Жогорку окуу жайлар менен таанышуу максатында RECORD билим берүү борборунда билимдерин өркүндөтүп жатышкан окуучулар Ош технологиялык университетине келишип, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты. Окуучуларды ОшТУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Калысбек Кошмамат уулу тосуп алып, аларга университет тууралуу маалыматтарды берди.
Өлкөбүздө мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөгө даярданып жатышат. Ошону менен бирге алардын алдында адистик менен жогорку окуу жайын тандоо турат.
Иш-чаранын негизги максаты кесип тандоо алдында турган бүтүрүүчү окуучуларга кесип тандоого багыт берүү, университеттин негизги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү болуп саналат.
Ош технологиялык универститетинин кабыл алуу комиссиясы жаштарды кесипти туура тандоого үндөгөн иш-чараларды өткөрүшүүдө.