Кафедранын түзүлүшү
«Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигине суроо-талаптын өсүшү менен Кыргыз Республикасынын түштүгүндө кафедра түзүү зарылдыгы келип чыккан. Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы 1997-жылы Ош технологиялык университетинин ректорунун 1997-жылдын 27-июнундагы №09-01/93 буйругуна ылайык Коммерциялык иш жана бухгалтердик эсеп кафедрасынын базасында уюшулган. Кафедра тарабынан азыркы мезгилге чейин 5000ден ашык жогорку квалификациялуу адистер даярдалган, кафедранын бүтүрүүчүлөрү экономиканын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, жетекчилик кызматтарда, Кыргыз Республикасынынын түштүгүндөгү эле эмес, бүткүл республикадагы ишкана-уюмдарда, мекемелерде башкы бухгалтер, бухгалтер кызматтарында иштешет. Үзүрлүү эмгегинин натыйжасында кафедра өзүнүн 25 жылдык тарыхында 4 жолу “ОшТУнун мыкты кафедрасы” номинациясына татыган (2002, 2012, 2017 жана 2020-жылдары).
1997-2003-жылдары «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасын э.и.к., доц. Узенбаев Р.А., 2004-жылы – э.и.к., доц. Макеева С., 2004-2006-жылдары – э.и.к., доц. Ормонов Н.А., 2006-2008-жылдары – э.и.д., проф. Абиджанов С.А., 2008-2009-жылдары – э.и.к., доц. Токтобекова М.А., 2009-2020-жылдары э.и.д., проф. Узенбаев Р.А., 2020-2024 жылдары э.и.к., доцент Хамзаева А.М жетектешкен. 2024-жылдын августунан азыркы мезгилге чейин э.и.к., доцент Мамашов Канжар Асилбекович кафедра башчысынын милдетин аткарууда.
Кафедранын курамы учурда 16 штаттык окутуучудан турат.
Мамашов Канжар Асилбекович – каф.баш., э.и.к., доцент
Байланыш маалыматтары: +996770 777770
Е-mail: kanjarbek79@mail.ru
Хамзаева Айнура Мураталиевна- э.и,к. доц.
Байланыш маалыматтары: +996773 010190
Е-mail:: ainura.hamzat@mail.ru
Мырзаибраимов Рахман Мырзаибраимович – ОшТУнун проф.
Байланыш маалыматтары: +996555 968080, +996772 223605
Е-mail: murzaibraimov00@mail.ru
Ишенбаева Шахтыбүбү Карпеевна – э.и.к., доцент ОшТУ
Байланыш маалыматтары: +996556250355
Е-mail: ishenbaeva@mail.ru
Абдиев Мурат Журатович – э.и,д., ОшТУнун проф.
Байланыш маалыматтары: +996772 456100, +996552 456100
Е-mail: mabdiev1977@mail.ru
Умаров Сайпиддин Тойчуевич – э.и.к., доцент
Байланыш маалыматтары: +996772 314874, +996552314874
Е-mail: saibidin79@mail. ru
Самиева Каныкей Токтогуловна – э.и.к., доцент
Байланыш маалыматтары: +996778 026729
Е-mail: kanykey.1979@mail.ru
Астанова Саламат Ураимовна – э.и.к., доцент
Байланыш маалыматтары: +996777 021131, +996558 044441
Е-mail: s-astanova@mail.ru
Алишева Перизат Култаевна – э.и.к., доцент
Байланыш маалыматтары: +996500 76 13 94, +996772 76 13 94
Е-mail: perizatalisheva@gmail.com
Эргешова Чынара Мухтаровна – э.и.к., ОшТУ доцент
Байланыш маалыматтары: +996772 651004
Е-mail: ergeshova_2019@mail.ru
Мамытова Кызжибек Кадырмаматвна – ага окутуучу
Байланыш маалыматтары: +996778 259807, +996708 101062
Е-mail: mamytova.2017@mail.ru
Мазирбаев Калыбай Кадырмаматович – окутуучу
Байланыш маалыматтары: +996779 595116
Е-mail: kmazirbaev89@bk.ru
Момунов Умот Насирдинович – э.и.к., доцент
Байланыш маалыматтары: +996552 296000
Е-mail: umetbuh@mail.ru
Эсенбаев Нургазы Смагулович – э.и.к., доцент
Байланыш маалыматтары: +996777 377559
Е-mail: ssn_09@mail.ru
Жусупов Бекарстан Жакыпович – окутуучу
Байланыш маалыматтары: +996505111087
Е-mail: love8711@mail.ru
Саипова Марал Эржигитовна– окутуучу
Байланыш маалыматтары: 0555317372
Е-mail: maral.saipova@mail.ru
Даярдоо багыттары
Учурда «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасы 580100 «Экономика» багытынын Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит, Статистика профилдери боюнча бакалаврларды жана магистрлерди жана 710500 Интернет технологиялар жана башкаруу багытынын Эсептеги, анализдеги жана аудиттеги интернет технологиялар профили боюнча бакалаврларды даярдайт.
