Ош технологиялык университетинин Илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы №170 «Илим жөнүндө» Мыйзамын, 2023-жылдын 8-февралындагы №65 «Инновациялык ишмердүүлүк жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 1-мартындагы №324/1 буйругу менен бекитилген илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык программаларды жана долбоорлорду аткаруу үчүн мамлекеттик буюрутманы түзүүнүн, сынак өткөрүүнүн тартиби жана механизмдери жөнүндө Жобону, 2024-жылдын 12-апрелиндеги №177 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду жөнүндө Жобону, 2024-жылдын 12-апрелиндеги №177 илимий жана илимий-техникалык ишмердүүлүктү базалык, программалык-максаттык жана гранттык каржылоону ишке ашыруу тартиби жөнүндө Жобону, 2024-жылдын 27-августундагы №517 PhD/профили боюнча докторантураны уюштуруу жана философия илимдеринин доктору (PhD)/профили боюнча доктор илимий даражасын ыйгаруу тартиби жөнүндө Жобону, 2024-жылдын 4-июлундагы №358 жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн программалары боюнча илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жөнүндө Жобону, 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында илимдин, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишмердүүлүктүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бекитилген тизмеси жөнүндө 2024-жылдын 30-сентябрындагы №598-р Тескемени, 2025-жылдын
7- февралындагы №64 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлеринин эмгек шарттары жана штаттык саны жөнүндө” Токтомун, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын (ЖАК) жоболорун, ОшТУнун Уставын жана университеттин ички укуктук документтерин жетекчиликке алат.
Ош технологиялык университетинин илимий ишмердүүлүгү төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
- илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү;
- илимий-техникалык кеңеш (ИТК);
- Д 06.20.606 диссертациялык кеңеши;
- PhD докторантура жана аспирантура бөлүмү;
- Институционалдык-аналитика жана маркетинг бөлүмү;
- Инновациялык илимий-технологиялык борбору;
- 30дан ашык окуу лабораториялары;
- институттар жана кафедралар.
Максаттары жана милдеттери
Илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнүн негизги максаты — университеттин окутуучуларынын жана кызматкерлеринин илимий-изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүгүн камсыз кылуу, заманбап билим берүү жана илимий-инновациялык технологияларды киргизүүнүн негизинде билим берүү жана илимий кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, профессордук-окутуучулук курам, студенттер, магистранттар, аспиранттар жана докторанттар тарабынан жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрдүн актуалдуулугун жана практикалык маанисин жогорулатуу болуп саналат.
Ишмердүүлүктүн негизги милдеттери:
- фундаменталдык, издөөчү жана колдонмо илимий изилдөөлөр жаатында институттардын, кафедралардын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн илимий-изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүгүн уюштуруу жана координациялоо;
- университеттин артыкчылыктуу багыттарын эске алуу менен илимий ишмердүүлүктүн жылдык планын түзүү;
- эл аралык, республикалык, аймактык, жогорку окуу жайлар аралык жана университет ичиндеги илимий-теориялык, илимий-практикалык, илимий-методикалык конференцияларды, симпозиумдарды, форумдарды, семинарларды жана башка илимий иш-чараларды пландаштыруу, уюштуруу жана өткөрүү;
- илимий-уюштуруучулук маалыматтарды иштеп чыгуу, талдоо жана жайылтуу иштерин уюштуруу;
- профессордук-окутуучулук курамдын илимий потенциалын натыйжалуу пайдаланууга жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- илимий изилдөөлөрдүн тематикасын кеңейтүү жана сапатын жогорулатуу;
- илимий ишмердүүлүк менен окуу процессинин тыгыз байланышын камсыз кылуу;
- илимий-изилдөө ишмердүүлүгү жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
Функциялары:
- эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасынын министрликтер жана ведомстволор аркылуу алынган гранттардын алкагында, ошондой эле регионалдык жана жалпы мамлекеттик деңгээлдеги илимий-техникалык программалардын алкагында илимий долбоорлорду иштеп чыгуу;
- университеттин бардык бөлүмдөрүндө жүргүзүлгөн илимий иштерди уюштуруу жана көзөмөлдөө;
- фундаменталдык, издөөчү, колдонмо жана методикалык илимий изилдөөлөрдүн аткарылышына катышуу;
- ОшТУнун илимий-изилдөө иштеринин негизги принциптеринин сакталышын көзөмөлдөө.
