К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин директору Майрамбек Долотов жетектеген делегация Ош технологиялык университетине иш сапары менен келди.
Делегациянын курамында директордун окуу иштери боюнча орун басары Динара Аубакирова, практика башчысы Клара Манкиева жана автомобиль бөлүмүнүн башчысы Үмүт Сейитказиева болду.
Конокторду ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору, т.и.к. У.Ж. Мамытов жана ГТКнын директору, ф-м.и.к. Т.Ы. Саадалов тосуп алып, университеттин структуралык бөлүмдөрү менен тааныштырышты.
Иш сапардын алкагында автоунаа багытындагы студенттер үчүн конок лекциялар уюштурулуп, тараптар билим берүү, илимий-изилдөө жана практикалык кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында ОшТУнун ректору профессор Жанболот Турсунбаев жана Бишкек автомобиль-жол колледжинин директору Майрамбек Долотов окуу жайлар аралык кызматташуу келишимине кол коюшту.