2025-жылдын 13-14-март күндөрү М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети Өзбекстан Республикасындагы Ташкент колдонмо илимдер институту, Ташкент мамлекеттик транспорт университети, Өзбекстан улуттук университети, Ташкент мамлекеттик техникалык университети, ж.б. жогорку окуу жайлар менен өнөктөштүктө “Коомдук жана гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери жана азыркы тенденциялары” аттуу темада эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүп жатат. Илим ышкыбоздорун, бул эл аралык конференцияга активдүү катышууга чакырабыз!
Иш-чарага катышуучулар макалаңыздарды конференциянын https://forms.gle/vLJstbygWbtmJvE28 веб-сайтына жөнөтсөңүздөр болот.
Конференциянын пленардык жыйынында баяндама жасоочуларды 2025-жылдын 20-февралына чейин презентация же текст формасында уюштуруу комитетинин ppsutlsc2024@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Толугураак маалымат алуу үчүн уюштуруу комитети менен байланышсаңыздар болот: ☎️Телеграмм и WhatsApp: +99890-053-06-69, +998 90 167 46 55. E-mail: ppsutlsc2024@gmail.com, shahnozaxon8686@mail.ru