12-декабрь – улуттук адабият күнүнө карата энергетика факультетинин жалпы жамааты жана студенттери тарабынан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана алп акын Алыкул Осмоновдун дүйнөдөн өткөн күндөрүнүн урматына арналган адабий-музыкалык кече өткөрүлдү. Мында факультеттин студенттери кеченин шартына ылайык кыргыз элинин эки улуу инсанынын чыгармачылыгы боюнча эскерүүлөрдү көрсөтүшүп, көркөм окууларды окушуп, чыгармалардан үзүндүлөрдү аткарышты. Улуу жазуучунун чыгармаларынын идеологиялык багыттарын бүгүнкү күндөгү коомдогу кубулуштар менен салыштырышып, жаштар өздөрүнүн курч ойлорун ортого салышты. Чыгармаларындагы кездешкен каармандардын образдарын учурдагы адамдардын жүрүм-турумунан издешип, талаш-тартыш ойлорду айтышты.
Алыкул Осмоновдун ырларынан көркөм окуулар окулуп, студенттер андагы ар бир сапты талдаганга аракет кылышты. Ошондой эле акындын сөзүнө жазылган обондуу ырларды аткарышты. Кыргыздын бактысына бир жаралып, дүйнөдөн өткөн улуу инсандардын басып өткөн жолу бул күнгө чейин да, бүгүнкү күндө да, мындан кийин да биздин элибиз үчүн алдыга карай жол көрсөтүүчү багыт болуп кала берет. Бул иш чаранын максаты, жаштарды кыргыздын улуу инсандары жаратып кеткен чыгармалары менен жашоого, аларды муундан-муунга сактап, кыргыз элинин келечегин камсыз кылууга үндөө болуп саналат.
Чынгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылында төрөлгөн. Жараткан чыгармалар дүйнөлүк классикага айланып, бүтүндөй жер жүзүнө тараган. 2008-жылы 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири Алыкул Осмонов 1915-жылы Чүй облусунун Панфилов районунун Каптал-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Акындын жараткан чыгармалары кыргыз элин кылымдарга сактаган руханий баа жеткис байлыктары. 1935-жылы 12-декабрда 35 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.