ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту

Мазмуну

ОшТУнун Өзгөндөгү институтунун тарыхы

ОшТУнун Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту 1995-жылы Ош технологиялык университетинин Өзгөндөгү филиалы катары түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана маданият министрлигинин 2002-жылдын 25-мартындагы коллегиясынын №2\7 чечими жана ОшТУнун ректорунун буйругу боюнча Өзгөн филиалы ОшТУнун Өзгөн технология жана билим берүү институту катары өзгөртүлгөн. 2006-жылы ОшТУнун ректорунун буйругу менен коллеж катары өзгөртүп түзүлгөн. 2007-жылы кайрадан дагы институтка өзгөртүлгөн. Ушул жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын чечими боюнча институтка ал окуу жайдын негиздөөчүсү академик Б.Мурзубраимовдун ысмы ыйгарылган. 2016-жылы ОшТУнун окумуштуу кеңешинин чечими менен институт ОшТУнун Өзгөн технология жана билим берүү коллежи катары кайрадан түзүлгөн. 2018-жылы Өзгөн институту эл аралык статуска ээ болуп, кайра түзүлгөн. Натыйжада, Ош технологиялык университетинин академик Б. Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институту деп аталып калды.

Юридикалык дареги: 723600, Өзгөн шаары, Манас көчөсү, 186. Факс: (03233) 53147, тел: 53189, 53034

Институттун структуралык бөлүктөрү

Кыргыз республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына жана “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик окуу жайлар жөнүндө” жобого ылайык коллеж төмөнкү структуралык бөлүктөргө ээ:

  • окутуунун күндүзгү бөлүмү;
  • окутуунун сырткы бөлүмү;
  • кыска мөөнөттүү курстар жана квалификацияны жогорулатуу бөлүмү.

Окуу-усулдук бирикмелер:

  • Педагогика жана тил илимдери предметтик-циклдык бирикмеси
  • Табигый-техникалык илимдер предметтик-циклдык бирикмеси
  • Укук, коомдук илимдер, экономика жана чет тилдери предметтик-циклдык бирикмеси

 

Бөлүмдөр:

  • окуу;
  • административдик-чарбалык;
  • бухгалтердик-пландоо;
  • кадрлар боюнча;
  • архив;
  • карьера борбору;
  • маданий-эстетикалык борбор.

 

Маалымат, спорт жана студенттик комитет

2025-жылга карата институтта иштегендердин жалпы саны 69 адам. Окутуучулар курамынын саны 48, алардын 45 штатта; айкалышкан шартта иштегендер 3; административдик-башкаруу бөлүгүндө 17 адам. 2 илимдин доктору, профессор, 4 илим кандидаттары, доценттер эмгектенишет. Иштегендердин арасында 2 Кыргыз Республикасынын  эмгек сиңинген мугалими бар, 21 окутуучу «КР билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгисинин ээлери.

Институтта спорттук иш чараларды өткөрүп туруучу “Шумкар” спорт клубу уюштурулган. Студенттер институттан сырткары райондук жана областтык спорттук иш чараларга катышып турушат. Студенттерибиздин арасында Өзгөн шаарындагы түрдүү спорттук клубдарда машыгып, мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгондору бар.

Атайын түзүлүп, институт жетекчилиги тарабынан бекитилген пландын негизинде иштөөчү студенттик совет бар. Ал совет студенттерге укуктук, социалдык жана материалдык колдоо көрсөтөт, төмөнкүдөй маданий иш чараларды өткөрөт: конкурстар, диспуттар, тегерек столдор, майрамдык кечелер, спорттук мелдештер. Студентик совет областтагы башка орто окуу жайларынын студсоветтери менен байланышы бар. Ишембиликтерди өз алдынча уюштурушат жана райондогу коомдук пайдалуу иштерге дайыма активдүү катышат.

Административдикчарбалык ишмердик

ОшТУнун эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институту кесиптик орто окуу жайы болуп эсептелет. Ал өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “КР Билим берүү жөнүндө” мыйзамын, КР Президентинин указдарын, КР Өкмөтүнүн токтомдорун жана чечимдерин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин нормативдик-укуктук актыларын жана коллеждин Уставын жетекчиликке алат.

2022-жылы ОшТУнун Өзгөндөгү институту алты адистик боюнча көз карандысыз аккредитациядан өткөн. 2024-жылы Мектепке чейинки билим берүү адистиги аккредитациядан өткөн.

ОшТУнун Өзгөндөгү институтунун миссиясы

Билим берүү программаларына тиешелүү тармактар үчүн орто кесиптик деңгээлдеги, рынок экономикасынын шарттарына жооп бере алган, чет тилдерди жана жаңы маалымат технологияларын терең үйрөнгөн адистерди даярдоо.

ОшТУнун Өзгөндөгү институтунун башкы максаттары жана милдеттери

Максаттары:

  • Окуу процессин азыркы маалымат технологияларын колдонуу жана ишке кийирүү жолдору менен уюштуруу. Окуу процессин көзөмөлдөө, окуу пландарын жумуш берүүчүлөр жана кызыкдар тараптар менен биргеликте эмгек рыногунун талаптарына ылайык өркүндөтүү. Ошондой эле кесиптик билим берүү программаларын аккредитациялоо жана жогорку квалификациялуу кадрдык курамды калыптандыруу.
  • Личносттун гармониялык өнүгүүсүн калыптандырууга багытталган, тарбиялык иштердин натыйжалуу формаларын иштеп чыгуу аркылуу студенттердин ар тараптан өнүгүүсүнө шарттарды түзүү.
  • Эмгек рыногуна ылайык, коллеждин сырткы чөйрө менен туруктуу өз ара мамилелерин камсыз кылуу үчүн иш берүүчүлөр, кызыкдар тараптар жана бүтүрүүчүлөр менен туруктуу байланышты жүргүзүү.

Милдеттери:

  • Коллеждин бардык ишмердүүлүк чөйрөсүн башкарууда иштеп жаткан AVN маалыматтык системасын ОшТУнун сайты аркылуу төмөндөгүлөр менен толуктоо: Электрондук кабыл алуу комиссиясы, Кадрлар бөлүмү, Окуу бөлүмү, Финансылык менежмент.
  • AVN маалыматтык системасын ОшТУнун сайты аркылуу Интернет тармагына кошуп, окуу материалдары, студенттердин жетишүүсү, катышуусу, окуу акысынын төлөмдөрү тууралуу маалыматтар менен ата-энелер, окутуучулар жана студенттер таанышып, иш жүргүзүүсүнө шарт түзүү.
  • Студенттердин, кызматкерлердин, бүтүрүүчүлөрдүн, ата-энелердин жана социалдык өнөктөштөрдүн өз ара байланыштарын форум, ассоциациялар аркылуу өркүндөтүү.
  • Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык коллеждин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окутуучулардын ишин мотивдештирүүнүн натыйжалуу формаларын ишке ашыруу, контракттык төлөмдөрдүү рационалдуу пайдалануу үчүн финансылык менежмент жүргүзүү.
  • Окутуучуларды жана кызматкерлерди тандоодо алардын кесиптик, моралдык-этикалык жактарын эске алуу. Окутуучулардын квалификациясын жогорулатууну талап кылуу.
  • Кызматкерлердин жана студенттердин илимий ишмердүүлүгү. Коллеждин илимий ишмердүүлүк боюнча негизги багыттарын иштеп чыгуу, илимий семинарларды,студенттердин илимий-практикалык конференцияларын, кароо-конкурстарды өткөрүү.
  • Чет элдик билим берүү мекемелери менен тажрыйба алмашуу, биргеликте иш чараларды өткөрүү, студенттерди өз ара алмашуу программаларын түзүү үчүн эл аралык ишмердүүлүктү жүргүзүү.

Байланышуу үчүн маалымат: (3233) 53189, (3233) 53034, факс: (3233) 53147,

e-mail: muito.oshtu@mail.ru

Жетекчилик

Муратбаева Гулбарчын Насаркуловна, ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун директору;

  • Илимий даражасы: юридика илимдеринин кандидаты.
  • Илимий наамы: доцент.
  • Билими: Кыргыз улуттук университети, юрист адистиги, 1999-ж.
  • Байланыш маалыматтары: тел.: (0772) 340516, (0552) 131361, e-mail: muratbaeva.1976@mail.ru;
  • Иш тажрыйбасы: окутуучу, ага окутуучу, доцент, профессордун м.а., кафедра башчысы, бөлүм башчы, директордун орун басары, директор.

 


       Абдуллаева Рахатай Айбековна, ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун директорунун окуу иштери жана мамлекеттик тил боюнча орун басары;

  • Билими: Ош технологиялык университети, биология адистиги, 2004-ж.
  • Байланыш маалыматтары: тел.: (0772) 844083, e-mail: rohanur16@mail.ru;
  • Иш тажрыйбасы: окутуучу, ага окутуучу орун басары, кафедра башчысы, окуу бөлүмүнүн башчысы, бөлүм башчы, директордун орун басары.
  • Илимий иштери: 30дан ашык илимий макалалар, 2 патент

 


Тынай уулу Бактыбек, илимий иштер, тышкы байланыштар жана өндүрүштүк окутуу боюнча директордун орун басары

  • Билими: Ош тмамлекеттик университети, тарых адистиги, 1993-ж.
  • Байланыш маалыматтары: тел.: (0772) 950489, e-mail: tynayuulu @bk.ru.
  • Иш тажрыйбасы: окутуучу, ага окутуучу, доцент, окуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, кафедра башчысы, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо бөлүмүнүн башчысы, факультеттин деканы, директордун окуу жана тарбиялык иштери боюнча орун басары, директордун илимий иштер, тышкы байланыштар жана өндүрүштүк окутуу боюнча орун басары.
  • Илимий эмгектери: 25 илимий макалаланын, 6 окуу-усулдук колдомолордун автору.

 


Чодуев Түгөлбай Чырмашевич – Административдик жана чарбалык иштер боюнча директордун орун басары

  • Билими: Ош технологиялык институту, Экономика жана бухгалтердик эсеп адистигин бүтүрүп, бухгалтер квалификациясына ээ болгон (2017);
  • Байланыш маалыматтары: Телефон номери 0772898282;
  • Иш тажрыйбасы: Административдик жана чарбалык иштер боюнча директордун орун басары

Окумуштуу кеңеш

Окуу-тарбиялык, илим-изилдөөчүлүк жана башка ишмердиктин түрлөрүн башкаруу боюнча бардык чечимдер институттун окумуштуу кеңеши тарабынан кабыл алынат.

Директордун жетекчилигиндеги окумуштуу кеңеш институттагы өзүн-өзү башкаруудагы башкы орган болуп саналат. Анын 17 мүчөсү бар. Окумуштуу кеңеш КР Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен “Окуу жайларындагы окумуштуу кеңеш жөнүндөгү” жобонун негизинде түзүлөт. Окумуштуу кеңештин отурумдары план боюнча ар бир айда бир жолу, зарылдыгына карап кезексиз да өткөрүлөт.

