат каражаты катары каттоодон өткөн. 2003-жылы гезитти “Кыргыз жана орус тилдери” кафедрасынын ага окутуучусу Айнагүл Аматова жетектеген. 2003–2004-жылдары Куштарбек Кимсанов, 2004–2005-жылдары Нургазы Ташиев, 2005-2008-жылдары Атакул Жалилов, ал эми 2009-2025- жылдары Эркинбай Бакиров жетектеп, ал эми 2025-жылдан баштап гезиттин башкы редактору катары Биймамат уулу Шахназар эмгектенүүдө.
Алгач гезит Ош облустук басмаканасынан ак-кара түстө 4 бет болуп, 1000 даанада жарык көрсө, азыркы күндө Бишкектеги көз карадандысыз “ММКны колдоо борборунун” басмаканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде 1500 даанадан 5000 даанага чейин түстүү, 8 бетте чыгарылууда. Ошондуктан, “Студ times” гезити түштүк Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын эң популярдуу жана мазмундуу гезити болуп саналат.
Бүгүнкү күндө «Студ times» гезитине ОшТУнун жаңылыктары, дүйнөлүк жана өлкө жаңылыктары, студенттердин, мугалимдердин илимий иштери, чыгармалары, макалалары, ырлары, ар тараптуу назик ойлору, купуя сезимдери, көйгөйлүү маселелери жана окуу жайдын илимий чөйрөсүндө болуп жаткан окуялар, ийгилик-жетишкендиктер, стратегиялык пландар жана кемчиликтер кеңири жарыяланат.
“Жаштык” телестудиясынын кызматкерлери:
Эргешова Асылзат Бакытбековна – «Жаштык» телестудиясынын директору
Байланыш телефону.:+996775027520
WhatsApp: .:+996550300123
Telegram: +996557027520
Email – почтасы: asylzatergeshova97@mail.ru
Бакиров Эркинбай Ниматиллаевич—монтажер
Байланыш телефону.: +996771870900
WhatsApp: +996771870900
Telegram: +996771870900
Email – почтасы: oshtvtrk@gmail.com
Биймамат уулу Шахназар — «Студ times» гезитинин редактору
Байланыш телефону.: +996773386236
WhatsApp: +996773386236
Telegram: +996773386236
Email – почтасы: shahnazarbiimamat@gmail.com
Эмилбек уулу Муктарбек -оператор
Байланыш телефону: +996505021304
WhatsApp: +996505021304
Telegram: +996505021304
Email – почтасы :muktarbekemilbekuulu9@gmail.com
Урустамов Эрбол Алманбетович —оператор
Байланыш телефону: +996709130961
WhatsApp: +996709130961
Telegram: +996709130961
Email – почтасы: erbol1kg@gmail.com
Өскөнбаев Чолпон Курстанбекович – МЭБнун музыкалык секциясынын жетекчиси КРнын маданиятынын мыкты кызматкери КРнын эл аралык конкурс-фестивалдарынын лауреаты туулган жылы: 11 сентябрь 1980ж.
Email: oskonbaev555@mail.ru
моб. тел: 0709 90 90 07
Ош технологиялык университетинин Маданий-эстетикалык борбору – 1994 жылы уюштурулган. Маданий-эстетикалык борбор жалпы эле студент жаштардын адеп-ахлактык, руханий, эстетикалык табитин жогорулатуу, инсандын жалпы маданиятын өнүктүрүү, кызыгууларын эске алуу менен чыгармачылыгын калыптандыруу, алардын чыгармачылык жетишкендиктерин пропагандалоо, эстетикалык керектөөсүн табуу жана эстетикалык ишмердүүлүккө кошуу максатында уюштурулган. Азыркы учурда маданий-эстетикалык борбордо төмөнкү ийримдер иштейт:
- Элдик фольклор (комузчулар, чопо чоор, темир ооз комуз, добулбас, аса таяк, шылдырак, тай туяк ж.б.)
- Элдик вокал (акындык, айтыш, манасчы, дастанчы, акыйнек, куудулдук, чечендик ж.б).
- Эстрадалык вокал (техно, поп, рок-н-ролл, джаз, реп ж.б.)
