ОшТУнун кибернетика жана маалыматтык технологиялар факультетинин жигиттери менен технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин кыздары ортосунда сармерден оюну өткөрүлдү. Оюн-зоок коштогон иш чара адамдар ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөө, студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу жана улуттук баалуулуктарды сактоо максатында 21-февраль – бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата уюштурулду. Мында сармердендин салтына ылайык кыз-жигиттер ортосунда обондуу ырлар ырдалып, макал-лакап, табышмактар айтылып, акыйнек айтышышты. Жаштардын талантын баалоого калыстар тобу чакырылып, жыйынтыгында достук жеңип, тең чыгуу менен аяктады. Оюн-күлкү тартуулаган кубанычтуу салтанат келген конокторго жагымдуу маанай тартуулады.
Сармерден – кыргыз элинин көөнөргүс салттарынын бири. Кыз оюндагы сармерден айтышуу салтын кайрадан жандандырып, жалындаган таланттардын жандуу үнү менен аткарылган ыр-күү, бий, оюндарынын чордону сармерден көрсөтүүсү көптөгөн жаш таланттардын эл алдына чыгып, өз өнөрлөрүн тартуулаганга мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө. Улуттук канал түзүп берген мүмкүнчүлүк өлкөбүздүн бардык аймактарында уланып, элибиздин байыркы салтын унутта калтырбай сактоого өбөлгө түзүүдө. Макал-лакап, табышмак, жаңылмач, ыр-күүлөрдүн бир ортого алып келип, элдин жарпын жазып, көӊүлүн көтөргөн абалкы салтты азыркы күндө улап келе жаткан бирден бир мыкты көрүнүш.