Ош технологиялык университетинин илимий китепканасынын директору Курбанбай кызы Акмангүл баштаган китепканачылар жамааты Андижан облусунун Бабур атындагы облустук китепканасында болушту.
Иш сапар заманбап технологияларды, жабдууларды үйрөнүү, практика алмашуу жана эки элдин достугун бекемдөө максатында уюштурулду.
Китепканачылар жамааты иш сапардын алкагында өз ара тажрыйба алмашуу менен гана эмес, кызыктуу идеяларды жана өз ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн инновацияларды киргизүү жолдорун үйрөнүштү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы Жарлыгы менен китепканаларды өнүктүрүү максатында 27-май күнү “Китепкана күнү” болсун деген токтом кабыл алынган. Кыргызстан китепкана тарыхында болсо алгачкы китепкана 1902-жылы 27-майда ачылган. Ошол себептүү майрамдын датасы катары аталган күн бекитилген.