«Кыргызстанда инновациялык жана элиталык инженердик билим берүүнү өнүктүрүүнүн илимий жана илимий-техникалык негиздери» илимий багытына ылайык, университетте заманбап илим жана техниканын жетишкендиктерине негизделген окуу процессин өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп, жаңы илимий изилдөө ыкмалары колдонулуп, фндаменталдык жана колдонмо мүнөздөгү кеңири масштабдуу илимий изилдөөлөр активдүү уюштурулуп, илим жана техника тармагында инновациялык ишмердүүлүк ар тараптуу жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда ОшТУда илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн чоң кадрдык потенциал жана илимий мектептер түзүлгөн. 300дөн ашык окутуучу жана илимий кызматкерлер илимий-инновациялык изилдөөлөргө, жаңы техника жана технологияларды иштеп чыгууга катышышат. Алардын көпчүлүгү — илим докторлору жана кандидаттары: 1 академик (НАН КР), 2 Кыргыз Республикасынын илим тармагында эмгек сиңирген адис, 25тен ашык академиктер жана коомдук, профессионалдык академиялардын корреспондент-мүчөлөрү, 18 илим доктору жана 105 илим кандидаттары (01.01.2026-жылга карата).
ОшТУнун кафедраларынын илимий ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары:
- маалыматтык жана телекоммуникациялык технологиялар, жаңы материалдар;
- энергетика жана транспорт (альтернативдүү энергия булактары жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелерин кошкондо);
- курулуш, дизайн, архитектура жана тоо-кен иштери;
- унаа таануу (машиноведение), айыл чарбадагы химиялык технологиялары жана биотехнология;
- айлана-чөйрөнү коргоо, экология, табигый ресурстарды пайдалануу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелери;
- минералдык ресурстарды комплекстүү өздөштүрүү;
- айыл чарба чийкизатын өндүрүү, кайра иштетүү жана сактоо технологиялары;
- Кыргызстандын экономикалык маселелери;
- чет тилдерди окуу максатында изилдөөчү жана методикалык проблемалар, ошондой эле жаңы окутуу технологияларын иштеп чыгуу.
ОшТУнун илимий-техникалык кеңеши (ИТК)
ОшТУда Илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн алдында 2003-жылдан бери илимий-техникалык кеңеш (ИТК) иштейт. Анын максаты: илимий изилдөөлөрдү координациялоо, стратегияларды түзүү жана университеттин илимий-техникалык концепциясын ишке ашыруу, илимий ишмердүүлүк менен окуу процессин интеграциялоо, жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатын жакшыртуу.
ИТКнын жыйындарында кафедралардын илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары каралып, бюджеттик илимий-изилдөө иштеринин жана эл аралык долбоорлордун отчеттору угулат; кандидаттык жана доктордук диссертацияларды коргоого сунуштоо боюнча чечимдер кабыл алынат. Илимий изилдөөлөр жана кадрларды даярдоо ОшТУда илим жана техниканын артыкчылыктуу багыттарына, инновациялык технологияларга жана университеттин негизги өнүгүү милдеттерине багытталган.
ОшТУнун окумуштууларынын илимий-изилдөө иштери
Илимий-изилдөө иштери Кыргыз Республикасында 2024–2028-жылдарга илимдин, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишмердүүлүктүн өнүгүү артыкчылыктуу багыттарынын бекитилген тизмесине ылайык жүргүзүлөт.
ОшТУнун окумуштууларынын илимий-изилдөө ишинде өкмөттүн токтомдору жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигинин комплекстүү программалары менен аткарылган маанилүү темалар маанилүү орунду ээлейт.
ОшТУнун окумуштуулары тарабынан бир катар маанилүү илимий-изилдөө жана инновациялык долбоорлор иштелип чыгып, өндүрүшкө жана билим берүү мекемелерине киргизилген.
