Ош технологиялык университети билим берүү программаларынын сапатын камсыздоо максатында «EdNet» сапаттын кепилдиги агенттиги аркылуу кезектеги эл аралык аккредитациядан өтүүдө. Учурда университет тарабынан сунушталган жогорку жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү программалары боюнча беш багытта даярдык иштери кызуу уюштурулууда.
Сырткы баалоону Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын жана Казакстандын эл аралык эксперттери жүргүзүүдө.
Эксперттик комиссия университеттин материалдык-техникалык базасы, окуу программаларынын мазмуну жана студенттердин билим деңгээли менен жакындан таанышууда.
Бул аккредитация ОшТУнун бүтүрүүчүлөрүнүн диплому эл аралык деңгээлде таанылышына жана окуу жайдын билим берүү рейтингинин жогорулашына жол ачат.