Окумуштуу кеңештин отурумдарында каралуучу негизги маселелер:

  1. Окумуштуу кеңештин курамын бекитүү.
  2. Институттун ишинин жылдык планын бекитүү.
  3. Институттун өнүгүүсүнүн жылдык жана 5 жылга келечек планын карап чыгуу жана бекитүү.
  4. Структуралык бөлүмдөрдүн штаттык расписаниесин, жумушчу окуу пландарын, окуу процессинин графигин, окуу жылына студенттердин тандоосу боюнча киргизилген дисциплиналардын тизмесин бекитүү.
  5. Окутуучулар курамын аттестациялоонун принциптерин кароо.
  6. Институттагы окуу, окуу-усулдук жана тарбиялык иштердин абалы боюнча отчетторду угуу.
  7. Аткарылган иштер боюнча директордун орун басарларынын отчеттору.
  8. Экзамендик сессиялардын жыйынтыктарын талкуулоо.
  9. Студенттердин билимин текшерүүнүн модулдук-рейтингдик системасынын натыйжалуулугу жөнүндө.
  10. Окуу процессин уюштурууну оптималдаштыруу жөнүндө.
  11. Окутуучулардын жана студенттердин илимий иштеринин негизги багыттары жөнүндө.
  12. Окумуштуу кеңешке маселе сунуштаган МАК төрагаларынын отчетторун угуу.
  13. Институттун финансы-чарбалык ишмердиги жөнүндө.
  14. Окумуштуу кеңештин токтомдорун аткаруу жөнүндө.
  15. Окутууну интеграциялоонун негизи болуп эсептелген окутуунун кредиттик технологиясын киргизүү жөнүндө.

Окумуштуу кеңештин жумушчу органы катары административдик кеңеш төмөнкү ишмердиктерди аткарат:

Окуу процессин координациялайт.

Мамлекеттик стандарттын талаптарынын аткарылышын текшерет.

Окуу процессин башкаруунун, көзөмөлдөөнүн аткарылышын жана уюштурулушун ишке ашырат.

Окумуштуу кеңеште кароо пландаштырылган маселелерди талкуулайт.

Институттун структуралык бөлүмдөрүнүн административдик жана башкаруу ишмердүүлүктөрүн текшерет, талдайт жана алардын башчыларынын отчетторун угат.

Штаттык расписаниенин сакталышын текшерүүнү ишке ашырат.

Эмгек тартибинин так аткарылышын көзөмөлдөйт.

Окумуштуу кеңештин токтомдорунун (чечимдеринин) жана директордун буйруктарынын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Педагогикалык кеңештин курамы

Ф.А.А. Кызматы
1. Муратбаева Гулбарчын Директор
2. Абдуллаева Рахатай Окуу иштери боюнча директордун орун басары
3. Тынай уулу Бактыбек Өндүрүштүк окутуу боюнча дирек-дун орун басары
4 Чодуев Түгөлбай Административдик-чарбалык иштер боюнча директордун орун басары
5. Абдулатов Абдурашит Кыска мөөнөттүү курстар бөлүмүнүн башчысы
6. Максутова Айчурөк Окуу бөлүмүнүн катчысы
7. Чокотаева Айзуура Кадрлар бөлүмүнүн инспектору
8. Турдали уулу Кубаныч Профкомдун төрагасы
9. Мамытова Роза Окутуунун күндүзгү бөлүмүнүн башчысы
10. Касымбеков Амангелди Окутуунун сырткы бөлүмүнүн башчысы
11. Максутова Айчүрөк Архив башчысы
12. Базарбай уулу Максат Башкы эсепчи
13 Кайназаров Бийназар ПТИ циклдык бирикменин башчысы
14 Султанова Нафиса ТТИ циклдык бирикменин башчысы
15 Ташбаева Гулмира УжЭ циклдык бирикмесинин башчысы
16 Тагаев Тургунбай Ата-энелер комитетинин төрагасы
17 Хакимова Маргуба Окумуштуу кеңештин катчысы

Документтер


ОшТУнун күбөлүктөрү, лицензиялары, сертификаттары;

ОшТУнун Эл аралык ӨТББИнин Жобосу:

  • Педагогикалык жүктөмдөрдү пландоонун жана эсепке алуунун нормалары
  • Эмгек акысына кошумча төлөөлөрдү коюу үчүн кызматкерлерди аттестациялоо жобосу
  • «Студенттердин көзү менен» анкетирлөөсү жөнүндө жобо
  • Окуу процессин уюштурууну окутуунун кредиттик технологиянын негизинде жүргүзүү жөнүндө жобо

Кадрлар бөлүмү

Кадрлар бөлүмү институттун структуралык бөлүмү болуп саналат. Бөлүм өз ишинде төмөндөгүлөрдү жетекчиликке алат: учурдагы эмгек жана билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик мыйзам актыларын, КР Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, буйруктар, жоболор жана нускамалар, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башка жетектөөчү документтери, Өзгөн технология жана билим берүү институтунун Уставы жана коллективдик келишимди.

Кадрлар бөлүмүнүн жумушу педагогикалык кадрлар менен иштөөнүн натыйжалуулугун жана башка категориядагы кызматкерлердин сапатын арттыруу максатында уюштурулган жана багытталат.

Ошону менен бирге кадрлар бөлүмү төмөнкү кызматтарды аткарат:

  • Институттун ишинин учурдагы максаттарга жана милдеттерге ылайык оптималдуу кадрдык курамга, ийкемдүү жана убагында бөлүмдөрдүн ишине жана башка ченемдик укуктук актыларга мониторингин камсыз кылат.
  • Заманбап башкаруу ыкмаларын жана жаңы автоматташтырылган системаларды колдонуп, кадрларды башкаруунун азыркы ыкмаларын ишке ашырат.
  • Институттун профилине, максаттарына жана стратегиясына ылайык кадрлар менен тандайт.
  • Институттун ишмердигинин негизги багыттары боюнча өндүрүштү уюштуруу жана локалдык укуктук актыларды иштеп чыгат.
  • Институттун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, окутуучулар курамынын, кызмат адамдарынын укуктарын жана милдеттерин аныктоону, коллежди башкарууну жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу иштерин жүргүзөт.
  • Кадлардын квалификациясын, жеке жана ишмердик сапаттарын эске алуу менен кадрларды тандоо, жайгаштыруу иштерин уюштурат, ошондой эле аларды жумушка кабыл алууну, башка жумушка которууну жана жумуштан бошотууну жүргүзөт.
  • Кызматкерлери кесиптик, жеке жана ишкердик көндүмдөрдү, ошондой эле кабыл алуу, колледж кызматкерлеринин которуу жана кызматтан бошотуу баалоонун негизинде тандоо жана жайгаштыруу боюнча ишти уюштурат.
  • Эмгек өргүүсүнүн графигин даярдайт.
  • Институтта ички эмгек эрежелеринин аткарылышын, эмгек тартибинин абалын уюштурат жана көзөмөлдөйт.
  • Билим берүү боюнча КРнын мыйзамдарына ылайык студенттерди институтка кабыл алуу, которуу, окуудан четтетүү, мамлекеттик аттестациялык сынактарга киргизүү, бүтүрүүчүлөргө квалификация ыйгаруу боюнча бөлүм башчыларынын билдирүүлөрүнүн жана студенттердин өз арыздарынын негизинде буйруктарды даярдайт. Тиешелүү өзгөртүүлөрдү студенттердин өздүк делолоруна жазат.
  • Биринчи курска кабыл алынган студенттердин өздүк делолорун кабыл алат. Сырттан которулуп келген студенттерге өздүк дело ачат.
  • Институттун студенттери жана бардык кызматкерлери тууралуу маалыматтардын AVN маалымат системасында жүргүзүү тартибин сактайт.

 

Чокотаева Айзуура Абдыкалыковна

  • Кызматы: кадрлар бөлүмүнүн башчысы.
  • Билими: Ош технологиялык университети, финансы жана кредит адистиги, 2001-ж.
  • Байланыш маалыматтары: тел.: +996770733709., e-mail: aiza_66@list.ru.
  • Сыйлыктары: ОшТУнун Өзгөн филиалынын ардак грамоталары, 2005, 2006; КР ББИМдин ардак грамотасы, 2006; ОшТУнун ардак грамотасы, 2008; Билим берүү кызматкерлеринин Ош областтык комитетинин ардак грамотасы, Райадминистрациянын ардак грамоталары, 2010, 2015; «КР Билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси, 2011; Борбордук кесиптик бирлик комитетинин ардак грамотасы, 2016; Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин республикалык советинин ардак грамотасы,
  • Үй бүлөлүк абалы: Үч баланын энеси.

Каржы-чарбалык ишмердик

Эсеп-кысап бөлүмү:

Базарбай уулу Максат, башкы эсепчи
Билими:         жогорку, 2018-ж., Ош технологиялык университети, адистиги «Бухгалтердик эсеп жана аудит»,
Дареги: Кыргыз Республикасы, Ош обл. Өзгөн р-ну, 15жаш  айылы, тел: +996770301200, E-mail: bazarbayuulum@mail.ru

 

 

 


Сагынбаева Рахат Молдошевна, бухгалтер
Жашаган дареги      Өзгөн району, Зергер айылы, К.Айтиев көчөсү
Телефон         +996220 440744
Е-mail             rsagynbaeva26@gmail.com
Билими          жогорку, ОшТУнун инженердик-экономикалык факультетинин финансы жана кредит адистигин 2003-ж.бүтүргөн, квалификациясы – экономист

 

 

 


Досанова Урматхан Шараповна, бухгалтер
Билими:         жогорку, 1986-жылы Самарканд шаарындагы Скрябин атындагы кооператив институтун экономика адистиги боюнча аяктаган

 

 

 

Административдик-чарбалык бөлүк
Институтта Өзгөн шаары Манас көчөсү №186 дарегинде жайгашкан эки окуу имараттары жана студенттер үчүн жатакана бар. Алар атайын даярдалган проектилердин неегизинде курулган.
Иштегендердин контингенти 17 адамды түзөт.
Чарбалык бөлүктүн структурасы

  1. Окуу корпустарынын коменданты
  2. Электрик
  3. Тазалагычтар – 6 бирдик
  4. Эшик алдын шыпыргычтар – 2 бирдик
  5. Жыгач уста
  6. Кароолдор – 4 бирдик
  7. Жатакананын коменданты

Чарбалык иштерди уюштуруу, жумушта коопсуз жана жагымдуу шарттарды жаратуу үчүн чарбалык бөлүктүн кызматкерлеринин иштерин жетектөө окуу корпустарынын комендантынын милдеттери болуп саналат.

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун бириккен профсоюз комитети

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун бириккен профсоюз комитети – студенттердин, профессордук окутуучулар жамаатынын, аспиранттардын, жумушчулардын курамынан турган коомдук уюмдардын бири. Бириккен профсоюз комитетинин негизги милдети – окуу тарбиялык, маданий-массалык жана илим изилдөө иштеринин сапатын жогорулатуу, кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо, эс алуу жана жашоо шарттарын жакшыртуу болуп саналат.

Институттун бириккен профсоюз комитети – студенттердин жаштар комитетинин бир топ иш-чараларына, маданий көңүл ачуусуна жана спорттук таймаштарга материалдык колдоо көрсөтөт. Эң негизгиси студенттер, окутуучулар жана башка кызматкерлерди социалдык жактан колдоо менен бирге, алардын укугун коргоп келет.

Бириккен профсоюз комитети өз ишин бирикмелердеги, бөлүмдөрдөгү атайын шайланган бюро мүчөлөрү аркылуу жүргүзөт.

Институтта эмгектенген жумушчулар жана окуган студенттер бириккен профсоюз комитетине мүчө болуу укугуна ээ. Ал үчүн бириккен профсоюз комитетинен арыз үлгүсүн алып, аны толтуруу гана жетиштүү.

