К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети тарабынан жогорку окуу жайлар арасында менеджмент предмети боюнча эл аралык деңгээлдеги топтук форматтагы олимпиада уюштурулду.
Олимпиаданын негизги максаты — студенттердин менеджмент тармагындагы билим деңгээлин жогорулатуу, долбоорлорду иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жана алган билимдерин келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө натыйжалуу колдонууга багыттоо болуп саналат.
Аталган олимпиадага Ош технологиялык университетинин Экономика жана башкаруу институтунан МЛжТ кафедрасынын окутуучусу З.М. Тарыкчиев жетектеген команда катышты. Команданын курамында ЛОГ-23 тайпасынын студенти Ж.Б. Топчубаева, ЛОГ-24 тайпасынын студенттери С.Б. Төрөкулова, А.М. Кыргызбаев, Канатбек кызы Айназ жана ЛОГ+ЛФБД-25 тайпасынын студенти Т.А. Муратова болду.
Студенттер олимпиадага үч этап аркылуу даярданып, күч сынашты:
менеджмент предмети боюнча жекелик тест;
ишкананын мисалында долбоорду презентациялоо;
командалык квест оюну.
Жыйынтыгында ОшТУнун командасы жогорку окуу жайлар арасындагы таймашта командалык квест оюнунан I орунду, долбоордук презентация боюнча III орунду камсыздады. Мындан сырткары, команда капитаны Ж.Б. Топчубаева «Мыкты капитан» номинациясы менен сыйланды.
Олимпиаданын жыйынтыгында катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан сертификаттар, кубок жана маалыматтык буклеттер тапшырылды.
Жеңүүчүлөрдү Ош технологиялык университетинин окуу иштери боюнча проректору Улукбек Мамытов кабыл алып, аларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, мындан аркы окууларында жана кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.