Информатика жана эсептөө техникасы билим берүү программасы
Эсептөө техникасы жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо (ПОВТАС) кафедрасы 2025-жылы Ош технологиялык университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2025-жылдын 27-июнундагы пилоттук билим берүү программалырын киргизүү боюнча чечимине жана ОшТУнун билим берүү программасы жана анын жетекчиси жөнүндө жобого ылайык №338-ӨБ (03.09.2025) буйругунун негизинде Информатика жана эсептөө техникасы билим берүү программасына өзгөтүлүп бекитилди. Информатика жана эсептөө техникасы билим берүү программасына т.и.к., ОшТУнун доценти Кадыркулова Нургул Козубековна жетекчиси болуп дайындалды.
2012-жылдан баштап ББП 710100 «Информатика жана эсептөө техникасы» (ИжЭТ) багыты боюнча бакалаврларды, ал эми 2013-жылдан 520500 – «Картография жана геоинформатика», 2015-жылдан башка адистикти бүткөн студенттер үчүн 544319 «Информатика жана программалоонун технологиясы» (ИжПТ) багыты боюнча магистрлерди, 2022-жылдан баштап 520500 «Картография жана геоинформатика» (PhD) докторанттарды даярдай баштаган.
Багыттар жана профилдер / программалар
«ИжЭТ» ББ программасы төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдайт:
Бакалавриат:
Профили:«Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо»;
Магистратура:
Профили: “Картография”
Профили: “Информатика жана программалоо технологиясы”
PhD докторантура программамасы боюнча:
710100 – “Информатика жана эсептөө техникасы” ББП
Ош технологиялык университетинин 710100-“Информатика жана эсептөө техникасы” багыты боюнча билим берүү программасы билим берүү ишин жүргүзүү укугуна мамлекеттик лицензияга жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын чечими менен берилген лицензиянын тиркемелерине ылайык ишке ашырылат. Серия ЖБ, регистрация №III-55 протокол 09/06 18.06.2012 ((18.06.17-жылга чейин, 200 студенттин контингенти менен жана мөөнөтсүз лицензияга узартылды лицензия №LD170000223, 28.02.2017-ж. 100 студенттин контингенти менен). 710100-“Информатика жана эсептөө техникасы” багыты боюнча билим берүү программасын ишке ашыруу билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2015-жылдын 15-сентябрындагы №1179/1 буйругу менен бекитилген. 710100 – “Информатика жана эсептөө техникасы” багытындагы жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына толук өлчөмдө шайкеш келет ошондой эле ЖПБ (жогорку профессионалдык билим берүүсү) МБС (мамлекеттик билим берүү стандартынын) негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 21-сентябрындагы №1578/1 буйругу менен бекитилген. 710100-“Информатика жана эсептөө техникасы”, багыты боюнча окуу программасы кадрларды даярдоо ОшТУда 1992-жылдан бери жүргүзүлүүдө. 2016 — жылдан баштап ОП бүтүрүүчүлөрүнө бакалавр квалификациясы ыйгарылат. Окуу мөөнөтү: жалпы орто билим берүү базасында 4 жыл (күндүзгү бөлүмдө); орто кесиптик билим берүү базасында 3 жыл (күндүзгү бөлүмдө). Окутуу орус тилинде жүргүзүлөт. ОшТУнун аккредитациялануучу ББП боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруу үчүн академиялык ресурстарга толук ээ. ПОВТАС кафедрасы ЖББПны (жалпы билим берүү программасы) (ЖББП-2017-ж., ЖББП-2022-ж.) иштеп чыкты жана бекитти, ал максаттарды, ББКЖны (билим берүүнүн күтүлүүчү жыйынтыгы) (ББКЖ-2022) жана компетенциялардын тизмесин камтыйт. ЖББПнын негизинде бүтүрүүчүнүн компетенттүү модели иштелип чыккан (бүтүрүүчүнүн модели-2022).