Институттун бириккен профсоюз комитетинин курамы

  1. Турдали уулу Кубаныч – комитеттин төрагасы
  2. Наджиева Гүлбарчын – комитеттин мүчөсү
  3. Хакимова Маргуба – комитеттин мүчөсү
  4. Оморбеков Шамсудин – комитеттин мүчөсү
  5. Калбердиева Майрамкан – комитеттин мүчөсү.

 

ЭӨТББИнин аялдар кеңеши

Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда аялдар кеңеши профсоюз  комитетинин коллегиялык кеңешүүчү органы болуп саналат. ЭӨТББИнин аялдар кеңешинин негизги максаты студенттер менен тарбиялык иштерди уюштуруу, аялдардын  коомдук-саясий, экономикалык, социалдык жана маданий ролун жогорулатуу, кызматкерлердин балдарынын кызыкчылыктарын ишке ашыруу, ошондой эле аялдар кеңешине караштуу маселелерди жана сунуштарды ЭӨТББИнин администрациясына даярдоо.

ЭӨТББИнин аялдар кеңешинин жобосу окумуштуулар кеңешинде иштелип чыккан жана бекитилген. Анда аялдар кеңешинин жалпы жоболору, милдеттери, укуктары каралган. Анын ишинин негизинде ЭӨТББИнин администрациясына факультетте, кафедраларда жана башка структуралык бөлүмдөрүндө студенттердин тарбиялык иштерин уюштурууга жана жүргүзүүгө, аялдардын жана кыздардын билимге карата умтулуусун жогорулатуу, ар кандай терс көрүнүштөргө, келишпестиктерге иш-чараларды жүргүзүү боюнча – аялдардын, кызматкерлердин, студенттердин, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүн укуктук жана социалдык жактан коргоо.

ОшТУнун Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун аялдар кеңешини төрайымы, Педагогика жана тил илимдери кафедрасынын улук окутуучусу Ч. М. Жолдошева жана анын мүчөлөрү иш алып барат.

ОшТУнун Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институттун аялдар кеңешинин курамы:

  1. Наджиева Гүлбарчын — аялдар кеңешинин мүчөсү.
  2. Иминова Р — аялдар кеңешинин мүчөсү.
  3. Калчаева З — аялдар кеңешинин мүчөсү.

ЭӨТББИнин аялдар кеңеши “Мугалимдер күнү”, “Жаңы жыл майрамы”, “23-февраль – Мекен коргоочулар күнү”, “8-Март – Эл аралык Аялдар күнү”, “Карылар күнү”, “9-Май – Жеңиш күнү”, “Студенттердин Эл аралык күнү” ж.б. календардык майрамдарды өткөрүү боюнча активдүү катышат.

Ошондой эле тазалык, тартип, өздүк гигена, телефонду колдонуу маданияты боюнча сүйлөшүүлөрдү, үлгүлүү айымдар менен жолугушууларды, дарыгерлер менен конок-лекцияларды, белгилүү инсандар менен диспуттарды уюштуруу, гезит-журналдагы жана интернет булактарынан алынган маалыматтар менен таанышып аны талкуулоо. 

Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы

Ош технологиялык университетинин академик Б. Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институттун бүтүрүүчүлөр ассоциациясы (ЭӨТББИ) — орто кесиптик окуу жайларынын студенттердин жана бүтүрүүчүлөрдүн өзүн-өзү башкаруунун негизинде түзүлгөн ыктыярдуу коомдук уюм.

ЭӨТББИнин бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын жобосу окумуштуулар кеңешинде иштелип чыккан жана бекитилген.

Анда бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын жалпы жоболору, милдеттери, укуктары, иш тартиби каралган.

Ассоциациясынын бүтүрүүчүлөрүнүн максаттары төмөнкүлөр болуп саналат: ЭӨТББИнин бардык муундагы бүтүрүүчүлөрүнүн ортосундагы тилектештикти чыңдоо, коммуникацияларды жакшыртуу,  интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү, окутуу талап кылынган эмгек рыногунда натыйжалуу дараметин арттыруу.

Өз максаттарына жетүү үчүн бүтүрүүчүлөр ассоциациясы төмөндөгүдөй милдеттерди чечет:

  • ЭӨТББИ билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, интеллектуалдык, маданий деңгээлин жана жеке сапаттарын өркүндөтүү;
  • ЭӨТББИ окуу процессинин жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт;
  • бүтүрүүчүлөрүн жумушка орноштурууну камсыз кылат, билим берүү мекемелеринин, коомдук уюмдардын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда макулдашууга жана ишке ашырууга өз ара кызыкчылыктарына карата көмөк көрсөтөт;
  • бүтүрүүчүлөрдүн жолугушууларын уюштурууга көмөк көрсөтөт;
  • кесиптик багыт берүүгө жардам көрсөтөт;
  • ЭӨТББИ маалыматтык-укуктук база түзөт, жарнамалык кызмат көрсөтөт.
  • ЭӨТББИ бардык бүтүрүүчүлөрү ассоциациянын мүчөлөрү болууга укуктуу:
  • бүтүрүүчүлөрү ассоциациянын укутары:
  • узак мөөнөттүү жана учурдагы иш-аракеттердин планын иштеп чыгууга, бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын шайлоо органдарынын шайланууга жана шайлоого катышуу;
  • ассоциациясынын бүтүрүүчүлөрүнүн маалыматтык жана усулдук материалдарын иштеп чыгууга кеңештин чечимдерине толуктоо жана пландаштырылган иш-чараларга катышуу.
  • ассоциациясынын бүтүрүүчүлөрүнүн жетекчи органдарынын чечимдери өз убагында аткаруу;
  • ЭӨТББИнин бүтүрүүчүлөр кеңешине телефон номерлердин, иштеген ордун жана кызматын өзгөрүшүн өз убагында маалымдоо;
  • Бүтүрүүчүлөрдүн ар намысын сактоо жана коргоо;
  • Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институттун бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын төрайымы, экономика кафедрасынын окутуучусу М. С. Хакимова.
  • Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институттун бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын курамы;

Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институттун бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын мүчөсү, Педагогика жана тил илимдери кафедрасынын окутуучусу М. К. Калбердиева.

Ассоциациянын мүчөлөрү: 

  • Р. М. Сагынбаева, институттун экономисти.
  • И. Темирбеков, ЗАО Банк “Финанскредит – банк” Өзгөн филиалынын жетекчиси
  • У. А. Болду, ЗАО Банк “Бай-Түшүм” Өзгөн филиалынын кредиттик эксперти.
  • А. Нуржигит кызы, бүтүрүүчү.
  • Н. Эркебаева, “Айсанам”балдар бакчасынын тарбиячысы.
  • Н. Абдираимов, Өзгөн РЭСНИНнин контролеру.

Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын катчысы: Өзгөн шаарындагы №7 гимназиянын башталгыч класстын мугалими М Матишева.

2022/2023-окуу жылына карата МУИТОнун бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын пландаштырган иш-чарасы:

  1. ЭӨТББИнин бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын курамын бекитүү.
  2. 2022/2023-окуу жылына карата иш-планын бекитүү.
  3. 2020-жылдын бүтүрүүчүлөрү жөнүндө маалыматтарды чогултуу.
  4. Бүтүрүүчүлөрдүн жумуш менен камсыз болуусу боюнча маалымат топтоо.
  5. Бүтүрүүчүлөр менен жолугушуп, алардан идея топтоо.
  6. Бүтүрүүчүлөр жөнүндө персоналдык маалыматтарды талкуулоо жана макулдашып колдонуу.
  7. Бүтүрүүчүлөр ассоцасиясындагы жыйында сурамжылоону уюштуруу.
  8. Бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр менен жолугушууну уютуруу.
  9. Бош орундар жарманкесин уюштуруу.
  10. Бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыздоого көмөк көрсөтүү.

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун коррупциялык аракеттерди алдын алуу жана жоюу боюнча комплекстүү иш чаралары

«ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун коррупциялык аракеттерди алдын алуу жана жоюу боюнча комплекстүү иш чаралары» Кыргыз Республикасынын Конституциясынын принциптерине жана идеяларына, “Таза Коом” улуттук программасына, «Билим берүү» мыйзамына, «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү саясатынын 2025-2030-жылдарга мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралары жөнүндө» жана «Бийлик органдарындагы системалуу жана саясий коррупциянын себептерин четтетүүнүн себептери тууралуу» Жарлыгы, Кыргыз Республикасында Билим берүүнү  өнүктүрүү концепсиясына», Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегияларына», Өзгөн районунун укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Өзгөн райондук Координациялык кеңешменин чечимдерине жана ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөндөгү технология жана билим берүү институтунун Уставына негизделип иштелип чыкты.

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү институтуну коррупциялык аракеттерди алдын алуу жана жоюу боюнча комплекстүү иш чараларынын негизги максаты: коллежге коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу системасын түзүү, активдүү антикоррупциялык саясатты жүргүзүү; Ушул күнгө чейинки окуу жай топтогон тажрыйбаны, илимий-интеллектуалдык потенциалды туура багыттап, активдүү иш аракетке келтирип, коллежде изденүүнүн жана алга умтулуунун жагымдуу шарттарын жаратып, жаштарга заманбап, сапаттуу билим берүү. Жаштардын мекенчил, кесипкөй адис болуусуна жетишүү; укуктук мамлекетти түзүү жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу; жарандык коом менен бийликтин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө; башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана ачыктыгын камсыз кылуу; укуктук системаны камсыз кылуу; билим берүү системасынын ишиндеги коррупция көрүнүштөрүн азайтуу (толук жоюуга чейин) таза жана ак ниеттүү кызматкерлерди колдоо жана кызматтык жактан илгерилетүү боюнча чаралардын комплексин кабыл алуу; окутуучуларды жана кызматчылардын кызматтык жактан өсүшү, айлык акы жана пенсиялык камсыздалышы алардын жүрүш-турушунун жана ишинин кынтыксыздыгынан тикелей көз карандылыкта болушу керек, моралдык-этикалык аспекттерди эске алуу менен кесиптик негизде жетектөөчү кадрларды тандоону караган кадр саясатын өркүндөтүү.