ОшТУнун окумуштуулары илимий конкурстарга катышууну олуттуу түрдө күчөткөн. 2022–2026-жылдары ОшТУнун окумуштуулары Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигинин бюджеттик каржылоосу менен артыкчылыктуу багыттар боюнча 9 илимий долбоор, ошондой эле Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан каржыланган РЕСА долбоору «Борбордук Азиядагы экономикалык өсүш секторлору үчүн кесиптик билим берүү» боюнча 3 илимий долбоор аткарылган.
ОшТУнун 2025-жылдагы илимий-изилдөө долбоорлорунун каржылоосу

Университеттин коллективинин илимий-публикациялык активдүүлүгүндө жогорку ийгиликтер көрсөтүлдү. Акыркы 5 жылда ОшТУнун профессордук-окутуучулар курамы (ППС) тарабынан эл аралык илимий басылмаларда 2077ден ашык илимий макала жарыяланган. Алардын ичинен:
- Scopus базасында индекстелгендер – 106;
- Web of Science – 6;
- РИНЦ – 1423, анын ичинен ядро РИНЦке киргендер – 21;
- elibrary.ru порталында – 1965 макала.
ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамынын акыркы 5 жылдагы публикациялык активдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү

2023–2025-жылдар аралыгында ОшТУнун ППС тарабынан Scopus базасында индекстелген басылмалар

Студенттердин даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу үчүн Кыргызстандын түштүгүндөгү академиялык жана алдыңкы өндүрүштүк мекемелердин потенциалын колдонууга өзгөчө көңүл бурулат. Алар: студенттер жана жаш окумуштуулар үчүн практика, стажировка уюштуруу, конференциялар, жайкы мектептер, семинарлар өткөрүү, гранттар жана долбоорлор боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү.
Ар жылы апрель айында университетте жаш окумуштуулар жана студенттер үчүн регионалдык “Илим.Технология. Инновация” илимий-практикалык конференция өткөрүлөт: ага илимий-изилдөө иштери менен активдүү алектенген 800дөн ашык магистранттар жана студенттер катышып, баяндамаларды жасашат. Конференциядагы мыкты иштер «Илим. Техника. Инновация» конференциясынын жыйнагында жарыяланат.
“Кошумча билим берүү”
квалификациясын жогорулатууга жана кесиптик кайра даярдоого багытталган программалардын кеңири спектрин сунуштайт. Бул жерден сиз ийгиликтүү карьера үчүн зарыл болгон жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү алууга жардам бере турган курстарды таба аласыз.
Лицензия
Университеттин билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензиясы бар.
Лицензия тизмеси:
- Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электромонтерлор ( окуу мөөнөтү 3 ай);
- Электр газ менен ширетүүчү (окуу мөөнөтү 2 ай);
- Корей тили (окуу мөөнөтү: 3 ай);
- Кытай тили (окуу мөөнөтү: 3 ай);
- Англис тили (окуу мөөнөтү: 3 ай);
- Орус тили (окуу мөөнөтү 3 ай);
- Кыргыз тили (окуу мөөнөтү 3 ай);
- Негизги жана орто жалпы билим берүү ( II – III баскычтар) (окуу мөөнөтү: 4 жыл);
- Немис тили (окуу мөөнөтү 3 ай).
Квалификацияны жогорулатуу курстары
Курстун программалары эмгек рыногунун учурдагы талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан жана теориялык жана практикалык окутууну камтыйт. Курстардын тизмеси:
- “Транспорттук логистика” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Атамкулов У.Т.
- “Жогорку математика” курсунун жетекчиси, ф-м.и.д., профессор Аширбаева А.Ж.
- ” Python маалымат базасы ” курстун жетекчиси, т.и.к.. , доцент Мамбетов Ж.И.
- “Билим берүү тармагындагы аккредитация боюнча эксперт” курсунун жетекчиси, а-ч.и.д., доцент Танаков Н.Т.
- “Тамак-аш азыктарынын сапатын контролдоо жана камсыздоонун заманбап ыкмалары” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Ирматова Ж.К.
