Ош технологиялык университетинде Информатика жана эсептөө техникасы билим берүү программасынын уюштуруусу менен иш берүүчүлөр жана өнөктөштөр менен кызматташуу алкагында тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Картография жана геоинформатика» багыты боюнча PhD докторантуранын окуу планы жана билим берүү программасы талкууланды.
Жолугушуунун негизги максаты — билим берүү программаларын эл аралык академиялык талаптарга жана эмгек рыногунун актуалдуу муктаждыктарына шайкеш келтирүү болду.
Тегерек столго төмөнкү өнөктөш мекемелердин өкүлдөрү катышты:
Алманбет Данияров — Чех–Монгол курулуш компаниясы «Sro HAANZAA» долбоорунун менеджери;
Гапырова Элмира Орозмаматовна — КР ӨКМ алдындагы «Көчкү коркунучтарын башкаруу» долбоорунун картография боюнча адиси;
Гулжигит Өскөнбаев — аталган долбоордун картография боюнча адиси;
Кенжебаев Ырыскулбай Жакшыбаевич — «Кыргызмамжердолбоорлоо» МИнин Ош облустук филиалынын директору;
Аблазизов Марат Токторалиевич — геотехникалык мониторинг боюнча адис;
Дөдөев Добулбек Абдимиталипович — «Ошшаарсууканал» МИнин директорунун орун басары.
Катышуучулар билим берүү программаларын өркүндөтүү, бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана иш берүүчүлөр менен кызматташууну күчөтүү боюнча сунуштарын беришти.
Мындай иш-чаралар университет менен эмгек рыногунун ортосундагы байланышты бекемдеп, заманбап талаптарга жооп берген адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.