Бул иш чаралардын башкы максатка жетүүдөгү негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • окуу жайда сапатты камсыздоонун натыйжалуу ички системасын түзүү;
  • институтту эл аралык стандарттардын деңгээлиндеги атаандаштыкка туруштук берүүчү, рынок шарттарын терең өздөштүргөн, жогорку квалификациядагы адистерди даярдоого ылайык келген, заманбап шарттарга жооп берген денгээлге жеткирүү;
  • окутуучуларга, кызматкерлерге жана студенттерге укуктук билим деңгээлин жогорулатуу;
  • экзамен жана зачетторду алуунун усулдарын түп-тамырынан реформалоо;
  • коррупциялык процесстердин бүлүндүрүүчү таасиринен мамлекеттик кызмат системасын коргоо, антикоррупциялык этикалык кодексин иштеп чыгуу жана киргизүү;
  • пара алуу окутуучулар жана кызматкерлер үчүн пайдасыз жана опурталдуу болушун камсыздоо;
  • илимий-техникалык прогресстин талаптарынын негизинде окутуу, илимий жана тарбиялык ишмердүүлүктү уюштурууну камсыз кылуу;
  • студенттердин окууга болгон кызыгуусун, маалыматтарды иликтөө жана анализдөө жөндөмдүүлүктөрүн ойготуу, өз алдынча иштөөгө аларды үйрөтүү жана кызыктыруу;
  • профессордук-окутуучулук курамынын жана студенттердин жоопкерчиликтерин жогорулатуу;
  • окуу процессинде алдыңкы ыкмадагы окутуунун заманбап технологияларын колдонуу жана аларды жайылтууга шарттарды түзүү;
  • окутууга керектелүүчү материалдык-техникалык базаны күчөтүп жана аны мезгил талабына ылайык денгээлге жеткирүү;
  • окутуучулардын изденүүсүнө, студенттердин умтулуусуна жетишүү;
  • билим берүү системасынындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн субьектиси болуп калуудан сактануу;
  • коррупцияны социалдык илдет катары пайда кылуучу себептери менен эмес, анын кесепеттери менен гана күрөшүү;
  • коррупцияга каршы күрөшүү катары катаал жазалардын чечкиндүү чараларын иштеп чыгуу жана кайра кайталанса так механизмдерин демилгелөө;
  • ММКда коррупционердин терс образын түзүү;
  • жаштар чөйрөсүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн зыяндуулугун жана келечеги жоктугун, кылмышкерлердин сөзсүз жазасын ала тургандыгын түшүнүүсүн калыптандыруу;
  • антикоррупциялык саясатты жүзөгө ашыруу ийгилигинин негизги индикатору жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик антикоррупциялык саясаттын натыйжаларына жарандык коомдун туруктуу негизде өлчөнүүчү «ишеним индикаторун» камсыздоо.
Иш чаралардын мазмуну Аткаруу мөөнөтү Жооптуулар, аткаруучулар
1 Системалуу коррупциялык аракеттерди алдын алуу жана жоюу боюнча комплекстүү иш чараларды иштеп чыгуу жана бекитүү август Дирекция, Окумуштуу кеңеш
2 Студенттердин терең, калыс жана адилеттүү билим алуусунда жөнөкөй жана түшүнүктүү эрежелер, көрсөтмөлөр жана тартиптерди иштеп чыгуу сентябрь Дирекция, бөлүмдөр, ОУБ
3 Коррупциялык укук бузуулардын факторлору боюнча такай иш алып баруу жыл ичинде Дирекция, профком,  бөлүмдөр, ОУБ
4 Стратегиялык концептуалдык документтерди институттун бүткүл жамаатында, бардык деңгээлинде, бөлүмдөрүндө кеңири талкуулоо жыл ичинде Дирекция, профком,  бөлүмдөр, ОУБ
5 Билим берүү системасында (коллежде)  студенттердин укуктук билим деңгээлин жогорулатуу жыл ичинде Укук жана экономика илимдер ОУБ
6 Жетекчиликке  карата окутуучулардын жана кызматкерлердин ишеним  деңгээлин жогорулатуу жана кадыр баркын көтөрүү. Администрациянын жана адистердин жогорку маданиятуулугуна, гумандуу иш алып баруусуна, этикалык нормаларды сактоосуна жетишүү. жыл ичинде Дирекция, профком
7 Экзамен жана зачетторду модулдук-рейтингдик система менен электрондук ыкмада жыйынтыктоону өркүндөтүү жыл бою Бөлүмдөр, ОУБ
8 Окуу жайда кийирилген «AVN» маалымат  системасынын бардык программаларын натыйжалуу пайдалануу. Жыл бою Дирекция, бөлүмдөр, ОУБ
9 Мамлекеттик аттестациялык сынактарды ар бир адистик боюнча компьютерде «AVN» маалымат  системасында  алууну улантуу февраль-июнь Окуу-усулдук бирикмелер (ОУБ)
10 Бюджеттик каражаттарды жана атайын каржыларды максаттуу сарптоо жана чыгымдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген учурда коомдук угууларды өткөрүү жыл ичинде Дирекция, эсеп бөлүмү
11 Окуу жайга түшкөн заявкаларга ылайык сатып алуучу товарларын бекитүү жана ачык, айкындуулук үчүн сатып алууну тендер жарыялоо аркылуу жүргүзүү жыл ичинде Дирекция, окумуштуу кеңеш, административдик кеңеш
12 Акы төлөнүүчү кошумча билим берүү кызматтарды көрсөтүү тууралуу маалыматтык дубал гезиттерди чыгаруу сентябрь Эсептөө бөлүмү
13 Окуу жайдын окутуучулары, кызматкерлери, студенттери, укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери, массалык маалымат каражаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү, ата-энелердин катышуусунда «Келечегибиз биздин колубузда», «Кайдыгер болбой кабарлашып туруңуз», «Коррупцияны ооздуктайбыз», «Ишеним телефону иштейт», «Таза сессия, таза экзамен», «Кош кел, абитуриент», «Билим берүү жана илим системасында коррупцияны алдын-алуу»,  «Алган деле эмес, берген да күнөлүү! – аттуу темаларда тегерек стол, дискуссия, акцияларды уюштуруу жана өткөрүү жыл ичинде Дирекция, профком
14 Билим берүү, окутуунун сапаттуулугу, илимий изилдөөлөр жана андагы жетишкендиктерде ж.б. коррупциянын аралашуусун алдын-алуу боюнча тегерек столдорду, дебаттарды, КВН жана дискуссияларды ж.б. өткөрүү жыл ичинде Дирекция, профком
15 «Биз коррупцияга каршыбыз» – деген темада даттануулар үчүн ишеним телефонун, электрондук дарегин жана жашыруун кутучасын (ящик) иштетүүнү улантуу дайыма Дирекция
16 Билим берүү жана илим системасындагы коррупция боюнча маалыматтарды жыйноо жана анализ жүргүзүү ай сайын Дирекция, профком
17 Коррупциялык аракеттерди алдын алуу жана жоюу боюнча дирекция менен студенттердин жолугушуусун өткөрүү декабрь, май Дирекция
18 Окутуучунун өз предметине карата компетенттүлүгүн көзөмөлдөө максатында студенттер арасында «Окутуучу студенттин көзү менен» деген темада анонимдүү анкета жүргүзүү декабрь, май Дирекция, профком
19 Мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуулар, студенттерге моралдык-психологиялык жактан кысым көрсөтүү фактылары аныкталса, окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жана кызматкерлер кызматтан (жумуштан) бошотулуп,  ишин укук коргоо органдарынын кароосуна өткөрүп берүү; Сабактарды үзгүлтүккө учураткан, окуу тартибин системалык түрдө бузган же мас абалында жумушка келген, студенттерден акча талап кылган (фактылар далилденсе) окутуучуларды аттестациядан эч качан өткөрбөө. зарылдыкка жараша Дирекция, профком
20 Атайын комиссия тарабынан окутуучуларды жыл сайын аттестациялоодо алардын ишмердүүлүгүн баалоонун кабыл алынган обьективдүү критерийлеринин негизинде дыкаттык менен текшерүү Окуу жылынын аягында Дирекция, профком
21 okmot.kg сайты боюнча окутуучуларга, кызматкерлерге жана студенттерге маалымат берүү Жыл ичинде ТТИ ОУБ
22 ОшТУнун сайтына окуу жай тарабынан кабыл алынган чечимдерди жана буйруктарды жайгаштыруу жыл ичинде Дирекция
23 Сатып алууларды мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында ишке ашырууну улантуу жыл ичинде Дирекция, эсептөө бөлүмү
24 Окуу жайда инновациялык мазмунда антикоррупциялык ишмердүүлүк үчүн нормативдик-укуктук базаны (жоболорду, көрсөтмөлөрдү ж.б.) иштеп чыгуу боюнча иш алып баруу жана бекитүү. Жыл ичинде Дирекция, профком
25 УКМКнын Өзгөн райондук бөлүмү, Өзгөн районунун прокуратурасы, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондор аралык экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын райондук бөлүмү, жарандык коомдун өкүлдөрү менен коррупциялык көрүнүштөрдү алдын-алуу жана жоюу боюнча иш чараларды алып баруу жыл ичинде Дирекция
26 Коррупцияны алдын-алуу боюнча отчетторду жазуу, талкуулоо жана жыйынтыктары боюнча ММКга, ОшТУга жана  КР ББжИМге сунуш кылуу Жыл ичинде Дирекция
27 Бардык зачетторду, экзамендерди компьютер аркылуу өткөрүүнү улантуу Жыл ичинде Бөлүмдөр
28 “Таза коом” программасынын негизинде иштерди жүргүзүү Жыл ичинде Дирекция
29 Электрондук зачеттук китепчеге толугу менен өтүү Жыл ичинде Дирекция
30 Экзамендик-зачеттук сессияларды видео байкоо аркылуу жүргүзүү Жыл ичинде Дирекция

Ош ТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү коллежи

Окутуунун күндүзгү  бөлүмү

   Мамытова Роза Наркозуевна, окутуунун күндүзгү бөлүмүнүн башчысы

    Моб.тел.: 0770-16-20-97, e-mail: cezi14@mail.ru

    Туулган күнү, айы, жылы                   09.01.1979

 Билими: жогорку, 2001-жылы Ош технологиялык университетинин     Финансы-экономикалык факультетин аяктаган, адистиги «Экономикадагы математикалык методдор жана операцияларды изилдөө», квалификациясы “Дипломдуу адис”.

Орто кесиптик билим берүү бөлүмү 2016-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн. Бөлүмдө жогорку квалификациялуу адистер, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктылары, илимдин кандидаттары, илимдин доктору, профессорлор жана доценттер эмгектенишет. Студенттер атайын талапка жооп берген илимий лабораторияда, окуу залдарында, тийиштүү аудиторияларда окутулат. Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү компьютер жана компьютердик технологияларды колдонгон бардык мамлекеттик башкаруу органдарында, энергетика жана электр менен жабдуу тармактарында, орто мектептеринин башталгыч класстарынын мугалими, балдар бакчасынын тарбиячысы, жогорку юридикалык билимди талап  кылбаган юрист катары: юридикалык кеңешчи, паспорт столунун адиси, кадрлар бөлүмүнүн адиси, нотариустун жардамчысы, тергөөчүнүн жардамчысы, адвокат, экономист болуп эмгектене алышат.

Билим берүү процессин уюштуруу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатта төмөнкү окуу-усулдук бирикмелери уюшулган :

  • Укук, коомдук жана экономи илимдер;
  • Табигый-техникалык илимдер;
  • Педагогика жана тил илимдери;

Институттун студенттери окуу жайдын жана шаардык, областтык, республикалык спорттук жана маданий-массалык иш чараларда активдүү катышып келишет. Студенттер тарабынан шайыр-тапкычтар клубу (ШТК) уюштурулган, ошондой эле дебат клуб, өздүк көркөм чыгармачылык ийримдеринде да иш алып барышат. Студенттер үчүн окуу залы менен фонду 38000 китептен турган китепкана иштейт. Андан сырткары студенттердин бардык талабын канааттандырган электрондук китепкананы пайдаланышат. Окутуучулар жана студенттер окуу процессинде компьютердик технологияларды жана интерактивдик доскаларды активдүү колдонушат. Окуу жайдын бардык компьютерлери интернет түйүнүнө туташып, билим берүүнүн заманбап талаптарына жооп берет.

Өзгөн технология жана билим берүү институту төмөндөгү адистиктер боюнча орто кесиптик билимдүү кадрларды даярдайт:

  • Финансы (тармактар боюнча) – финансист.
  • Экономика жана бухгалтердик эсеп-кысап (тармактар боюнча) – бухгалтер.
  • Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча) – техник.
  • Автоматташтырылган системаларды жана эсептөөчү техникалардын программаларын камсыздоо техник-программист.
  • Укук таануу – юрист.
  • Башталгыч класстарда окутуу – башталгыч класстардын мугалими.
  • Мектепке чейинки билим берүү – мектепке чейинки мекемелердин тарбиячысы.