710100-“Информатика жана эсептөө техникасы” ББПнын максаты – эсептөө тутумдарын жана тармактарын программалык жана аппараттык камсыздоо, маалыматты иштеп чыгуунун жана башкаруунун автоматташтырылган тутумдары жаатында заманбап эмгек рыногунун атаандаштыкка жөндөмдүү адистерин сапаттуу даярдоону камсыз кылуу болуп саналат, алар кесиптик милдеттерди чечүү үчүн зарыл болгон эсептөө техникасын жана маалыматтык технологияларды практикалык колдонуу чөйрөсүндө жетиштүү билимге жана компетенция деңгээлине ээ.
ББПнын иш планы 2025-2026 – окуу жылы үчүн
520500- Картография жана геоинформатика
544319- “Информатика жана программалоо технологиясы”
2025-жылдын 4-октябрында ИжЭТ ББПсына караштуу South Coders, Young hackers олимпиадалык командалары программалоо боюнча онлайн Республикалык олимпиаданын квалификациялык туруна катышып, South Coders 85 команданын ичинен 6-орунга, ал эми Young hackers 27-орунга ээ болушту.
Аккредитациялануучу 544319 – Информатика жана программалоонун технологиясы (магистратура) багытынын максаты – бүтүрүүчүлөрдү кесиптик ишмердүүлүккө даярдоо жана компетенттүүлүктүн негизинде магистранттардын инсандыгын ар тараптуу өнүктүрүү, ошондой эле заманбап талаптарга жооп берген, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоону камсыз кылуу. Мындан тышкары Информатика жана программалоонун технологиясы (магистратура) багыты өз багытында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, жогорку тереңдетилген кесиптик билим алууга; ишмердүүлүк чөйрөсүндө ийгиликтүү иштөөсүнө, универсалдуу жана предметтик-адистештирилген компетенцияларга ээ болушуна, анын кесиптик мобилдүүлүгүн жана эмгек рыногундагы туруктуулугун камсыз кылууга багытталган окуу программасын сунуштайт.
Илимий-изилдөө иштери
Илимий-изилдөө иши ОшТУнун бирдиктүү билим берүү мейкиндигин калыптандыруунун артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, ал фундаменталдык илимдин, билим берүүнүн жана келечектеги адистердин кесиптик чөйрөсүнүн тыгыз өз ара байланышын камсыз кылууга негизделген. Окуу процессинин, илимий-изилдөө жана илимий-методикалык иштердин сапатын жогорулатуу университеттин жетекчилиги тарабынан келечекте ЖОЖдун жөндөмдүүлүгүн, туруктуу өнүгүүсүн жана гүлдөп өнүгүшүн камсыз кылуунун стратегиялык милдети жана куралы катары каралат. ИжЭТ ББПнын профессордук-окутуучулук жамаатынын илимий-изилдөө иштери илимий эмгектердин басылмаларында, ББПнын окутуучуларынын билим берүү, илим жана инновациялык өнүгүү чөйрөсүндөгү мамлекеттин улуттук саясатына ылайык келген эл аралык конференцияларга катышууда чагылдырылган.
ББПнын илимий-изилдөө иштеринин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- 13.18-Математикалык моделдөө, сандык усулдар жана программалардын комплекси;
- 13.01-системаны талдоо, башкаруу жана маалыматты иштеп чыгуу;
- 00.24-Экономикалык, социалдык, саясий жана рекреациялык география;
Чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү үчүн, ИжЭТ ББПсы ПОЖ (профессордук-окутуучулук жамааттын) компетенттүүлүк деңгээлин жогорулатуу үчүн эл аралык илимий мектептерде, ар кандай илимий-практикалык конференцияларда (республикалык, эл аралык) баяндамалар менен катышууда.
План НИР 2025-2026 ж
Отчет НИР 2024-2025 ж.