- “Функционалдуу тамак-аш азыктарын өндүрүү үчүн өсүмдүк сырьесун кайра иштетүү технологиялары” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Ирматова Ж.К.
- “Электроника жана робототехника” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Арыкбаев И.М.
- “NEW ENGLISH FILE” (A1, A2, B1, B2, C1, C2) курсунун жетекчиси, м.а. , кафенин башчысы Хабибуллаева Н.З.
- “1С Бухгалтердик эсеп” курсунун жетекчиси, э.и.к., доцент Хамзаева А.М.
- “Логистика боюнча менеджер” курсунун жетекчиси, э.и.к., доцент Усанова Ж.У.
- “Электрондук отчеттуулук” курсунун жетекчиси, э.и.к., доцент Хамзаева А.М.
- “Функционалдуу жана байытылган тамак-аш азыктары: технологиялар жана тенденциялар” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Ирматова Ж.К.
- “Дан кайра иштетүү технологиялары: талдоодон экспорттук стандарттарга чейин” курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Ирматова Ж.К.
- “Мөмө-жемиштерди кайра иштетүүдөгү инновациялар: узак мөөнөттүү сактоо жана сактоо технологиялары» курсунун жетекчиси , т.и.к. , доцент Ирматова Ж.К.
- “Тамак-аш өнөр жайындагы экологиялык жактан таза өндүрүш жана калдыктарды минималдаштыруу” курсунун жетекчиси , т.и.к., доцент Ирматова Ж.К.
- “Органикалык продуктуларды өндүрүүнүн технологиялары жана коопсуздугу” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Ирматова Ж.К.
- “Сүт жана эт азыктарынын өсүмдүк аналогдорун өндүрүүнүн технологиялары” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Ирматова Ж.К.
- “Тамак-аш биотехнологиясы: ферменттик кайра иштетүү жана функционалдык ингредиенттерди өндүрүү” курсунун жетекчиси, б.и.к., Исраилова Г.С.
- “Тамак-аш өнөр жайындагы микробиологиялык коопсуздук жана сапатты көзөмөлдөө” курсунун жетекчиси, б.и.к., Исраилова Г.С.
- “Мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринде туура жана баланстуу тамактанууну уюштуруу” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Ирматова Ж.К.
- “Тамак-аш азыктарынын сапатын баалоонун жана санарип маркировкалоонун заманбап ыкмалары” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Ирматова Ж.К.
- “Окуу процессинде маалыматтык технологияларды колдонуу” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Бокоев К.А.
- “Билим берүү процессиндеги жасалма интеллект”, т.и.к., доцент Бокоев К.А.
- “ENGLISH FILE” (A1, A2, B1, B2, C1) курсунун жетекчиси, кафедра башчысы Шерматова А.М.
- “Орус тили чет тили катары” (Башталгыч деңгээл (А1-А2)), (Жогорку деңгээл (В1-В2)), курстун жетекчиси, Бердибаева Н.И.
- “Маалыматтык технологияларды башкаруу” курсунун жетекчиси, ОшТУнун доценти, Артыкбаева С.Ж.
- “Билим берүүнүн сапатын жогорулатууда маалыматтык технологиялардын ролу” курсунун жетекчиси, а-ч.и.д., доцент Танаков Н.Т.
- “Өндүрүш менен билим берүүнүн интеграциясын жакшыртуу” курсунун жетекчиси а-ч.и.д., доцент Танаков Н.Т.
