Ош технологиялык университетинин илимий китепканасынын директору Курбанбай кызы Акмангүл Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөрүлгөн “Заманбап китепкана келечектин кепилдиги” аттуу эл аралык китепканачылардын илимий конференциясына катышып келди.
Катышуучулар конференциянын алкагында өз ара тажрыйба алмашуу менен гана эмес, кызыктуу идеяларды жана өз ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн инновацияларды киргизүү жолдорун талкуулашты.
Иш-чарада электрондук китепкана, электрондук коллекциялар жана фондуларды санариптөө, китепканалардын заманбап үлгүлөрү жана өнүгүү стратегиялары каралды.