Кыргыз Республикасынын «Илим жөнүндө» 2023-жылдын 8-августундагы №170 Мыйзамына, «Инновациялык ишмердүүлүк жөнүндө» 2023-жылдын 8-февралындагы №65 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 1-мартындагы №324/1 буйругу менен бекитилген «Илимий, илимий- техникалык жана илимий-инновациялык программаларды жана долбоорлорду аткаруу үчүн мамлекеттик буюрутманы түзүүнүн жана тандоо сынагын өткөрүүнүн тартиби жана механизмдери жөнүндө жобого», 2024-жылдын 12-апрелиндеги №177 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду жөнүндө жобого», 2024-жылдын 12-апрелиндеги №177 «Илимий жана илимий-техникалык ишмердүүлүктү базалык, программалык-максаттык жана гранттык каржылоо тартиби жөнүндө жобого», 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында илимдин, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишмердүүлүктүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бекитилген тизмесин тастыктоо жөнүндө 2024-жылдын 30-сентябрындагы №598-р Тескемеге ылайык, мамлекеттик буюрутманын негизинде илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруу үчүн тандоо сынагы жыл сайын өткөрүлөт.
Азыркы учурда бардык мамлекеттик органдарда жана административдик ведомстволордо мамлекеттик буюрутмаларды түзүү боюнча Илимий-техникалык кеңештер иш алып барууда.
ОшТУ Кыргыз Республикасынын ар түрдүү министрликтери, мамлекеттик ведомстволору жана эл аралык уюмдары тарабынан жарыяланган илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруу боюнча тандоо сынактарга жыл сайын катышып келет.
Мамлекеттик илимий-изилдөө долбоорлорунун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Ош шаарынын мэриясынын Илимий-техникалык кеңеши), буюрутмачы уюмдардын илимий-техникалык кеңештери жана аткаруучу уюмдун илимий-техникалык кеңеши тарабынан жүргүзүлөт.
2025-жылы ОшТУ Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин бюджеттик каржылоосунун эсебинен төмөнкү 5 илимий-изилдөө долбоорун ийгиликтүү аткарды (Келишим № 250023, Келишим №250024, pdf ):
- Реалдуу иштөө шарттарына жакын шарттарды эске алуу менен деформациялануучу негиздеги фундаменттердин ар түрдүү схемаларынын ийилүү маселелерин моделдештирүү.
- – ОшТУнун Илимий-техникалык кеңешинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы №2 жыйынынын протоколунан көчүрмө.
- – Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын Илимий-техникалык кеңешинин 2025-жылдын 2-декабрындагы №1 жыйынынын протоколунан көчүрмө.
- – Техникалык тапшырма
- – Видеоролик
- Ош шаарынын жана анын айланасындагы шаардык жашыл аянтчалардын көчөттөрүнүн абалына биоэкологиялык баа берүү жана зыянкеч курт-кумурскаларга жана ооруларга каршы биологиялык күрөшүү ыкмаларын иштеп чыгуу.
- – ОшТУнун Илимий-техникалык кеңешинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы №2 жыйынынын протоколунан көчүрмө.
- – Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын Илимий-техникалык кеңешинин 2025-жылдын 2-декабрындагы №2 жыйынынын протоколунан көчүрмө.
- – Техникалык тапшырма
- – Видеоролик
- Композициялык материалдарды колдонуу менен бронежилеттин конструкциялык-технологиялык параметрлерин негиздөө.
- – ОшТУнун Илимий-техникалык кеңешинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы №2 жыйынынын протоколунан көчүрмө.
- – Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын Илимий-техникалык кеңешинин 2025-жылдын 2-декабрындагы №3 жыйынынын протоколунан көчүрмө.
- – Техникалык тапшырма
- – Видеоролик
- Ош шаарынын жөө жүргүнчүлөрдүн жолчосун (тротуарларын) каптоо үчүн брусчатка ташын өндүрүүдө минералдык-чийкизат базасын даярдоо жана рационалдуу технологиялык параметрлерди негиздөө.