- Бий (элдик бийлер, чыгыш бийлер, классикалык бийлер, заманбап бийлер)
Бүгүнкү күндө маданий-эстетикалык борбордо студенттер үчүн бардык шарттар түзлүп берилген. Борбордо ийримдерден сырткары куудулдар театры, КВН, диктордук алып баруучулар студиясы иштөөдө.

ОшТУ Жаштар комитети
Кадырбеков Элтуран Алтынбекович – Жаштар комитетинин төрагасы
Туулган жылы: 05.03.2002ж.
телефону : +996 (707) 882-626
электрондук дареги: altynbekovelturan@gmail.com
instagram: altynbekov_elturan
Студенттерге укуктук, адептүүлүк, патриоттуулук, интернационалдык, атуулдук жана дене тарбия берүү, студенттердин өз алдынча болуусун өнүктүрүү, аларды өзүн-өзү башкарууга багыттоо жана жаштар саясатын өнүктүрүү максатында, М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде төмөндөгү жумуштарды такай жүргүзүү зарыл:
- Студенттерде адамзаттык баалуулуктарды, улуттук салт-санааларды урматтоо сезимдерин калыптандыруу, аларды мамлекеттик символикаларга, каада-салттарга, демократиялык жетишкендиктерге аздек мамиле кылууга тарбиялоо;
- Этикалык-эстетикалык жана экологиялык тарбиянын деңгээлин жогорулатуу;
- Демократиялык духта тарбиялоо;
- Студенттердин диний-экстремисттик топтордун катарына кирип кетүүсүнө жол бербөө;
- Бардык деңгээлдеги жетекчилердин жана студенттердин арасында тыгыз байланыш түзүү, алардын ортосунда болгон жолугушууларда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын өзгөчө көзөмөлдөө;
- Жаштардын коомдук турмушуна өзгөчө көңүл бөлүү, алардын бош убактыларын жана эс алууларын пайдалуу өткөрүү үчүн көңүл ачуучу, маданий-массалык, спорттук иш чараларын уюштуруу, жаштардын демилгечи борборлорун, студенттик клубдарды жана мектептерди, дебаттык борборлорду, ишеним телефондорун, алардын кызыгуусу боюнча ийримдерди түзүү;
- Жаштар саясатын жүргүзүү.
- Студенттердин интелектуалдык жана руханий жактан өстүрүү.
2025-2026 окуу жылына пландалган иштер
Жаштар комитетинин курамына төмөндөгүлөр кирет:
- Студенттик акыйкатчы аппаратынын төрайымы: Турдумаматова Бермет
- Кыздар кеңешинин төрайымы: Канатбек кызы Акдаана
- ЭжБФ ЖК төрагасы: Кадырбеков Уран
- ТжЖПФ ЖК төрагасы: Авасбеков Актилек
- ТжЖПФ КК төрайымы: Тыныбекова Айсулуу
- ЭФ ЖК төрагасы: Абдураимов Ибрагимбек
- ЭФ КК төрайымы: Кубатали кызы Диана
- АУжТТФ ЖК төрагасы: Касымалиев Ырыскелди
- АУжТТФ КК төрайымы: Эргешбайева Айкөкүл
- АжКФ ЖК төрагасы: Тыналиев Айбек
- АжКФ КК төрайымы: Аланталиева Акбермет
- ТТФ ЖК төрагасы: Орунбаев Баяман
- ТТФ КК төрайымы: Айдарбекова Фатима
- КжМТФ ЖК төрагасы: Жапаров Актанбек
- КжМТФ КК төрайымы: Рашитбекова Гулмира
- ГТК ЖК төрагасы: Алишеров Абсамат
- ГТК КК төрайымы: Айдаралиева Альбина



ОшТУнун Социалдык жана психологиялык колдоо борбору
Борбордун жетекчиси:
Кедейбаева Жамал Арстаналиевна
философия илимдеринин доктору, профессор
E-mail: Kedeybaeva1976@mail.ru
Тел.: +996 556 949 488
Маматова Мира Жанибековна
Психолог
Тел: +996777298313
mamatovam553@gmail.com
Кабинет 2/127
Кызматкерлер:
Социолог: Аккожоева Айназик Канатбековна
E-mail: Akkozhoeva@gmail.com
Тел.: +996 774 193 327
Социолог: Адилбек уулу Бегибай
Тел.: +996 776 010 203
Борбор студенттердин жашоо сапатын жакшыртууга, инклюзивдүү жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга, ошондой эле турмуштук кыйын кырдаалга туш болгон студенттерди социалдык жана психологиялык жактан колдоого багытталган комплекстүү ишмердүүлүктү жүргүзөт. Борбордун иши консультативдик, социалдык-психологиялык жана агартуучулук багыттарды бириктирет.