- “Энергетикадагы заманбап технологиялар: инновациялар жана тенденциялар”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Өнөр жай жана курулуштагы энергетикалык эффективдүүлүк” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Жылуулук энергетикасынын негиздери: теория жана практика” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т
- “Энергиянын кайра жаралуучу булактары: келечеги жана чакырыктары” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Энергетикалык системаларды долбоорлоонун техникалык-экономикалык аспектилери” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Энергия менен камсыздоону башкаруу жана энергетикалык процесстерди автоматташтыруу” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Энергетика жана жылуулук энергетикасынын экологиялык аспектилери”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Энергетикалык коопсуздук жана туруктуу өнүгүү” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Жылуулук энергетикасы турак жай-коммуналдык чарбада”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Энергетикалык объекттерди модернизациялоо: ыкмалар жана технологиялар” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Энергияны эсепке алуунун жана башкаруунун интеллектуалдык системалары” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Энергетика: жабдууларды долбоорлоо жана эксплуатациялоо” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Климаттын өзгөрүшүнүн энергетика секторуна тийгизген таасири” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Ишканалардагы энергетика: энергияны башкаруу жана натыйжалуулук” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Энергетикалык долбоорлордун экономикалык эффективдүүлүгүн талдоо жана баалоо” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Агроөнөр жай комплексиндеги заманбап электр технологиялары”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Айыл чарба объектилерин электр менен камсыздоо”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Агрардык сектордогу энергиянын натыйжалуулугу”, курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Айыл чарба тармактарындагы электр жабдуулары жана автоматташтыруу системалары” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Айыл чарба машиналарынын электр приборлору жана установкалары”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Айыл чарба объектилерин жарыктандыруу системалары”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Айыл чарбасында электр энергиясын колдонуунун инновациялык ыкмалары”, курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүүдө электрдик технологияларды колдонуу” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Айыл чарба тармагындагы технологиялык процесстерди автоматташтыруу жана башкаруу”, курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “ Күнөскана жана күнөскана комплекстеринин электр системалары” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Электр дисктер жана аларды айыл-чарба машиналарында колдонуу”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Айыл -чарба объектилерин энергия менен камсыздоо жана электр коопсуздугунун көйгөйлөрү” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Агрардык инженерияда контролдук жана мониторинг системасы”, курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Айыл-чарба ишканаларынын электр жабдууларын долбоорлоонун негиздери”, курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Агрардык инженериядагы келечектеги электр энергетикалык технологиялар” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Билим берүүдөгү интерактивдүү жана инновациялык методдордун негиздери”, курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Интерактивдүү окутуу методдору” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Билим берүүдөгү инновациялык технологиялар”, курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Интерактивдүү жана инновациялык ыкмаларды колдонуу”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Учурдагы маселелер жана өнүгүү перспективалары”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
Университетте окуунун артыкчылыктары
* Жогорку квалификациялуу мугалимдер*: сабактарды практикалык тажрыйбасы мол тажрыйбалуу адистер окушат.
* Заманбап билим берүү технологиялары*: окуу процессинде заманбап методдор жана технологиялар колдонулат, бул окутуунун натыйжалуулугун камсыз кылат.
* Индивидуалдык мамиле*: курстун ар бир катышуучусу жекече мамилени алат, бул алардын муктаждыктарын жана каалоолорун мүмкүн болушунча эске алууга мүмкүндүк берет.
* Ийкемдүү окуу графиги*: сиз өзүңүзгө ыңгайлуу болгон окуу графигин тандай аласыз, ал сизге жумуш менен окууну айкалыштырууга мүмкүндүк берет.
* Жеткиликтүү баалар*: университеттин квалификациясын жогорулатуу курстарында окуу акысы студенттердин кеңири чөйрөсү үчүн жеткиликтүү.
«Антиплагиат. ВУЗ»
«Антиплагиат. ВУЗ»
Суроолоруңуз болсо, системанын ОшТУдагы администраторуна кайрылыңыз:
Шакиров Арген Асылбекович, тел.: +996 990 577 200,
е-mail: shakirovargen@gmail.com
Наукометрия боюнча колдонмо
Наукометрия – илимдин өнүгүүсүн сандык көрсөткүчтөр менен изилдөө.
Илимий ишти, илимий макаланы жана грантка табыштаманы даярдоодо илимий маалыматтарды жана адабияттарды издөө илимий-изилдөө процессинин маанилүү этабы болуп саналат. Адабияттарды издөө жаңы идеяларды калыптандыруу, тандалган илимий багыт боюнча билимди тереңдетүү жана колдонулган методологияларды талдоо функцияларын аткарат.