580100 “Экономика” багыты эл аралык программалык аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, 5 жылдык мөөнөткө аккредитацияланган, билим берүү ишмердүүлүгү жана билим берүүнүн сапаты эл аралык талаптарга жооп берет деп табылган (“НААР” көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттигинин 11.06.2021-ж. № 59 протоколу, каттоо № АВ 3559, күбөлүктүн иштөө мөөнөтү: 11.06.2021 – 10.06.2026).
Окуу методикалык иштер
Окутуунун багыттары боюнча Негизги билим берүү программасы, Жумушчу окуу планы, Бүтүрүүчү модели, студенттердин жеке окуу планын даярдоо үчүн Элективдик курстардын каталогу иштелип чыккан жана актуалдаштырылып турат. Кафедрага бекитилген бардык дисциплиналар боюнча окуу усулдук комплекстер иштелип чыккан жана өркүндөтүлүп турат. Бул окуу документтери ички жана сырткы экспертизадан өткөрүлүп, иш берүүчүлөр тарабынан жактырылган.
Кафедрада сапаттуу билим берүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн, атап айтканда: компьютердик класс, заманбап техникалык жабдуулар менен жабдылган адистештирилген окуу кааналары, электрондук китепкана жана интернет. Кафедранын китеп фондунда профилдик дисциплиналар боюнча 100дөн ашык окуу куралдары жана окуу китептери бар.
Илим-изилдөө иштери
Кафедранын илимий темасы: «Кыргызстанда бухгалтердик эсептин, экономикалык анализдин жана аудиттин өнүгүшү боюнча изилдөөлөр: теориясы, практикасы жана методологиясы».
Кафедрада аспиранттар жана докторанттар 08.00.12 – бухгалтердик эсеп, статистика жана 08.00.05 – экономика жана эл чарбасын башкаруу адистиктери боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.
Кафедранын сапаттык курамы 67%ды түзөт: 1 экономика илимдеринин доктору, 2 ОшТУнун профессору, 9 экономика илимдеринин кандидаты, доцент жана 1 улук окутуучу, 3 окутуучу эмгектенет.
Материалдык-техникалык база
Экономика багыты боюнча бакалаврларды даярдоо үчүн кафедрада төмөнкүдөй окуу-материалдык база түзүлгөн: лекция, практикалык жана семинар сабактар үчүн 12 аудитория (1/501, 1/503, 1/504, 1/507, 1/ 401, 1/402, 1/403, 1/405, 1/407, 1/409), 6 компьютер жана интернет класстары (1/502, 1/505, 1/506, 1/406, 1/407a, 1) /407b), акысыз, чектөөсүз Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар 80 заманбап компьютерлердин топтому бар мультимедиялык борбор. Практикалык сабактарды өткөрүү үчүн кафедранын компьютердик классына 1 С Бухгалтерия колдонмо программалар пакети орнотулган.
Магистратура
ОшТУнун магистратура бөлүмү 2021-жылдан тартып 580100 Экономика багытынын Финансы жана кредит, Эсеп, анализ жана аудит профилдери боюнча магистрлерди күндүзгү бөлүмгө кабыл алууда жана даярдоодо. Бул багыт боюнча ЖКББ МББСка ылайык негизги билим берүү программасын өздөштүрүү мөөнөтү – 2 жыл.
Экономика багытынын Финансы жана кредит, Эсеп, анализ жана аудит профилдери боюнча магистрдик программанын максаты бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит, финансы жаатында улуттук жана эл аралык компаниялар үчүн, күчтүү аналитикалык, илим-изилдөөчүлүк жана лидерлик сапаттарга ээ болгон, башкаруунун улуттук эле эмес эл аралык деңгээлдеринде да салым жасоого жөндөмдүү болгон жогорку квалификациялуу жана атаандаштыкка жарамдуу кадрларды даярдоодо турат.