Окуу-методикалык иштер
ББПсына окуу-методикалык иштин негизги максаты окуу процессинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүүчү шарттарды түзүү болуп саналат. ИжЭТ ББПсынын профессордук — окутуучулук жамааты тарабынан студенттерге сапаттуу билим берүү үчүн бардык дисциплиналар боюнча электрондук окуу-методикалык комплекстер иштелип чыккан, анда лекциялык курстар, өз алдынча жана тесттик тапшырмалар бар. ПОЖ сабактарды ОУК (окуу усулдук комплекси) боюнча бекитилген жекече пландарга ылайык өткөрөт. ББПнын кызматкерлери окулган дисциплиналар боюнча методикалык жабдууларды түзүүнүн үстүндө дайыма иштеп жатышат.
Тарбия иштери
Студенттер менен билим берүү ишин уюштуруу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү адисти түзүү үчүн зарыл болгон натыйжалуу түрлөрү жана ыкмалары колдонулат. Студенттердин чыгармачылык дараметин толук ачуу үчүн формалдуу эмес конкурстар жана фестивалдар, концерттер, кечелер, КВН дер, диспуттар, концерттерге, музейлерге, көргөзмөлөргө баруу уюштурулат. Студенттер ар кандай билим берүү иш-чараларына активдүү катышып, байгелүү орундарды ээлеп, мактоо грамоталарына ээ. ОП 710100 Информатика жана эсептөө техникасы багытынын студенттери университеттин коомдук турмушуна, шаардын, облустун ар кандай коомдук-маданий иш-чараларына активдүү катышып, шаардык, облустук, республикалык масштабдагы ар кандай конкурстардын жана спартакиадалардын байге ээлери болуп саналышат. Студенттерибиздин спорт жаатындагы жетишкендиктерин да белгилөөгө болот.
Материалдык-техникалык база
Билим берүү программаларынын билим берүү сапатын камсыз кылуу ББПтарабынан билим берүү программаларынын максаттарына жана анын өзгөчөлүктөрүнө ылайык келген ресурстарды (материалдык-техникалык, маалыматтык) дайыма жакшыртуунун эсебинен жүзөгө ашырылат. Билим берүү программалары аудитордук фонд тарабынан толук камсыздалган. Аудиториялардын абалы окуу процессинин заманбап деңгээлине (чоң, жарык, жылуу) ылайык келет, санитардык-эпидемиологиялык жана өрткө каршы ченемдерге жана талаптарга жооп берет, жетиштүү сандагы отургучтар менен жабдылган. ИжЭТ ББПсына 4 окуу лабораториясы, 1 геомаалыматтык технологиялар боюнча илимий-изилдөө борбору жана 1 окутуучулардын усулдук кабинети бекитилди.
- Информатика жана программалоонун технологиясы адистештирилген компьютердик лабораториясы;
- Тармактык технологиясы адистештирилген компьютердик лабораториясы;
- Специализированная компьютерная лаборатория «СУБД и база данных»;
- Маалымат базасы жана маалымат базасын башкаруу адистештирилген компьютердик лабораториясы;
- Геоиформациялык технологияларды изилдөө борбору.
Эл аралык жана республикалык долбоорлор
“Эразмус+ Долбоору CBHE: 617695-EPP-1-2020-1-ES-EPPKA2-CBHE-JP” программасы
2015-жылдын 21-январынан баштап Европа Биримдигинин Эразмус + программасынын алкагында “Арменияда жана Кыргызстанда дипломдон кийинки билим берүүнүн дисциплиналар аралык программаларын өнүктүрүү жана геомаалыматтык технологиялар жаатында изилдөө тармактарын бекемдөө” (Бку) долбоору башталды. Долбоорду Валенсия политехникалык Университети (Испания) координациялайт. Долбоорду ишке ашырууга Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз Мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университети тартылган. КР БжИМ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик картография-геодезия менен кызматташууда. Негизги максаты — геомаалыматтык технологиялар жаатында дипломдон кийинки жогорку билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана Армения менен Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар, өнөр жай жана администрация ортосунда изилдөөлөр жана инновациялар жаатында байланыштарды бекемдөө.
