М.М. Адышева атындагы Ош технологиялык университетинин Колдонмо илимдер институту
М.М. Адышева атындагы Ош технологиялык университетинин (ОшТУ) Колдонмо илимдер институтунда илимий – изилдөө долборлору Кыргыз Республикасынын “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 6-августундагы № 429 токтому менен бекитилген “Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүктү республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө” жобого ылайык иш алып барат.
2019-жылдын 7-июнундагы Кыргыз Республикасынын премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйынынын №21-36 протоколун ишке ашыруу максатында илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруу конкурстук негизде мамлекеттик заказ боюнча жүргүзүлөт.
ОшТУнун Колдонмо илимдер институту Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жыл сайын мамлекеттик заказ боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткарууга конкурска катышат.
2021-жылдан баштап санариптештирүүнүн алкагында илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин конкурсу үчүн онлайн-кабыл алуу программасынын негизинде катышылат.
Мамлекеттик илимий-изилдөө долбоорлорунун аткарылышы боюнча, жергиликтүү бийликтин (Ош шаардык мэриясы) жана ОшТУнун Илимий-техникалык кеңеши тарабынан көзөмөлдөнөт.
ОшТУда 2022-жылга 4 илимий-изилдөө долбоору бар.
- «Ош шаарынын тармагындагы автотранспорттордун логистикалык көйгөйлөрүн чечүү үчүн башкаруу жана мониторинг системасын түзүү макулдашылды»
- «Ош шаарынын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн декоративдик курулуш буюмдарын чыгаруунун инновациялык технологияларын өнүктүрүү»
- «Зооналаштыруунун дифференциациясынын негизинде жолдорду долбоорлоо методдорун өркүндөтүү»
- «Жергиликтүү сырьёдон тамак-аш протеин концентраттарын жана функционалдык диеталык кошулмаларды өндүрүү технологиясын иштеп чыгуу»