Илимий маалыматтарды издөөдө библиографияга жана цитаталоого таянуу зарыл. Эң кадыр-барктуу маалымат булактары болуп Web of Science, Scopus жана РИНЦ сыяктуу илимий цитаталоонун маалымат базалары же цитаталоо индекстери саналат.
Наукометриялык көрсөткүчтөр илимий кызматкерлердин ишин баалоодо жана аларды кызматтык жактан илгерилетүүдө, гранттарды бөлүүдө жана илимий-изилдөө кызматкерлерин жумушка алууда кеңири колдонулат. Ошондой эле, наукометриялык көрсөткүчтөр калыс эксперттик бүтүмдөрдү калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Төмөндө келтирилген материалдарды М.М. Адышев атындагы ОшТУнун илимий кызматкерлери, магистранттары, аспиранттары жана профессордук-окутуучулук курамы пайдаланса болот:
- Наукометрия боюнча колдонмо
- Заманбап наукометриялык көрсөткүчтөрдү колдонуу
- Чет элдик электрондук ресурстар
- Импакт-фактору бар журналга макаланы жарыялоо
- Web of Science та профилди каттоо
- Web of Science: негизги мүмүкүнчүлүктөр
- Web of Science та керектүү маалыматты издөө
- End Note Online: библиография менен иштөө
«Импакт-фактор» (Impact Factor) же журналдын «цитаталоо индекси» — бул белгилүү бир журналда жарыяланган макалалардын цитаталануусунун сандык көрсөткүчү. Цитаталоо индекси АКШнын Илимий маалымат институту (ISI) тарабынан эсептелет. Импакт-фактор журналдагы материалдардын жана публикациялардын цитаталануу санын эсептөө аркылуу анын маанилүүлүгүн же даражасын аныктоо үчүн колдонулат.
ОшТУнун «Кыргызстандын инновациялык жана элитардык инженердик билим берүүсүн өнүктүрүүнүн илимий, илимий-техникалык негиздери» аттуу илимий багытына ылайык, окутуу процессин илим менен техниканын заманбап жетишкендиктерине жана инновацияларына негиздеп өркүндөтүү иштери жүргүзүлүүдө. Университеттин өнүгүүсү илимий изилдөөлөрдүн сапатын жана маанилүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле илимий иштердин жыйынтыктарын эл аралык рейтингдик журналдарга жарыялоо аркылуу дүйнөлүк илимий коомчулукка ишенимдүү интеграцияланууга багытталган.
Эл аралык рейтингдик журналдардагы илимий публикациялардын санынын туруктуу өсүшү — бул дүйнөлүк тенденция жана жогорку окуу жайынын академиялык аброюнун ийгиликтүүлүгүнүн көрсөткүчү, индикатору болуп саналат.
Изилдөөчү авторлорго керектүү шилтемелер:
- Thomson Reuters
- Scopus
- Science Direct
- Springer
- Web of Science платформасынын маалымат порталы
- ResearcherID
### Курстарга кантип жазылса болот
Квалификацияны жогорулатуу курстарына кирүү үчүн арызды толтуруп, үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмүнө кайрылуу керек. Биздин адистер бардык суроолоруңузга жооп беришет жана сизге эң ылайыктуу окуу программасын тандоого жардам беришет.
ОшТУнун илимий-практикалык конференциясынын ПРОГРАММАСЫ 10-11-октябрь 2025-ж.
*Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз жана көбүрөөк изденүүчү адис болуңуз!*
Кошумча билим берүү……
Исраилова Гулбарчин Салимовна – илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башчысы, к.б.н.
тел: 0555801489, israilova@oshtu.kg
Жусупов Байгелди Тургумбаевич – башкы адис
тел: 0706 007 459, adam.turugn@gmail.com
Шакиров Арген Асылбекович – жетектөөчү адис
тел: +996990577200, shakirovargen@gmail.com
Арзиева Сузанна Казбековна – жетектөөчү адис
тел: 0777 857 444, Suzana.kg.1985@gmail.com
Шерова Айзат Маратовна – жетектөөчү адис
тел: 0558 180 204, aiz.sherova@gmail.com