Эл аралык жана республикалык долбоорлор
“Эразмус+ Долбоору CBHE: 617695-EPP-1-2020-1-ES-EPPKA2-CBHE-JP” программасы
2015-жылдын 21-январынан баштап Европа Биримдигинин Эразмус + программасынын алкагында “Арменияда жана Кыргызстанда дипломдон кийинки билим берүүнүн дисциплиналар аралык программаларын өнүктүрүү жана геомаалыматтык технологиялар жаатында изилдөө тармактарын бекемдөө” (Бку) долбоору башталды. Долбоорду Валенсия политехникалык Университети (Испания) координациялайт. Долбоорду ишке ашырууга Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз Мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университети тартылган. КР БжИМ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик картография-геодезия менен кызматташууда. Негизги максаты — геомаалыматтык технологиялар жаатында дипломдон кийинки жогорку билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана Армения менен Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар, өнөр жай жана администрация ортосунда изилдөөлөр жана инновациялар жаатында байланыштарды бекемдөө.

“Темпус Долбоору 510978-TEMPUS-1-2010-1-AT-TEMPUS-JPCR” программасы
“Геоинформатика: энергияны, ресурстарды, айлана – чөйрөнү башкаруу” программасынын негизги максаты — геоинформатика магистранттары үчүн эл аралык дисциплиналар аралык окуу программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, критикалык ресурстарды башкарууга так басым жасоо. Атап айтканда, Борбордук Азия регионунда өнүгүп келе жаткан экономикалардын ийгилигинин маанилүү компоненттери каралат. Программа Болонья декларациясына ылайык окутуунун мазмунуна, окутуу методдоруна, академиялык бүтүндүгүнө жана биргелешкен формасына, ошондой эле окутуунун пайдубалын түптөөгө багытталат.
“TEMPUS — 544319-TEMPUS-1-2013-1-FR-TEMPUS-JPCR” программасы
544319-TEMPUS-1-2013-1-FR-TEMPUS-JPCR Эл аралык долбоору “Борбордук Азиядагы экинчи компетенция катары информатика тармагындагы кесиптик магистр даражасы” (промис) регионалдык үч жылдык долбоор болгон, ал 2014-жылдын февралында Греноблдеги көчмө жолугушуудан башталып, 2017-жылдын июнь айында Астанада (Казакстан) өткөн жыйынтыктоочу конференцияда аяктаган. Ал 17 уюмду, анын ичинде европанын ар кайсы өлкөлөрүнөн 5 университетти, Борбордук Азиянын 5 өлкөсүнөн 10 университетти жана Европа биримдиги тарабынан эмгек дүйнөсүн чагылдырган 3 компанияны бириктирген консорциум тарабынан ишке ашырылган. Долбоордун негизги максаты Борбордук Азиянын тандалган өлкөлөрүндө биринчи даражасы маалыматтык технологиялар менен байланышпаган студенттерге экинчи компетенцияга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн маалыматтык технологиялар жаатындагы жаңы магистрдик программаны иштеп чыгуу жана киргизүү болгон.
Академиялык мобилдүүлүк
ЖОЖдун студенттеринин жана ПОЖдун (профессордук-окутуучулук жамаат) академиялык мобилдүүлүгү ОшТУнун илимий-педагогикалык кызматкерлеринин академиялык мобилдүүлүгү жөнүндө ОшТУнун Жобосунун негизинде ишке ашырылат. Бул жобо ОшТУнун студенттеринин жана профессордук-окутуучулук жамааттын академиялык мобилдүүлүгүнүн негизин, тартибин жана шарттарын жөнгө салат. Азыркы учурда университеттин ПОЖдун академиялык мобилдүүлүгү боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө, кызматташуу жөнүндө эки тараптуу келишимдер түзүлүүдө. Акыркы жылдары ар кандай семинарларга, тегерек столдорго, ошондой эле башка өнөктөш ЖОЖдордун илимий-изилдөө иштерине катышкан окутуучулардын саны көбөйдү. Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында жана студенттер үчүн саякаттар уюштурулат.
