
Ош технологиялык университетинин делегациясы Өзбекстан Республикасындагы Мухаммед аль-Хорезми атындагы Ташкент маалыматтык технологиялар университетинде уюштурулган “TUIT-2026 биринчи эл аралык студенттер форумуна» катышты. Иш-чара 29-марттан 5-апрелге чейин Ташкент жана Самарканд шаарларында өткөрүлдү.

Форумга дүйнөнүн 20дан ашуун ар кайсы өлкөлөрүнөн келген алдыңкы студенттер жана профессорлор бир жерге чогулушуп, илим, инновация жана келечек идеяларынын айланасында биригишти. Анда улуттар аралык достук жана маданияттардын гармониясы форумдун негизги рухуна айланды.

Форумдун алкагында маанилүү демилгелердин бири болгон “Дизайндык ой жүгүртүү стартап хакатону” расмий түрдө башталды жана студенттер командалык долбоорлорду аткаруу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Бул жаштардын стартап ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, глобалдык көйгөйлөргө инновациялык чечимдерди табууга жана жаңы идеяларды колдоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Форумдун катышуучулары уюштуруу тобу тарабынан уюштурулган дискуссияларга, викторина, дебаттарга жана өзбек элинин улуттук тамагы болгон аш жана самсаны даярдоо процессине күбө болушту. Бул ар кандай кызыктуу иш-чаралар жаштар арасында достук маанайды түздү.
Конокторго ошондой эле университеттин кампусу боюнча экскурсия уюштурулуп, алар TUITтин заманбап инфраструктурасы, илимий лабораториялары жана инновациялык чөйрөсү менен тааныштырылды.


Форумдун жүрүшүндө Мухаммед аль-Хорезми атындагы Ташкент маалыматтык технологиялар университетинин медиа борборунун демилгеси менен ОшТУнун студенттеринин катышуусунда санариптик өнүгүүнүн учурдагы маселелери, жасалма интеллект, инновациялык чөйрө туурасында англис тилинде теле көрсөтүү тартылды.

Бул форум жөн гана иш-чара эмес. Бул чет өлкөлөр менен эл аралык кызматташтык, тажрыйба алмашуу жана жаштар дипломатиясы саясатынын иш жүзүндөгү көрүнүшү болду.