ОшТУга Бишкек шаарындагы Корея Республикасынын билим берүү борборунун директору Джо Чану мырза келди. Окуу жайга келген конокту ОшТУнун ректору профессор Ж.Ж. Турсунбаев өзү кабыл алып, эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Джо мырза Корея өлкөсүнө барып окуп жаткан Кыргызстандык студенттердин басымдуу бөлүгү ОшТУнун Корей тил борбору аркылуу кетип жатканын баса белгиледи. Мындан сырткары жолугушууга университеттин корей борборунун окутуучусу, профессор Лим Ён Шиг жана Ким Бугу мырзалар да катышты.
Жолугушуунун алкагында 2025-2026-окуу жылында атайын уюштурула турган конкурстар тууралуу да талкуу болуп өттү.