окутуунун сырткы бөлүмү

Касымбеков Амангелди Ажикурбанович, окутуунун сырткы бөлүмүнүн башчысы
Билими:         ОшМУ, табият-таануу факультети, химия бөлүмү
Адистиги:                  химия
Квалификациясы:               химия мугалими
Эмгектери:    Мектептин химия курсунда 9-класстар үчүн практикалык усулдук   колдонмо
Эмгек стажы:        жалпы 30 жыл, педстажы 22 жыл

Бүгүнкү күнгө чейин мурдагы студенттер өздөрү тандаган адистиктери боюнча биринчи же экинчи адистиктерге ээ болушу, аларды кызыктырган кызмат ордунда иштөөнү жана өз жыргалчылыгына карай ишенимдүү кадам жасоого жол берет. Негизги факторлордун арасында сырттан окууну тандоо пайдасына чечим чыгарууга жардам берүүнү баса белгилеп кетүү керек.

Аралыктан окутууну тандоо менен билим берүү жараянынын белгиленген тартибине ылайык окуу материалдарды издеп кереги жок, лекциялардын конспектилери студенттерге интернет аркылуу таркатылат. Ким болбосун окутуудагы билим берүүнүн материалдарын өздөштүрүүдө кыйынчылыктар болсо, кайсы убакта болбосун биздин коллеждин квалификациялуу окутуучуларынан консультацияларды алууга болот.

Заманбап компьютер технологиясын колдонуу менен түзүлгөн окутуунун сырткы бөлүмү, студенттердин татаал деп эсептелген бардык багыттары боюнча окуу курсунан ийгиликтүү өтүшүнө, бир салмактуу жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуу мүмкүнчүлүгүн берет. Окутуу шарттары үчүн олуттуу жана кунт коюп мамиле кылуу окутуучулардын сунуштары менен каралган жана интернет аркылуу окутуу жөн гана адистикке ээ болушунунан сырткары, кызыктуу жана кадыр-барктуу кесип алууга мүмкүнчүлүк берет. Жаңы билим алуу менен жумуш менен камсыз болууда кыйынчылыктарга дуушар болбостон, азыркы эмгек рыногунун жумуш берүүчүлөрүнөн кызыктуу сунуштарды да алса болот.

 

 

Кыска мөөнөттү курстар бөлүмү

Абдулатов Адурашит, Кыска мөөнөтүү курстар бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент.
Билими: 1979-ж.       жогорку. Ош мамлекеттик педагогикалык институту, адистиги “Башталгыч класстарды окутуунун усулу жана педагогикасы”, квалификациясы “ Башталгыч класстардын мугалими”;
Дареги: Кыргыз Республикасы, Ош обл. Өзгөн р-ну, Жазы  айылы;
тел: +996777117057, E-mail: abduitov57@ bk.ru

Кыска мөөнөттүү курстар бөлүмү – окутуучулардын квалификациясын жогорулаткан жана угуучуларды ар кандай багыттарда даярдаган окуу бөлүмү. Бөлүм №LE150000774 лицензиянын негизинде төмөнкүдөй багыттар боюнча кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу пландаштырган:

1) чачтарач иши;

2) англис тили;

3) орус тили;

4) башталгыч кулинария;

5) компьютердик сабаттуулук;

6) ширетүүчү;

7) ветеринар-санитар.

Кыска мөөнөттүү курстар бөлүмүндө билим алууну аяктаганда угуучуларга мамлекеттик эмес үлгүдөгү сертификат же диплом берилет.

Ар бир окуу жылы окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу максатында бөлүм тарабынан иш планы түзүлүп бекитилет. Бекитилген иш пландын негизинде коллеждин администрациясы менен биргеликте окутуучуларга окутуунун заманбап технологиялары боюнча семинарлар уюштурулат.

Укук, коомдук илимдер жана экономика окуу-усулдук бирикмеси

Ташбаева Гульмира Сулаймановна, предметтик-циклдык бирикменин башчысы

Туулган жылы:       14.06.1969-ж.

Жашаган дареги:                           Өзгөн шаары, Ленин атындагы к., 133

Телефон:                   +996773691769

Еmail:             tashbaeva_1969@mail.ru

     Билими: Жогорку, Москва мамлекеттик байланыш жолдору университетинин инженердик-экономикалык факультетинен окуган (1989-1994-жж.).

Адистиги:     бухгалтердик эсеп-кысап, аудит, чарбалык ишмердүүлүктөрдү талдоо

Квалификациясы:  бухгалтер.

 

Укук жана коомдук илимдер кафедрасы. ОшТУнун Өзгөндөгү филиалында ректордун 1996-жылдын 21-октябрындагы Nº 09-01/83 буйругу менен жалпы гуманитардык жана социалдык дисциплиналар кафедрасы уюштурулган (кафедра башчысы Абдулатов Абдурашит). 1997-жылы жогоруда аталган кафедрадан коомдук илимдер кафедрасы бөлүнүп чыккан (кафедра башчылары т.и.к., доцент А. Садыров, доцент Б. Тынай уулу, доцент А.Т. Акматалиев, доцент Г.Н.Муратбаева). 1998-жылдын сентябрь айында ал кафедранын базасында юридикалык дисциплиналар кафедрасы түзүлгөн. Кафедра башчысы болуп доцент Б. Тынай уулу, Б. Молдояров, У. Чотбаев, ю.и.к. Г.Н. Муратбаева, улук окутуучу Дүйшөмамат кызы А. жетектеп келишкен.

2010-жылдан орто кесиптик билим берүү факультетинде 030503 «Укук таануу» адистиги боюнча кабыл алуу башталып, адистик ачылгандыгына байланыштуу кайрадан 2011-жылы директордун буйругу менен Укук жана коомдук илимдер кафедрасы түзүлгөн (кафедра башчысы доцент Тынай уулу Б.). Ал кафедрага «Укук таануу» адистигин бүтүрүү бекитилген. Учурда кафедрада тажрыйбалуу окутуучулар: кафедра башчысы Дүйшөмамат кызы Алвина, филос.и.д., профессор А.Т.Акматалиев, ю.и.к, доцент Г.Н.Муратбаева, доцент Тынай уулу Б., аспирант Ш.А.Кушубакова, магистрлер Жумакадыр уулу М., Н.А.Эргешова, Р.А.Иминова, Турдали уулу К., Ж.Жакыпов жана К.Исаевдер эмгектенип келишет.

Экономика окуу-усулдук бирикмесинин тарыхы.

Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү стандартынын талабына ылайык жогорку билим берүү адистерин 521603 «Финансы жана кредит» багыты боюнча 1997-жылдын 23-июнундагы №09-01/92 буйругунун негизинде ОшТУнун Өзгөндөгү филиалында “Экономика жана менежмент” кафедрасы түзүлгөн.

Жылдан жылга окуу жүктөмү көбөйгөндүгүнө байланыштуу ОшТУнун Өзгөн филиалына окутуучулар чакырылып алып келинген (А.Алиева, М.Субанкулова).

Кафедрада 10дон ашык окутуучу, анын ичинде 1 илимдин доктору, 3 илимдин кандидаты, 3 Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниктери эмгектенген. Алар философия илимдеринин кандидаты, доцент А.Т.Акматалиев, айыл-чарба илимдеринин доктору, профессор Э.А.Смаилов, экономика илимдеринин кандидаттары А.М. Зулпуева, А.А.Кутманбековалар жана ага окутуучу А.Малабаев, окутуучулар А.Т.Мусаева, Д.М.Эргашевалар иштешкен.

2018-жылдын апрель айынан баштап кафедра дирекциянын буйругунун негизинде окуу усулдук бирикме болуп өзгөртүлгөн.

Азыркы учурда Өзгөн технология жана билим берүү коллежинде 080110 Экономика жана бухгалтердик эсеп-кысап (тармактар боюнча), 080106 Финансы (тармактар боюнча) адистери даярдалууда.

Окуу усулдук бирикмесинин миссиясы – экономика, финансы жана мамлекеттик башкаруу тармактары үчүн орто кесиптик деңгээлдеги, рынок экономикасынын шарттарына жооп бере алган, чет тилдерди жана жаңы маалымат технологияларын терең үйрөнгөн адистерди тарбиялоо, кесиптик билим берүүнүн дүйнөлүк алдыңкы стандарттарын терең өздөштүрүү аркылуу эл аралык билим берүү мейкиндигине жуурулушуп, окутуунун жаңы технологияларын пайдаланып, билимдин сапатын жакшыртып, улуттук артыкчылыктарды өнүктүрүү менен атаандаштыкка туруштук берүүчү татыктуу адистерди даярдоо.

Окуу усулдук бирикмесинин максаты – Кыргыз Республикасынын экономика тармагында, мамлекеттик башкаруу системасында жана жеке компаниялардын башкаруу жана көзөмөлдөө кызматтарында өз билимдерин пайдалануу менен Билим берүү процесси (мындан кийин – ББП) оптималдуу чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү кадрларды даярдоо.

ОУБдун негизги милдеттери:

  • педагогикалык кадрлардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу, окутуучулардын интеллектуалдык дараметин, илимий-изилдөө базасын өнүктүрүүгө;
  • новатордук окутуу методдору жана заманбап билим берүү технологияларын колдонууну киргизүү;
  • каржы чөйрөсүндөгү адистерди илимий-педагогикалык мектептерде эксперттерди атааңдашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Евразия экономикалык аймактары бажы биримдигине кошулушу менен айыл чарба тармагындагы болгон кескин бурулуш 080110 Экономика жана бухгалтердик эсеп-кысап (тармактар боюнча), 080106 Финансы (тармактар боюнча) тармагындагы адистиктерди талап кылууда. Мындай муктаждык түштүк аймагындагы мамлекеттик мекеме-ишкана, коммерциялык банктар, аймактык кредиттик союздар жана айыл өкмөттөрүндөгү бухгалтер (эсеп-кысап) жана финансист адистеринин билимдүү адистердин жетишсиздигинен келип чыгууда. Ошондуктан орто билимдүү бухгалтер жана финансист адистеринин жеке сапаттары төмөндөгүдөй болуусу зарыл:

  • аналитикалык аң-сезими жогору;
  • байкоочулук сапатынын жогору болушу;
  • ишканалардын экономикалык процесстерин талдоо;
  • экономикалык жаңы ыкмалар менен иш алып баруу;
  • ишканалардын ички глобалдык маселелерин чечүү;
  • стандарттык сертификациянын негизинде иш алып баруу;
  • мамлекеттик каржы системасындагы ыкмаларын билүү;
  • жаңы технологияларды колдоно билүү;
  • өндүрүштөрдү жаңы технологиялар менен камсыз кылуу.

ОУБтун бүтүрүүчүлөрү ар кандай ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде, эл аралык компанияларда, мамлекеттик бийлик органдарында, ошондой эле, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында, Орусия жана башка өлкөлөрдө окуусун улантууда.

ОУБ билим берүү жана методикалык изилдөө үчүн ыңгайлуу заманбап лекциялык, практикалык сабактарды өтүү үчүн аудиторияларды, компьютердик класстарды жана кабинеттерди камсыздайт.

Окуу жайда электрондук китепкана уюштурулган. Компьютердик класста электрондук китепкана жана интернет тармагын колдонууга студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр берилет.

