Ош технологиялык университетинде үч спартакиаданын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү. Иш-чараны университеттин ректору, профессор Жанболот Турсунбаев ачып берип, жеңүүчүлөрдү куттуктап, жаштарды сергек жашоого жана спорт менен активдүү алектенүүгө чакырды.
Салтанаттуу иш-чарада маданий-эстетикалык борбор тарабынан концерттик программа тартууланды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Спорттук иш-чарага университеттин кесиптик бирлик комитети колдоо көрсөтүп, белектерин ыйгарды.
Спартакиаданын жыйынтыгы боюнча:
I курстун студенттери арасында:
I орун – Гуманитардык-технологиялык колледж
II орун – Технология жана жаратылышты пайдалануу институту
III орун – Архитектура жана курулуш институту
Институттар арасында:
I орун – Гуманитардык-технологиялык колледж
II орун – Технология жана жаратылышты пайдалануу институту
III орун – Архитектура жана курулуш институту
Окутуучулар жана кызматкерлер арасында:
I орун – Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институту
II орун – Гуманитардык-технологиялык колледж
III орун – Административдик-башкаруу персоналы