- – ОшТУнун Илимий-техникалык кеңешинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы №2 жыйынынын протоколунан көчүрмө.
- – Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын Илимий-техникалык кеңешинин 2025-жылдын 2-декабрындагы №4 жыйынынын протоколунан көчүрмө.
- -Техникалык тапшырма
- – Видеоролик
- Кыргыз Республикасында калктын кыймылы чектелген топтору үчүн жеткиликтүүлүк маселелерин изилдөө.
- – ОшТУнун Илимий-техникалык кеңешинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы №2 жыйынынын протоколунан көчүрмө.
- – Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын Илимий-техникалык кеңешинин 2025-жылдын 2-декабрындагы №4 жыйынынын протоколунан көчүрмө.
- – Техникалык тапшырма
- – Видеоролик
Эл аралык илимий долбоорлордун алкагында 2025-жылдын май айында Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан «Борбордук Азиядагы экономикалык өсүү секторлору үчүн кесиптик билим берүү» (PECA) долбоорунун алкагында каржыланган «Айыл чарба жана токой чарбасынын азык-түлүк продукцияларын кургатуу үчүн радиациялык-конвективдүү күн нуру менен иштеген кургаткыч түзүлүшүн (установкасын) иштеп чыгуу» темасындагы илимий-изилдөө иши жыйынтыкталды.
Бул илимий-изилдөө иши айыл чарба өндүрүшүндөгү маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берип, айыл чарба продукцияларын узак мөөнөткө сактоо жана кургатылган жемиштерди алуу үчүн радиациялык-конвективдүү күн кургаткыч түзүлүшүн (установкасын) иштеп чыгууга багытталган. Илимий-изилдөө ишинин жыйынтыктарына бир канча коммерциялык уюмдар кызыгуу көрсөтүштү.
2026-жылы Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы илимий-техникалык кызматташтыктын алкагында ишке ашырылып жаткан мамлекеттер аралык илимий-изилдөө долбоорунун негизинде бир нече илимий-изилдөө иштерин аткаруу пландалууда:
- “Research on Green and Low-Carbon Disposal Technology and Resource Utilization of Construction Waste”, «Курулуш калдыктарын экологиялык жактан таза жана төмөн көмүртектүү технологиялар менен утилдештирүү жана ресурстарды рационалдуу пайдалануу жаатындагы изилдөөлөр».
- “Development and Deployment of Advanced Integrated Wind-Solar-Storage-Charging Energy System for Electric Vehicles”, «Электромобилдер үчүн шамал-күн энергиясын, энергия сактагычтарды жана заряддоо түзүлүштөрүн камтыган алдыңкы интеграцияланган энергия менен камсыздоо системасын иштеп чыгуу жана киргизүү».
- «Research and Development of Key Technologies for Precise Creation and Product Development of Functional Baked Foods with Lipid-Regulating Properties», «Липиддерди жөнгө салуучу касиеттерге ээ функционалдык нан-бышырма азыктарын так түзүү жана иштеп чыгуу үчүн негизги технологияларды изилдөө жана иштеп чыгуу».
- «Research on Key Technologies of Hybrid Engine for Agricultural Machinery», «Айыл чарба техникасы үчүн гибриддик кыймылдаткычтардын негизги технологияларын изилдөө».
- «Research on Intelligent Recognition Monitoring and Accident Early Warning Mechanism of Traffic Conditions Based on Micro MEMS Pressure Sensor Array and Digital Twin», «Микроэлектромеханикалык басым сенсорлорунун массивине жана санариптик эгиз (digital twin) технологиясына негизделген жол кыймылынын шарттарын интеллектуалдуу таануу, мониторинг жүргүзүү жана жол-транспорт кырсыктарын эрте эскертүү механизмин изилдөө».
- “Research and Application of Key Technologies for Traffic Large Language Models and Multi-Agent Collaboration in Complex Environments under the Belt and Road Ini tiative”, “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында татаал шарттарда жол кыймылын башкаруу үчүн ири тилдүү моделдердин жана көп агенттүү өз ара аракеттенүүнүн негизги технологияларын изилдөө жана колдонуу».