580100 Экономика багытынын НББПсын өздөштүрүүнүн натыйжасында бүтүрүүчүлөрдүн төмөнкү окутуу натыйжаларына жетиши күтүлөт:
- кесиптик ишмердүүлүгүндө укуктук жана этикалык ченемдерди колдонууга, жарандык-демократиялык коомдун баалуулуктарын, социалдык адилеттүүлүктү өнүктүрүүгө,а дисциплиналар аралык жана инновациялык усулдардын негизинде дүйнө таануучулук, социалдык жана инсандык маанилүү көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмдүү;
- экономика илими жаатындагы инновациялардын негизинде изилдөөнүн теорияларын, усулдарын жана жыйынтыктарын терең аңдап түшүнүүгө, чечмелөөгө жана сынчыл баалоого жөндөмдүү (методикалык);
- илимий изилдөө темасынын актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн негиздөөгө, изилдөөнүн натыйжаларын жалпылоого, натыйжалуулугун сынчыл баалоого, жыйынтыктарын илимий коомчулукка макала же баяндама түрүндө жарыялоого (илимий-изилдөөчүлүк);
- экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн маалыматтын ар түрдүү булактарын талдоого жана колдонууга, жалпы эле экономиканын негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн божомолун түзүүгө жөндөмдүү (аналитикалык);
- социалдык-экономикалык натыйжалуулук критерийлерин эске алуу менен уюштуруучулук-башкаруучулук чечимдердин варианттарын иштеп чыгууга, негиздөөгө жөндөмдүү (башкаруучулук жана уюштуруучулук);
- окуу-усулдук материалдарды иштеп чыгууга жана жалпы билим берүү мекемелеринде, жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде алдыңкы билим берүү жана маалыматтык технологияларды пайдаланып базалык кесиптик экономикалык дисциплиналарды окутууга жөндөмдүү (педагогикалык);
- экономикалык анализдин усулдарын колдоно билүүгө, аларды илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана бизнес-процесстерди башкаруу максатында пайдаланууга, аналитикалык материалдарды даярдоого жана аларды антикризистик башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн отчет түрүндө берүүгө жөндөмдүү, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын ишке ашырууга, экономикалык инновациялардын негизинде финансы, эсеп, анализ жана аудит жаатында жөнгө салуу үчүн финансылык, акча-кредиттик жана аналитикалык ыкмаларды колдонууга жөндөмдүү (кесиптик).
Экономика багытындагы магистрдик программаны ишке ашырып жаткан бухгалтердик эсеп жана аудит, экономика жана финансы кафедралары профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясынын жогорку деңгээли жана жогорку илимий-изилдөөчүлүк потенциалы менен мүнөздөлөт, бул аталган багыт боюнча бүтүрүүчүлөрдүн билимдеринин, көндүмдөрүнүн жана жөндөмдөрүнүн жогорку деңгээлин камсыздоого мүмкүндүк берет.
Магистранттарды даярдоодо компетенттүүлүк мамиле колдонулат, аны ишке ашыруу үчүн магистранттардын кесиптик көндүмдөрүн калыптандыруу жана өнүктүрүү максатында окуу процессинде билим берүүнүн активдүү жана интерактивдүү формалары (долбоорлук ыкма, конкреттүү кырдаадарды талдоо, Case study ж.б.) аудиториядан тышкаркы иш менен айкалыштырылып колдонулат.
Иш кагаздардын тизмеси:
- ЖКББ мамлекеттик стандарты 2015
- ГЖКББ мамлекеттик стандарты 2021
- ББП Экономика багыты (№ 1179/1, 15.09.2015г.)
- ББП Экономика багыты (№ 1578/1, 21.09.2021г. )
- ББПнын максаттары
- ББПнын өнүктүрүү планы
- Магистирдик программасынын бүтүрүүчү модели
- ООР матрицасы
- ББП ОЖ
- ББП КК
- ББПнын компетентүүлүк матрицасы
- ББП талкулоонун протоколу
- ББП ой пикири
- ББП сын пикири
- Магистратуранын окуу планы
- Магистратуранын жумушчу окуу планы
- ОМК дисциплиналардын аннотациясы
- Элективдик дисциплиналардын каталогу
- Кафедранын иш планы
- Магистратура бөлүмүнүн иш планы
- Ачык магистратура сабактарынын графиги
- Магистратуранын өз ара сабака катышуу графиги
- Ачык сабактардын протоколу
- Конок лекция
- ЖОЖдор аралык келишимдер
- Магистранттардын ата энелери менен жолугушунун протоколу
- 2022-23-ж.ж. методикалык иштери
- 2022-23-ж.ж. илимий изилдөө иштери
- Илимий-педагогикалык практиканы аткаруу боюнча методикалык көрсөтмө
- БЭжА кафедрасынын аудитордук фонду
- Жумуш берүүчүлөрдүн сурамжылоосун талдоо
- Практиканын келишимдери
- 580100 Экономика багыты боюнча мамлекеттик аттестациянын программасы
- Анкетирование магистрантов
- Жадыбал
- Магистрдик семинарлардын программалары
- Семинардын сүрөттөрү
- Абитуриенттерге маалымат