2024-жылдын 20-ноябрында Бишкекте Кара-Кыргыз автономиялык облусунун 100 жылдыгына арналган “Борбор Азия университеттеринин трансформациясы глобалдык чакырыктардын контекстинде” деген темада беш мамлекеттин университеттеринин ректорлорунун үчүнчү форуму өтүүдө.
Борбор Азия университеттеринин ректорлорунун форумдары 2021-жылдан бери чөлкөмдүн жогорку билим берүү мейкиндигин түзүү жөнүндө декларацияга (Түркстан декларациясы) кол коюлгандан бери өткөрүлүп келет. Ал документте Борбор Азиянын маданий баалуулуктарын өнүктүрүүдө университеттердин негизги ролу баса белгиленген.
Декларацияда Борбор Азиянын жогорку билим берүүсү аркылуу жарандардын мобилдүүлүгүн арттырып, аларды ишке орноштуруу аркылуу чөлкөмдү өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Форумга Кыргызстандан тышкары Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекеттик кызматкерлери, ректорлору, илимпоздору, окутуучулары жана эксперттер катышып жатышат.
Университет ректорлорунун форумун өткөрүү аркылуу Борбор Азиянын жогорку билим берүү мейкиндигин өнүктүрүүдөгү саясаттын координациялоо үчүн билим берүүнү интеграциялоо, мобилдүүлүктү күчөтүү, алакаларды жакшыртууга багытталат.
Билим берүү министри Д. Кендирбаева: “ Борбордук Азия университеттери бир аймакта болгону үчүн эле эмес, бир абадан дем алган туугандык тилектештик менен эл аралык рынокко туруштук бере алчу билим жана илим платформасын бекемдөө – күндүн талабы!”-, деп белгиленди.
Ош технологиялык университети – бул форумда Кыргызстандын түштүк аймагындагы техникалык багыттагы жалгыз жогорку билим берүүчү уникалдуу университет катары машина куруу, курулуш, архитектура, энергетика, жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, жеңил өнөр жай багытында заманбап адистерди даярдоодо мобилдүүлүктү арттыруунун механизмдери боюнча сунуш, программалар менен катышууда.
Эскерте кетсек, ОшТУ учурда дүйнөдө 60 тан ашуун университет менен кош дипломдуулук, мобилдүүлүк, илимий изденүү, технологиялык табылгалар боюнча тыгыз алакада кызматташат.