Ош технологиялык университетинде Германия Өкмөтүнүн “ExSoil” долбоорунун алкагында Борбордук Азиядагы кыртыштын абалын изилдөөгө багытталган масштабдуу илимий экспедиция башталды. Экспедиция 2026-жылдын 15–30-март күндөрү Лейбниц университети жана аймактагы алдыңкы жогорку окуу жайлар менен биргеликте өткөрүлүүдө.
Долбоорду эл аралык деңгээлдеги окумуштуулар жетектөөдө: Георг Гуггенбергер жана О.Б. Шибистова. Аймактык эксперттердин катарында проф. Э.А. Смаилов, проф. Б.Н. Шамшиев, б.и.д. Ж.Т. Самиева, б.и.к. Р.А. Абдуллаева бар. ОшТУ тараптан жана өнөктөш уюмдардан аспиранттар Артыкбаев С. А., Калыкова Ж. Б.; КӨЭУнун ага окутуучусу Карабаев Ж. А. жана Ош көп профилдүү колледжинин директору, изденүүчү Молошев З. И. катышууда.
Экспедициянын алкагында Кыргызстандын уникалдуу экосистемалары комплекстүү изилденүүдө. Атап айтканда, токой экосистемалары, дүйнөгө белгилүү жаңгак-мөмө токойлорунун кыртыштык өзгөчөлүктөрү талданууда. Ошондой эле Өзгөн районундагы сугат жерлерде өстүрүлгөн күрүч талааларынын кыртышы жана сугат сууларынын гидрохимиялык курамы изилденип жатат. Мындан сырткары, кайрак (богардык) жерлерди пайдалануунун кыртыш сапатына тийгизген таасири да каралууда.
Заманбап ыкмалардын бири катары кыртыштын абалына спутник аркылуу аралыктан байкоо жүргүзүү (remote sensing) технологиялары колдонулууда. Бул ыкма аймактык масштабдагы өзгөрүүлөрдү так талдоого мүмкүндүк берет.
Бул илимий долбоор ОшТУнун илимий-изилдөө потенциалын жогорулатууга, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана заманбап лабораториялык жана талаа методдорун өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт. Экспедициянын жыйынтыгында алынган маалыматтар Борбордук Азиянын кыртыш картасын жаңылоого, айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө жана экологиялык саясатты иштеп чыгууга маанилүү практикалык негиз болуп кызмат кылат.