Биз университеттин социалдык чөйрөсүндөгү процесстерди изилдеп, студенттердин адаптациясы менен жыргалчылыгына таасир эткен факторлорду талдайбыз. Мониторингдердин жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктары ОшТУдагы тарбиялык жана билим берүү иштерин өркүндөтүүгө колдонулат. Аталган маалыматтардын негизинде студенттердин өнүгүүсүнө жана ийгиликтүү окуу шарттарын түзүүгө багытталган сунуштар иштелип чыгат.
Борбор жеке коштоо кызматтарына өзгөчө көңүл бурат. Студенттер социалдык адаптациядагы кыйынчылыктар, кесип тандоого байланышкан суроолор, маектешүүдөгү же өз ара мамиледеги көйгөйлөр, ошондой эле жеке же социалдык кризистерде колдоо алуу үчүн кайрыла алышат. Борбор конфиденциалдуу психологиялык жана социалдык консультацияларды сунуштап, турмуштук оор кырдаалда турган студенттерге жардам көрсөтөт жана тиешелүү ресурстар менен байланыштырган колдоо механизмдерин ишке ашырат.
Жыл ичинде борбор социалдык жана эмоционалдык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, жеке өсүүгө жана студенттик коомдогу социалдык жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган тренингдерди, семинарларды жана профилактикалык иш-чараларды өткөрөт. Биздин максат – маданий ар түрдүүлүктү урматтаган, биримдиктүү, толеранттуу жана өз ара колдоо көрсөтө алган студенттик чөйрөнү өнүктүрүү.
Иш принциби – илимий негиздүүлүк, ыктыярдуулук, жеткиликтүүлүк жана купуялуулук.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо борбору
Маматова Мира Жанибековна
Психолог
Тел: +996777298313
mamatovam553@gmail.com
Кабинет 2/127
Машиев Медетбек Айтмаматович
Психолог
Тел: +996777000764
meder.1965@mail.ru
Кабинет 2/127
Пандустар, багыттоочу белгилер жана университеттин картасы.



Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо борбору
Ош технологиялык университети билим берүүдөгү тең мүмкүнчүлүктөрдү жана инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүү принциптерин карманат. Университет мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кошо алганда, бардык студенттер үчүн жеткиликтүү, коопсуз жана ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө умтулат.
Университеттин инклюзивдүү саясаты
ОшТУда ар түрдүүлүк жана инклюзивдүүлүк саясаты ишке ашырылат. Бул саясат студенттердин ден соолугунун абалына, физикалык мүмкүнчүлүктөрүнө, социалдык статусуна жана башка өзгөчөлүктөрүнө карабастан, тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоого багытталган. Саясат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык билим берүү стандарттарына негизделет.
Жеткиликтүү билим берүү чөйрөсүн түзүү
Университет мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер үчүн окуу имараттарына, билим берүү ресурстарына жана иш-чараларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча этап-этабы менен иштерди жүргүзүүдө. Инклюзия жана жеткиликтүү чөйрө маселелери боюнча форумдар, семинарлар жана талкуулар уюштурулат.
Социалдык жана билим берүү демилгелери
ОшТУ мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды колдоого, инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга багытталган социалдык долбоорлорго жана демилгелерге активдүү катышат.
Психологиялык колдоо жана адаптация
Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттердин жаңы чөйрөгө тезирээк адаптация болушу жана окуу процессине ийгиликтүү аралашуусу үчүн университетте атайын квалификациялуу психологдор иш алып барышат. Психологиялык колдоо студенттердин социалдык жана эмоционалдык бейпилдигин камсыздоого багытталган.
Мүмкүнчүлүгү чектелген абитуриенттерди колдоо
Мүмкүнчүлүгү чектелген абитуриенттер университетке кабыл алуунун жалпы эрежелерине ылайык кабыл алынат. Кабыл алуу процессинде мамлекеттик жеңилдиктер жана квоталар эске алынат, ошондой эле тиешелүү тастыктоочу документтерди белгиленген тартипте тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет.

