2024-жылдын 19-апрелинде Ош технологиялык университетинде экономика жана башкаруу факультетинин экономика жана финансы кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин кандидаты Баймуратов Абдимиталип Абдиллаевичтин 70 жылдык мааракесине арналган “Университет 4.0” жогорку кесиптик билим берүү моделин аткарууга карай жол: максаттар жана аракеттер” аттуу темада эл аралык илимий-практикалык семинары болуп өттү. Семинарга банк секторунун, финансы-экономикалык мекемелердин өкүлдөрү жана ОшТУ менен илимий байланыштагы чет элдик жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү:
- Казакстан Республикасынын Алма-Ата шаарынын Эл аралык инженердик-технологиялык университетинин профессору, Эл аралык илим жана өндүрүштү уюштуруу практикасы академиясынын академиги Токсанова Айгуль Нурпеисовна – “Современные тренды образовательного процесса” деген темада;
- Россия Федерациясынын Кабардин-Балкар Республикасынын Нальчик шаарынын Х.М.Бербеков атындагы Кабардин-Балкар мамлекеттик университетинин КИТжЭнин эсеп, экономика жана мейманкана бизнеси циклдик комиссиясынын төрагасы Текуева Марина Тахировна – “Трансформация вузовского образования в модель «Университет 4.0» в России” деген темада;
- Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарынын Фергана политехникалык институтунун профессору, э.и.д. Бутабоев Махаммаджон Туйчиевич – “Цифровая грамотность и обработка больших данных на современном этапе” деген темада жана ОшТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын профессору, э.и.д. – Абдиев Мурат Журатович, ОшТУнун экономика жана финансы кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент – Зикираев Марат Төлөгөнөвич өздөрүнүн илимий баяндамаларын окушту жана куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Андан сырткары Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарынын Урал мамлекеттик экономикалык университетинин, Россия Федерациясынын Красноярск шаарынын Сибирь мамлекеттик университетинин, Ош шаарынын түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларынан ОшМПУ, ОшМУ, ЖАМУдан келген өкүлдөр жана чогуу иштеген кесиптештери куттуктоо сөздөрүн айтышып, агайга ийгиликтерди каалашты.
Жасалган баяндамалар азыркы күндө өзүнүн актуалдуулугун көрсөттү. Илимий-практикалык семинар жогорку деңгээлде өттү.