ОУБтун өзгөчөлүгү Эл аралык билим берүү системасынын талаптарына ылайык компьютердик технологиялар жана чет тили боюнча студенттердин ар тараптуу изилдөөлөрүнүн бири болуп саналат.

ОУБтун бардык окутуучулары өз адистиктери боюнча базалык квалификацияларына ээ жана билимин жогорулатуу максатында үзгүлтүксүз ар кандай курс, семинарларга катышышып, сертификаттарга ээ болушат.

ОУБтун окутуучулары тарабынан өз ишмердүүлүгүндө 2 монография, окуу колдонмолору жана окуу- усулдук иштелмелери иштелип чыккан.

ОУБ Кыргызстандын алдынкы окуу жайлары, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен илимий изилдөө иштери боюнча байланышы бар.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниктери, доцент Г.С.Ташбаева, жана окутуучу М.С.Хакимова, улук окутуучу Г.Ж.Наджиева, окутуучулар Р.М.Сагынбаева, Ч.Т.Калчаевалар эмгектенип келишүүдө. Алар жыл сайын информациялык технологиянын өнүгүүсүнө ылайыктап окуу программаларына өзгөртүү киргизип, окуу материалдарын жаңылап турушат.

ОУБдун ийгиликтерине окуу-усулдук кеңеш, профсоюз уюму, аялдар кеңеши, жаштар комитети, студенттер кеңеши, “Тамашоу” КВН командасы жана студенттик өзүн-өзү башкаруу органдары салымын кошуп турушат.

Окуу процесси Кыргыз Республикасынын Билим берүү мыйзамынын, мамлекеттик билим берүү стандарттарынын, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген нормативдик документтердин, ошондой эле окуу жайдын Уставынын, адистиктердин окуу пландарынын жана окуу процессинин графигинин негизинде уюштурулат.

 

Укук, коомдук илимдер жана экономика предметтик-циклдык бирикмесинин курамы:

 

Муратбаева Гүлбарчын Насаркуловна,

юридика илимдеринин кандидаты, профессордун м.а.

Кыргыз Республикасы, Ош обл. Өзгөн р-ну, Мырза-Аке айылы, тел: +996772340516,

E-mail: muratbaeva.1976@mail.ru

Билими: 1999-ж.      Жогорку. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик  улуттук университетин аяктаган, адистиги юриспруденция, Квалификациясы: юрист.

 


Тынай уулу Бактыбек, доцент

Туулган жылы, орду: 08.11.1967, Өзгөн району, Мырза-Аке айылы.

Билими:        жогорку

  1. Ош мамлекеттик университети, 1993-ж. (артыкчылык диплому менен);
  2. Ош технологиялык университети, 2001-ж. (артыкчылык диплому менен).

Адистиги, квалификациясы:

  1. Тарых, тарых жана социалдык-саясий дисциплиналар мугалими;
  2. Юриспруденция, юрист.

 


Дүйшөмамат кызы Алвина, окутуучу

Тел.                +996502515675,

e-mail:            alya-alia-90@mail.ru,

Туулган датасы:     1990-жылдын 17-сентябры

Жашаган жери:      Ош обл., Өзгөн р-ну, Мырза-Аке айылы, Полотов көчөсү

Билими:                    жогорку

2007-2012-жж.    Ош мамлекеттик юридикалык институтун “Адвокатура жана юстиция” факультетинде окуган.

Адистиги: – юриспруденция, Квалификациясы – юрист.

 


Иминова Ранохан Анваровна, окутуучу

Туулган дата, жери            :           14.11.1977-ж., Ош обл. Өзгөн ш.

Билими:        жогорку, Андижан давлат университети, адистиги тарых

Ош технологиялык университети, адистиги юриспруденция.

Квалификациясы: тарых мугалими, юрист

Телефон:                   0555231377

E-mail :                      imranchik1977@mail.ru

          Дареги:                       Өзгөн ш., Ибрагимов атындагы к., 5.

 


Эргешова Нургүл Абдывахаповна, окутуучу

Туулган датасы:     18.12.1995-ж.

Туулган жери:         Жалал-Абад обл. Сузак району

Тел.    0776000595

Үй дареги:    Өзгөн району, Макаренко а., С.Мамасидикова к., 45

Электрондук дарек            :           bakytovanur@gmail.com

Билими: Магистр,  Ош мамлекеттик университети, юриспруденция

         Бакалавр:       Ош мамлекеттик юридикалык институту

         Квалификациясы:    “Юрист”

 


Исаев Кубанычбек Маратович, окутуучу

Туулган жылы:      29.09.2000-ж.

Жашаган дареги:    Ош облусу, Өзгөн району, Манас к., 74-үй, кв 54

Телефон:       +996708963767, Е-mail:      kisaev2909@gmail.com

Билими:        жогорку, Ош ш. Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин юридика-бажы факультетин 2023-жылы

Адистиги:     юриспруденция.

Квалификациясы   юрист

 


Турдали уулу Кубанычбек, окутуучу

Туулган жылы:       17.09.1984-ж.

Жашаган дареги:    Өзгөн району, Кара-Шоро а/ө, Ак-Жар айылы

                                 Телефон:          +996559007991

         Билими:           жогорку, Финансы жана кредит (2010-2014-жж.),

Дене-тарбия мугалими (2003-2007-жж.)

 


Жумакадыр уулу Манасмиң, окутуучу

Туулган датасы, жери:      25.08.1995-ж., Өзгөн району, 15 жаш айылы

Билими:        жогорку, 2012-2016-ж., ОшМУ, Педагогика (дене тарбия) багыты боюнча бакалавр; 2016-2018-жж. Педагогика багыты боюнча магистр.

 

 


Турдалиев Бектурсун Нурбекович, окутуучу

Туулган жылы:      16.01.2002-ж.

Жашаган дареги:    Кыргыз республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Кара-Шоро айыл аймагы, Ак-Жар айылы.

Телефон:       +996709 709 145

Е-mail :           bturdaliev10@gmail.com

Билими:        Жогорку, Ош Мамлекеттик университетинин дене-тарбия жана психология факультетин аяктаган (2019-2024-ж.ж.). Адистиги –дене-тарбия. Квалификациясы – дене-тарбия окутуучу

 


Калчаева Чынара Токтоназаровна, окутуучу

Туулган жылы:      31.01.1978-ж.

Жашаган дареги:   Ош облусу, Өзгөн шаары, Кыргызстан к., 38

Телефон:                  +996776 09 88 85

Е-mail:                       kalchaeva7979@mail.ru

Билими:        жогорку, 2001-жылы  ОшТУнун каржы-экономикалык факультетинин бухгалтер жана аудит адистигин аяктаган.

 


Наджиева Гүлбарчын Жолдошовна, улук окутуучу

Туулган жылы:      21.12.1977-ж.

Жашаган дареги:    Кыргыз республикасы, Ош облусу, Өзгөн шаары,  Ленин к., 129

Жарандыгы:                       Кыргызстан

Телефон:       +996773664320, Е-mail                   n_chyn@mail.ru

Билими:        жогорку, Ош ш., КМУУнун эл аралык билим берүүнүн программаларын интеграциялоо институтунун экономика факультетинен   окуган (1994-1999-жж.).

Адистиги:     бухгалтердик эсеп-кысап, аудит, чарбалык ишмердүүлүктөрдү талдоо, квалификациясы      бухгалтер.

 


Хакимова Маргуба Сазбалаевна, окутуучу

Туулган жылы:      05.02.1977-ж

Жашаган дареги:    Өзгөн району, Өзгөрүш айылы, М.Исаков к., 12

Телефон:       +996770 262 673

Е-mail :           marguba-77@list.ru

Билими:        жогорку, 1. Ош ш. КМУУнун эл аралык билим берүүнүн программаларын интеграциялоо институтунун экономика факультетин 1988-ж.аяктаган. 2. ОшТУ, гуманитердык факультет (2006-2010-жж.).

Адистиги: 1. Бухгалтердик эсеп, текшерүү жана чарба ишмердүүлүгүнүн   анализи. 2. Тарых

Квалификациясы      1. Бухгалтер. 2. Тарых мугалими

 


Мааткеримов Зайналабудун Жеенбекович,

доценттин милдетин аткаруучу

Туулган датасы:     10.01.1963-ж.

Туулган жери:         Ош облусу, Өзгөн району, Көлдүк айылы

Билими:                    жогорку, Ош мамлекеттик пед.институту, чет тилдер факультети, 1985-ж.

Адистиги:                 Чет тили

Квалификациясы     Англис жана немец тилдеринин мугалими

Эмгек стажы:                      40 жыл

          Кызматы                   англис тили боюнча доценттин милдетин аткаруучу

          Телефону                    0779636310, 0704100163, 0228919054

          E-mail                          zainjeen2020@gmail.com

 


Жунусали кызы Назбүбү, окутуучу

Туулган жылы:      20.07.1997-ж.

Жашаган дареги:    Өзгөн шаары, В.И.Ленин көчөсү, 133

Байланыш номери:           +996779201519

e-mail:            zhunusalikyzy.n@gmail.com

Билими:                    жогорку

Педагогика жана тил илимдери предметтик-циклдык бирикмеси

Кайназаров Бийназар Алтынбекович, ПТИ предметтик-циклдык бирикмесинин башчысы

Туулган датасы жана жери:        16.03.1978, Өзгөн шаары

Билими: 1) 2000-жылы Ош мамлекеттик университети, кыргыз тили жана адабияты адистиги

2) 2013-жылы Ош технологиялык университетинин “Каржы жана насыя” адистиги

 

ОшТУ ректорунун 1996-жылдын 21-октябрындагы №09-01/83 буйругу менен ОшТУнун Өзгөн филиалында коомдук, социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы уюштурулган. Кафедраны улук окутуучу А.Абдулатов жетектеген. 1998-жылдан тартып биздин окуу жайда төмөнкүдөй адистиктер боюнча даярдоо иштери жүргүзүлгөн: англис тили жана адабияты, кыргыз тили жана адабияты, тарых, башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу. 2000-жылы ушул кафедранын базасында 3 кафедра уюштурулган: коомдук илимдер кафедрасы, тилдик дисциплиналар кафедрасы жана башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу кафедрасы.

2006-жылдан педагогикалык адистиктеги студенттерибиздин башка жождорго которулгандыгына байланыштуу кафедралар бириктирилген, натыйжада педагогика жана тилдер дисциплиналары кафедрасы уюштурулган. Кафедраны ф.и.к. С.Б.Эргешова жетектеген.

Кафедрада 1 илимдин доктору, профессор К.З.Зулпукаров, 2 илимдин талапкерлери А.Абдулатов, С.Б.Эргешова жана башка улук окутуучулар, аспиранттар эмгектеништи. Илимий макалалар, окуу-усулдук куралдар, китептер жана монографиялар жарык көрдү.

Азыркы учурда кафедранын окутуучулары башталгыч класстардын мугалими жана мектепке чейики курактагы балдардын тарбиячысы профилдери боюнча билим берүүнүн орто кесиптик адистерин даярдашууда. Биздин окутуучулардын катышуусу жана уюштуруусу менен ар кандай иш-чаралар уюштурулуп турат. Жогоруда аталган адистер үчүн педагогика жана тилдер дисциплиналары кафедрасы база болуп саналат. Бул кафедра Кыргызстандын түштүк аймагында филол.и.д., профессор К.З.Зулпукаровдун жетекчилиги астында филология багыты боюнча окумуштууларды даярдаган борбор болуп эсептелет. 6 талапкердик диссертациялар корголду жана 6 окутуучу окумуштуу даражаларын алышты. Педагогдор, окумуштуулар, билим берүү мыктылары А.Абдулатов, З.Ж.Мааткеримов, М.К.Хакимова, Б.А.Кайназаров, Ч.М.Жолдошева, У.С.Матиева, З.Э.Кадырова, М.К.Калбердиева, А.Ш.Боромбаева, М.Мамытова, Б.О.Базарбаевдер алар менен биргеликте иштеп, студенттерди тарбиялап келишет.