ПОЖ(профессордук-окутуучулук жамаат) академиялык мобилдүүлүгү


Студенттердин академиялык мобилдүүлүгү

ББПнын ЖОЖдор менен байланышы

Практиканы уюштуруу
Практикалардын түрлөрү ЖПБ (жогорку профессиионалдык билим берүүнүн) МБС (мамлекеттик билим берүүнүн стандарты) тарабынан аныкталган. ОшТУнун студенттеринин практикасынын түрлөрү: окуу-тааанышуу практикасы, өндүрүштүк практика жана квалификацияга чейинки практика. Студенттер окуу-таанышуу, өндүрүштүк жана квалификациялоонун алдындагы практикаларды өндүрүштө, иш берүүчүлөрдүн ордунда, практикадан өтүү жөнүндө келишим түзүлгөн жерлерде өтүшөт. Бардык студенттер практикадан өтүү үчүн орун менен камсыз болушкан. Практика окуу процессинин бекитилген графигине ылайык жана окуп жаткандарды даярдоонун окуу планынын негизинде жүргүзүлөт. Студенттердин практикага кирүүсүнө сессия бүткөндөн кийин уруксат берилет. Ар бир студент практика өтүү үчүн ББПда каралган жана бекитилген жана институттун методикалык Кеңеши тарабынан бекитилген студенттерди жетекчиликке алган практика өтүү программасы менен камсыз кылынат. Студенттердин ар бир тобуна консультация берүүчү, көзөмөлдөөчү жана студенттердин практикалык көндүмдөрүн баалоочу жетекчи дайындалат. Ар бир студент үчүн күндөлүккө чагылдырылган ББПдан практика жетекчиси тарабынан жекече тапшырма берилет. Практиканын аягында студенттер отчетту мазмунуна жана жасалгалоо талаптарына ылайык даярдашат.
Бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу
ОшТУда бир катар түзүмдүк бөлүмдөрдү камтыган, эмгек рыногуна ыңгайлашуу жана студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү системасы натыйжалуу иштеп жатат. Бул системаны өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча максаттуу иштерди ОшТУ менен биргеликте бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногуна көнүктүрүү жана ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү регионалдык борбору жүргүзүүдө. Жыл сайын университеттин бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу планы иштелип чыгат, ал төмөнкү иш-чараларды камтыйт:
-
- билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен жолугушууларды уюштуруу;
- бош орундардын жарманкелерин уюштуруу;
- жумуш берүүчүлөр менен тегерек столдорду өткөрүү;
- бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу боюнча шаардык эмгек жана ишке орноштуруу бөлүмү менен биргелешкен ишти алып баруу.
Жыл сайын бош орундардын региондор аралык жарманкеси иш менен камсыз кылуу борбору менен бирге уюштурулат. ОшТУнун студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үчүн, анда иш берүүчүлөр аларга иштин ар кандай түрлөрүн сунушташат, мында ар бир студент өзүнө жаккан же өзгөчөлүгү боюнча иштин ар кандай түрүн тандай алат.
Жарманкенин жүрүшүндө бүтүрүүчүлөргө жана иш берүүчүлөргө негиздүү тандоо жасоого, жумуш издегендерге карата талаптар, ишканалар кандай иштейт, ал жакка ар кандай шарттарда жумушка орношсо болот, ошондой эле ишканалардагы эмгек шарттары жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк берилет.
Бүтүрүүчүлөргө резюме жазуу, тайм-менеджмент, эмгек рыногундагы учурдагы кырдаал, иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасынын алкагында жаштарды колдоо жана ийгиликтүү ишкерлер, ОшТУнун бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу маселелери боюнча маалыматтык материалдар таратылып, семинарлар уюштурулат.
