Университеттердин орус-кыргыз консорциумунда биргелешкен билим берүү программасынын алкагында Д.Ф.Устинов атындагы Балтика мамлекеттик техникалык университетинен “ВОЕНMEХ” техника илимдеринин кандидаты, Е4 кафедрасынын доценти Киреев Олег Леонидович жана Потапов Евгений Сергеевич ОшТУга иш сапар менен келишти. Буга чейин Балтика мамлекеттик техникалык университети менен биздин университеттин ортосундагы түзүлгөн келишимдердин негизинде эки тараптуу кызматташуунун алкагында бакалавр 2+2, магистратура 1+1 программаларын ишке ашыруу жана академиялык мобилдүүлүк боюнча Информатика кафедрасынын окутуучуларынын катышуусу менен Колдонмо информатика адистигинин студенттерине конок лекция өтүштү.
Ош технологиялык университети аккредитациядан өтүп жатат
2025-жылдын 3–4-ноябрь күндөрү Ош технологиялык университети Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин (ББПУАА) эксперттик комиссиясы тарабынан тышкы баалоодон өтүүдө....