Биздин кафедра өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат: шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.М.Абылкасимов, №8 Курманжан Датка атындагы орто мектебинин директору Т.С.Джусупов, “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын котормочусу А.А.Хасанов, №97 О.Максутов атындагы орто мектебинин директору У.Маматова, ОшМУнун окутуучусу А.Бегматова, ОшМЮИ окутуучусу Э.А.Бакирова, Өзгөн медициналык коллежинин кафедра башчысы Ж.А.Карынова жана ӨТББК окутуучусу М.К.Калбердиева.

Педагогика жана тил илимдери предметтик-циклдык бирикмесинин курамы:
Мамасеитов Абдыманап,

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими

Туулган датасы, дареги:    15.06.1943, Ош обл., Өзгөн р-ну, Кароол айылы

Билими:  1961-жылы орто мектепти ийгиликтүү бүтүрүп, 1962-жылы Ош педагогикалык институттун филология факультетине кирип, 1970-жылы (армиядан кийин) аталган окуу жайдан мугалим деген квалификацияга ээ болгон

 


Бакиров Абдимиталип,

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими

Туулган жери:          19.09.1945-ж., Ош обл., Өзгөн р-ну, Куршаб айылы

Дареги:          Өзгөн району, Куршаб айылы Р.Абдыкадыров к., 19

Телефон:        07771939230, 0773399021

Email: mirgul2509@gmail.com

 


Жолдошева Чолпон Морошевна,

ПТИ предметтик-циклдык бирикмесинин улук окутуучусу

Туулган дата, жери:      19.02.1968, Ош обл., Өзгөн р-ну, Кара-Кочкор а.

Билими:   жогорку, ОГПИ, 1985-1990

Адистиги:           орус тили жана адабияты

Квалификациясы:         орус тили жана адабияты мугалими

Эмгек стажы:     35 жыл

 


Атаджанова Гульнорахон Музафаровна, окутуучу

Туулган жери, датасы:       18.04.1969, Ленинабад шаары Таджикстан республикасы

Телефон:        0755019773

e-mail:            gulnoraatadjanova59@gmail.com

Дареги:          Өзгөн ш., Бишкек к., 5

Билими:         жогорку, Ленинабад мамлекеттик пединституту, филология факультети

          Адистиги:       орус тили жана адабияты

          Квалификациясы:     орус тили жана адабияты мугалими

 


Калбердиева Майрамхан Кубатбековна, доценттин милдетин аткаруучу

Туулган жери, дата: 18.04.1980-ж., Ош об., Өзгөн р-ну, Красный-Маяк

Телефон, E-mail:       +996554420224, maya.kalberdieva@gmail.com

Дареги:          Өзгөн шаары, Манас көчөсү

Билими:                    жогорку, 1. ОшТУ, Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы адистиги. 2. ОшТУ, тарых адистиги

Квалификациясы: 1. Башталгыч класстардын мугалими. 2. Тарых мугалими.

 


Матиева Уултай Сапарбайевна, окутуучу

Туулган датасы, жери: 27.04.1968-ж, Ош облусу, Өзгөн району, Мырза-Арык айылы

Билими: Жогорку, Ош мамлекеттик педагогикалык институтун 1991-жылы бүтүргөн

Адистиги: кыргыз тили жана адабияты

Квалификациясы: кыргыз тили жана адабияты мугалими

 


Тагаев Тургунбай, окутуучу

Туулган датасы:      5-январь, 1948-ж.

Туулган жери:                       Өзгөн району, Шоро-Башат айылы,

Билими:                     жогорку, Фергана мамлекеттик педагогикалык институту, орус тили жана адабияты факультети, 1982

Квалификациясы:   Орус тили жана адабияты мугалими

Жалпы эмгек стажы:          1971-жылдан

 


Эргешова Айчүрөк Абдиназаровна, окутуучу

Туулган датасы, жери:                     04.08.1976-ж., Тажикстан Респуб., Шураб шаары

Билими:         Жогорку, ОшМУ

Адистиги:      Мектепке чейинки билим берүү

Квалификациясы:   Тарбиячы, кошумча логопед-дефектолог

 


Исманова Гүлзуура Жанболотовна, окутуучу

Туулган дата, жери:                        03.03.1982-ж. Ош облусу, Өзгөн району, Кызыл-Тоо айылы

Билими:         Жогорку, ОГПИ, 1997-2002-жж.

Адистиги:      Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу

Квалификациясы:   Мугалим

Табигый-техникалык илимдер предметтик-циклдык бирикмеси

Султанова Нафиса Бердикуловна, предметтик-циклдык бирикменин башчысы

Туулган жылы:      8-ноябрь 1998-жыл, Ош шаары

Билими:        1. ОшТУ, 2019-ж., бакалавриат, 2. ОшТУ, 2023-ж., магистратура.

Адистиги:     1. Маалыматтык системалар жана технологиялар.

  1. Финансы жана кредит.

 

ОшТУнун Өзгөндөгү филиалында ректордун 1996-жылдын 21-октябрындагы № 09-01/83-буйругу менен «Табигый жана жалпы кесиптик дисциплиналар» кафедрасы уюштурулган. Кафедра башчысы болуп Абдыгапаров Х.Т. дайындалган, ал эми ошол эле жылдын декабрь айынан баштап ал кафедраны Раманкулов М. жетектеген. Кафедранын мүчөлөрүнө классикалык илимдерден – математика, физика, химия жана инженердик, технологиялык, экономикалык дисциплиналарды окутуу бекитилип берилген. Кафедрада алгачкылардан болуп эмгектенгендер: Абдыгапаров Хатам (физика), Шайбеков Исмайилжан, Кенеев Урбай (математика), Манапбаев Исраил (информатика), Топчубаева Рисалат (химия), Амиракулов Нурали (биология, экология), Раманкулов Мухамедназар (теориялык механика, колдонмо математика), Самиева Жыргал (тамекинин технологиясы боюнча адистик предметтер), Алиева Акылай, Субанкулова Мира (экономикалык дисциплиналар).

1997-жылдын сентябрь айында ал кафедранын базасында «Инженердик-технологиялык дисциплиналар» кафедрасы түзүлгөн (кафедра башчысы улук окутуучу Раманкулов М.). Ал эми 1998-жылы август айында аталган кафедра «Колдонмо механика жана информатика» кафедрасы болуп кайрадан түзүлгөн (кафедра башчысы Раманкулов М.). Бул кафедранын кызматкерлери механика дисциплиналарын (т.и.к. Аданбаев Ү., т.и.к. Смаилов Э., улук окутуучу Раманкулов М.), информатиканы (окутуучу Манапбаев И., окутуучу Молдалиев К.) жана колдонмо математиканы (улук окутуучу Раманкулов М.) окутушкан.

2005-2006-окуу жылынын башталышында КМИ кафедрасына «Физика жана математика» каферасындагы математикалык дисциплиналар кошулуп, «Математика жана информатика» кафедрасы болуп кайрадан аталган (кафедра башчысы ф.-м.и.к. Ахмедов А.А.).

2006-жылдын ноябрь айында ПОВТАС, ОБД, ФК, БУА адистиктери ОшТУга которулгандыгына байланыштуу «Математика жана информатика» кафедрасына «Инженердик-техникалык дисциплиналар жана графика» кафедрасы бириктирилип, «Математика, информатика жана инженердик дисциплиналар» кафедрасы болуп кайрадан аталган. Кафедра башчылыгына т.и.к. Үсөн Аданбаев дайындалган. Кафедрага ПОВТАС жана ТОРАТ адистиктери бекитилип берилген.

2007-жылдын сентябрь айында орто кесиптик билим берүү боюнча ПОВТАС адистигине кабыл алынган студенттерди окутуу кайрадан башталган жана октябрь айында кафедра башчылыгына улук окутуучу З.Зулпуев дайындалган.

2000-жылы 552801.04 «Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо» (ПОВТАС) адистигине кабыл алуу башталган жана КМИ кафедрасына бул адистикти бүтүрүү милдети жүктөлгөн. Кафедра 2005- жана 2006-жылдарда ПОВТАС адистиги боюнча инженерлерди бүтүрүүнү ишке ашырган.

2014-жылдын май айынан ал кафедра табигый-техникалык дисциплиналар кафедрасы катары иштеп келатат (каф.башчысы Сапарова Б., 2016-жылдан – Калбаева Д.). Акыркы беш жылда кафедранын эки мүчөсү тамекини кайра иштетүүнү механизациялаштыруу тармагынан техника илимдеринин кандидаты илимий даражасынын диссертацияларын ийгиликтүү коргошту (Атамкулова М.Т., Зулпуев З.Б.).

2018-19-окуу жылында кафедра Табигый-техникалык илимдер окуу усулдук бирикмеси болуп өзгөртүлүп, бирикменин жетекчилигине Б.К.Сапарова дайындалган. Бүгүнкү күндө ОУБга 230701 Колдонмо информатика (тармактар боюнча), 230109 Эсептөө техникасын  жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо, 140212 Электр менен жабдуу (тармактар боюнча) адистиктери бекитилип берилген.

2012-жылдын сентябрь айында Математика жана информатика кафедрасы болуп кайрадан түзүлгөн (каф.башчысы Сапарова Б.) жана андан кийин шартка ылайык Биология, технология жана табигый-математикалык дисциплинар кафедрасы катары өзгөрүүгө дуушар болгон (каф.башчысы Сапарова Б.).

 

Табигый-техникалык илимдер окуу усулдук бирикмесинин курамы:

 

Мокеев Шакир Дөдүевич, доценттин милдетин аткаруучу

Тел.: +996 773445220

Билими: 1995-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика адистигин бүтүргөн.

Эмгектери: физиканы окутуу боюнча 6 илимий, 5 окуу-усулдук эмгектердин автору

Окуткан предметтери: физика, астрономия, электротехника.

 


Мамытова Роза Наркозуевна, окутуучу

Тел.: +996 770162097, e-mail: cezi14@mail.ru

Билими: 2001-жылы ОшТУдан Экономикадагы математикалык методдор жана операцияларды изилдөө адистигин аяктаган.

Окуткан предметтери: математика, математикалык моделдөө, финансылык математика, кесиптик математика, математиканын башталгыч курсунун негиздери.

 


Акматов Осмонали Маматалиевич, окутуучу

Туулган жери:                     Өзгөн району, Ленинское айылы

Билими:                    жогорку, 1984-ж. Фрунзе политехникалык институтунун электр станциялары жана тармактары адистигин бүтүргөн

Квалификациясы: инженер-электрик.

Окуткан предметтери: Электр менен жабдуу адистигинин кесиптик циклиндеги предметтер.