Биздин бүтүрүүчүлөр
Бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу жөнүндө маалымат
КР Өкмөтүнүн 18-сентябрындагы 2020-жылдын 18-сентябрындагы №491 токтомунда ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүн кесиптик сертификациялоодон өткөрүү үчүн квалификациялардын улуттук алкагында (документ) жактырылган. https://www.gov.kg/ru/npa/s/2709). Азыркы учурда ОшТУ бүтүрүүчүлөрдү кесиптик сертификациялоо шарттарын камсыз кылуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.
Абитуриенттер үчүн маалымат
М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети Кыргызстандагы бардык ЖОЖдор сыяктуу эле жогорку кесиптик билим берүү программаларын кабыл алуу эрежелерине ылайык абитуриенттерди кабыл алат. Ал “билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун (№256.28.05.2011-ж.), ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка нормативдик актыларын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Кабыл алуунун тартиби жана эрежелери жыл сайын ОшТУнун Окумуштуулар кеңеши тарабынан иштелип чыгат жана кабыл алынат, университеттин ректору тарабынан бекитилет жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленген кабыл алуу тартибине ылайык билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
Абитуриенттерди кабыл алуу жана аларга маалымдоо процесси алдын ала ОшТУнун расмий сайтында жарыяланат. (http://portal.oshtu.kg/#/abiturient-register ). 2021-2022-окуу жылына карата кабыл алуу онлайн форматта жүргүзүлдү. Бул үчүн атайын “Абитуриент онлайн” АМС (автоматташтырылган маалыматтык системасы) иштелип чыккан, ошондой эле сайт түзүлгөн WWW.EDU.GOV.KG анда Кыргызстандын бардык окуу жайларынын тизмеси, алардын факультеттери жана адистиктери жайгаштырылган. Бул системанын максаты коронавирус пандемиясы учурунда коопсуздукту камсыз кылуу жана абитуриенттердин бардык категориясы үчүн бирдей шарттарды түзүү болгон. Ошону менен бирге, АМС системасы абитуриенттерге ЖОЖго кабыл алуу үчүн конкурстарга катышуу үчүн арыз берүүгө мүмкүнчүлүк берди. ЖКБ (жогорку кесиптик билим берүү) программалары боюнча окууга кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарынын негизинде жалпы орто билими жөнүндө аттестаты бар адамдардын арыздары боюнча жүргүзүлөт. Тандоо ЖРТде абитуриент алган эң жогорку балл, ошондой эле аңгемелешүүнүн негизинде экинчи жогорку билим алуу үчүн диплому бар адистер, ошондой эле кирүү үчүн ЖРТ боюнча өтүү баллы 110 балл боюнча жүргүзүлөт.
ББПнын курамы
Кадыркулова Нургул Козубековна — билим берүү программасынын жетекчиси
техника илимдеринин кандидаты, ОшТУнун доценти.;
Телефон: +996773682944
Email: kadyrkulova74@mail.ru
Кутунаев Жолчубек Насырымбекович — ф.-м. и. к., доцент.;
Телефон: +996554441450
Email: zh.kutunaev@mail.ru
Ергешова Гулшаан Абдыкайымовна – ОшТУнун доцентинин милдетин аткаруучу;
Телефон: +996556112279
Email: gulshaan.ergeshova@gail.com
Мамажакыпова Гулзара Турдубаевна — ага окутуучу;
Телефон: +996773512299
Email: gulzara.mamazhakypova@mail.ru
Адиева Гульзина Мамытбековна — ОшТУнун доценти
Телефон: +996773512299
Email: gulzinaadieva@gmail.com
Маликова Зирек Турдалиевна — ага окутуучу;
Телефон: +996552230783
Email: zirek.malicova@mail.ru










