Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинде Так илимдер предметтик-циклдик бирикмеси тарабынан «Математика менин кесибимде жана анын орду» аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — математика сабагынын турмуштагы ордун жана анын ар бир кесип менен тыгыз байланышта экенин айгинелеп көрсөтүү, ошондой эле студенттердин математикага болгон кызыгуусун арттыруу, аларды тактыкка, логикалык ой жүгүртүүгө жана билгичтикке тарбиялоо болуп саналат.
Иш-чараны Коомдук жана табигый илимдер борборунун жетекчиси Таштемирова Альбина Абдыкалыковна ачып берип, математика илиминин мааниси жана анын кесиптик багыттардагы ролу тууралуу белгилеп өттү.
Иш-чарага колледждин жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер активдүү катышып, кызыктуу баяндамалар, презентациялар жана талкуулар уюштурулду. Катышуучулар өз кесиптеринде математиканын колдонулушу тууралуу ой-пикирлерин бөлүшүп, практикалык мисалдар аркылуу анын маанилүүлүгүн көрсөтүштү.
Мындай иш-чаралар студенттердин билимге болгон кызыгуусун арттырып, алардын кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.