 


Касымбеков Амангелди Ажикурбанович, окутуучу

Билими:        ОшМУ, табият-таануу факультети, химия бөлүмү

Адистиги:                 химия

Квалификациясы:             химия мугалими

Эмгектери:   Мектептин химия курсунда 9-класстар үчүн практикалык усулдук колдонмо

Эмгек стажы:          жалпы 30 жыл, педстажы 22 жыл

 


Раманкулов Мухаммед-Назар, доцент

Телефон:       +996558272428, +996779270952

e-mail:                        r_nazar@list.ru

Жеке сайты:            https://multiurok.ru/id0079333/

Туулган датасы:     1953-жылдын 8-марты

Жашаган жери:      Өзгөн р-ну, Шоро-Башат а., Низамов к., 6

Билими:                    жогорку

 


Максутова Айчүрөк Төрөгельдиевна, окутуучуу

Телефон:       +996777850384, +996706033069

e-mail: maksutovaaichurok@gmail.com

Туулган датасы:     1968-жылдын 20-ноябры

Жашаган жери:      Өзгөн р-ну, Бабаш-Уулу а.

 


Абдуллаева Рахатай Айбековна, б.и.к., доцент

Моб.тел.: 0772-84-40-83, e-mail: rohanur16@mail.ru

Эмгектери: 5 илимий жана 8 окуу-усулдук эмгектердин автору.

Окуткан предметтери: биология, экология, география.

 


Оморбеков Шамсудин Атанович, окутуучу

Туулган жылы, орду:  24.02.1966-ж., Өзгөн р-ну, Кызыл-Чарба айылы.

Билим алган окуу жайы,бүтүргөн жылы:       Ош мамлекеттик университетине 1987-жылы тапшырып, 1992-жылы Ош жогорку технологиялык коллежин (азыркы ОшТУ) аяктаган

Адистиги, квалификациясы        Эмгек, эсептөө техникасынын негиздери жана программалоо жана жалпы техникалык дисциплиналар, мугалим.

 


Мусаев Мамасыдык Садыкович, окутуучу

Туулган жылы, орду:        14.071961-ж., Өзгөн району, Шералы айылы.

Билими:                                           Кыргыз мамлекеттик университети, 1988-ж.

Адистиги жана квалификациясы:         Математика, математика окутуучусу

 


Ташиева Кундуз Мамасалиевна, окутуучу

Адистиги:                                                    биология, химия

Квалификациясы:                         биология жана химия мугалими

e-mail:                                                            kunduztashieva@gmail.com

Телефон:       +996 771 25 34 34

Туулган датасы, орду:       21.06.1975-ж., Өзгөн ш., Манас к., 181

Жашаган жери:                  Өзгөн району, Мырза-Аке а., Кара-Шоро көчөсү, 12А

Билими:                               жогорку

 


Аскарова Зейнеп Абдилмажитовна, окутуучу

Туулган датасы, орду:                  22.05.1995-ж., Өзгөн району, Зергер айылы

Билими:                    Ош мамлекеттик университети, 2019-ж.

Адистиги, квалификациясы:       Математика жана информатика, мугалим.

 


Кочоров Туратбек Жумабекович, айкалышкан шартта окутуучу

Тел: +996 700 626952, E-mail: kochorov2016@gmail.com

Туулган датасы:     28.11.198-ж.

Билими:        жогорку, Кыргыз-Өзбек университети (2004-2009-жж.)

Адистиги:     Маалыматтарды кайра иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары

Квалификациясы: инженер, компьютердик технолог

 


Акматалиева Айпери Турдалиевна, окутуучу

Туулган дата:            22.08.2002-ж.

Билими:         бакалавриат, академик М.Адышев атындагы ОшТУнун кибернетика жана маалыматтык технологиялар факультетин 2025-жылы бүтүргөн.

Адистиги:      Информатика жана эсептөө техникасы

УРМАТТУУ ОРТО МЕКТЕПТЕРДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ – АБИТУРИЕНТТЕР!

 

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту 2025-2026-окуу жылына кабыл алууну жарыялайт

Академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту ОшТУнун структуралык бөлүгү болуп эсептелинет.

Студенттер үчүн окууга, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана эс алуусуна бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бул максатта окуу залы менен 38000ден ашуун китеби бар китепкана, акыркы муундагы компьютерлер менен жабдылган 5 компьютердик класс, электрондук китепкана, мультимедиа борбору түзүлгөн. Студенттер компьютердик класстарда интернет түйүнүнөн акысыз пайдалана алышат. 200 орундуу маалымат жана маданий борбору, жыйындар залы, заманбап талаптарга жооп берген “Шумкар” спорт комплекси студенттерге кызмат кылат. Окуу жайда акыркы муундагы электрондук микроскоп жана приборлор менен жабдылган Кыргызстандагы мыкты илимий-изилдөө лабораториясы иштейт, студенттерге салттык сабактардан сырткары телевизор, интерактивдүү доска жана проекторлорду колдонуу менен сабактар өткөрүлөт.

Окуу жайда AVN автоматташтырылган маалымат системасы толук өздөштүрүлүп, окуу процесси электрондук башкарууда иштейт.

Ошондой эле ар бир окутуучунун лекциялары, практикалык жана лабораториялык сабактарынын иштелмелери, экзамендеринин жыйынтыктары AVN маалымат системасына жайгаштырылган.

Институтта 45 окутуучу эмгектенет. Алардын арасында 2 илимдин доктору, профессор, 4 илимдин кандидаты, доценти жана 20 билим берүүнүн мыктылары бар. 2001-жылдан бери институттун аспиранттарынан, изденүүчүлөрүнөн 19 кандидаттык, 4 доктордук диссертация корголду. Ушул күндө коллеждин стационардык жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө 1500ден ашуун студенттер билим алышууда.

Институт Кытай, Казакстан, Орусия, АКШ, Түштүк Корея, Армения, Германия, Нидерланды, Польша, Словакия, Япония, Иран, Өзбекстан ж.б. өлкөлөр менен илимий-изилдөө, усулдук, кесиптик багыттарда тыгыз байланыштарды жүргүзүүдө.

Жаңы окуу жылына кабыл алуу ( LC 150000396; LC 160000219; LC 170000974; LS 190000207) лицензиянын негизинде төмөндөгү адистиктер боюнча жүргүзүлөт:

230109.Эсептөө техникасын жана автоматташты рылган системаларды программалык камсыздоо. Сынактар: математика, кыргыз (орус) тили (11-кл. бүтүрүүчүлөрү үчүн кошумча информатика). Күндүзгү бөлүмү гана бар.

  1. Электр менен жабдуу (тармактар боюнча). Сынактар: физика, кыргыз (орус) тили (11-кл. бүтүрүүчүлөрү үчүн кошумча математика). Күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү бар.

050704 Мектепке чейинки билим берүү. Сынактар: математика, кыргыз (орус) тили (11-кл. бүтүрүүчүлөрү үчүн кошумча кыргыз адабияты). Күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү бар.

  1. Башталгыч класстарда окутуу. Сынактар: математика, кыргыз (орус) тили (11-кл. бүтүрүүчүлөрү үчүн кошумча кыргыз адабияты). Күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү бар.
  2. Финансы (тармактар боюнча). Сынактар: математика, кыргыз (орус) тили (11-кл. бүтүрүүчүлөрү үчүн кошумча информатика). Күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү бар.
  3. Экономика жана бухгалтердик эсеп-кысап (тармактар боюнча). Сынактар: математика, кыргыз (орус) тили (11-кл. бүтүрүүчүлөрү үчүн кошумча информатика). Күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү бар.
  4. Укук таануу. Сынактар: Кыргызстандын тарыхы, кыргыз (орус) тили (11-кл. бүтүрүүчүлөрү үчүн кошумча жалпы тарых). Күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү бар

Кыска мөөнөттү курстар боюнча даярдоо

Окууга өткөн абитуриенттерге адистигине карабастан контракттык негизде төмөндө көрсөтүлгөн кыска мөөнөттүү курстардан окуп, мамлекеттик эмес үлгүдөгү дипломго, сертификатка ээ болуусуна шарт түзүлгөн (лицензия №Е16000491, LE50000774, LE180001173 КР ББжИМ):

  • Компьютердик сабаттуулук (окуу мөөнөтү 2 ай).
  • Чачтарач иши (окуу мөөнөтү 2 ай).
  • Орус тили (окуу мөөнөтү 1 жылга чейин).
  • Англис тили (окуу мөөнөтү 1 жылга чейин).
  • Ветеринардык санитар (окуу мөөнөтү 3 ай).
  • Электр ширетүүчү (окуу мөөнөтү 2 ай).
  • От жагуучу (окуу мөөнөтү 2 ай).
  • Кулинария (окуу мөөнөтү 2 ай).

Кабыл алуу учурунда бардык предметтер боюнча кыска мөөнөттөгү даярдоо курстары уюштурулат, угуучулар курсту бүткөндөн кийин кирүү сынактарын тапшырышат. Өзгөндө контракттык негизде окуган студенттер Ош, Бишкек жана башка шаарлардагы окуу жайларында окугандарга караганда 50-80%га аз чыгымга дуушар болот, башкача айтканда  үй-бүлөлүк каражаттарын кескин түрдө үнөмдөйт. Коллеждин жатаканасы бар.

Жеңилдиктер

  1. Окуу акысын 1 жылдын ичинде 2 жолу: жарымын 1-декабрга чейин, экинчи жарымын 1-майга чейин бөлүп төлөсө болот.
  2. Кирүү сынактарынан төмөнкүлөр бошотулат же жеңилдиктер берилет:
  • республикалык олимпиадаларда негизги предмет боюнча I, II, III орундарды ээлегендер;
  • 18 жашка чейинки курактагы камкордукка алынбаган тоголок жетимдер;
  • биринчи жана экинчи топтогу майыптар.
  1. Бюджеттик орундарга тестирлөө жүргүзүлөт.
  2. Бюджеттик негизде окуган, институттун коомдук турмушуна активдүү катышкан жана окуу процессинде ийгиликке жетишкен студенттер стипендия алышат. Андан сырткары мыкты жетишкендиктерди камсыз кылган студенттер академик Б. Мурзубраимов атындагы стипендияны алышат.

Окуу мөөнөтү

Стационардык бөлүмдө: 9-классты бүтүргөндөр 2 жыл 10 ай, 11-классты бүтүргөндөр 1 жыл 10 ай, ал эми сырткы бөлүмдөгүлөр 2 жыл 6 ай окушат.

Документтерди кабыл алуу:

I агым: 20-июндан 1-августка чейин. II агым: 3-августтан 25-августка чейин.

Окуу жайга тапшырылуучу документтер:

  1. Билими тууралуу күбөлүк, аттестаты же диплому (түп нускасы);
  2. Паспортунун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  3. 3х4 өлчөмүндөгү 8 даана фото (сүрөт);
  4. ОМСтин көчүрмөсү (паспорту жокторго);
  5. Аскердик билет же аскерге чакырууга каттоо күбөлүгү (эркек балдар үчүн).

Биздин дарек: 723600 Өзгөн шаары, Манас көчөсү, 186, Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту.

Сурап билүү телефондору: (03233) 5-31-47, 5-31-89, 5-30-34, 5-30-19.

 

Уландар жана кыздар!

Эгер өз жериңерден алыс барбай, аз каражат сарптап, билимдүү болгуңар келсе, биздин окуу жайдан билим алгыла!

Өзгөн технология жана билим берүү институту – заманбап, келечектүү окуу жай!

Өзгөн технология жана билим берүү институту – татыктуу билим кенчи!

Өзгөн технология жана билим берүү институтунун  диплому – татыктуу жумуш орду!

Биз сапаттуу билим берүүгө даярбыз!

PHP Code Snippets Powered By : XYZScripts.com