ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин так илимдер предметтик-циклдык бирикмесинин окутуучулары тарабынан 12-апрель “Авиация жана космонавтика күнүнө” карата иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты: учурдагы космостук изилдөөлөрдөгү жаңылыктар, жетишкендиктер, жаңы технологиялар жана асман мейкиндигиндеги илимий ачылыштар жөнүндө студенттерге маалымат берүү.
Мындай маалыматтар жаш муундардын илимге жана техникалык кесиптерге болгон кызыгуусун арттырат.
Кеченин жүрүшүндө космонавтиканын тарыхы боюнча видеофильм көрсөтүлүп, илимий доклад окулду. Командалар ортосунда таймаш жүргүзүлүп, аларга интеллектуалдык суроолор, тапшырмалар берилди.
Жыйынтыгында жеңүүчү командалар аныкталып, грамоталар тапшырылды. Иш-чараны уюштурган окутуучуларга жетекчилик тарабынан ыраазычылык айтылды.