Ош технологиялык университетинде Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) тарабынан 2021-жылы көрсөтүлгөн техникалык жардамдын алкагында алынган жабдуулардын пайдаланылышын баалоо боюнча расмий жолугушуу жана мониторинг иш-чарасы өткөрүлдү.
Аталган долбоор университеттин билим берүү процессин санариптештирүү, финансылык сабаттуулукту өнүктүрүүчү борбор түзүү, материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо максатында ишке ашырылган.
Долбоордун алкагында ОшТУга сервердик жабдуулар, интерактивдүү панелдер, компьютерлер, ноутбуктар, 3D-принтер, көп функциялуу принтерлер жана тармактык жабдуулар берилген.
Мындан сырткары, университетте финансылык сабаттуулук борбору түзүлүп, учурда активдүү иш алып барууда. Борбор калкка жана студенттерге жеке каржыны туура башкаруу, үнөмдөө, инвестициялоо жана финансылык коопсуздук боюнча кеңеш берип, тренингдерди жана агартуу иш-чараларын үзгүлтүксүз уюштуруп келет.
Жолугушуунун жүрүшүндө ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү тарабынан жабдуулардын колдонулушу, алардын билим берүү процессине тийгизген таасири жана натыйжалуулугу бааланды.
Мониторингдин жыйынтыгында жабдуулар толук көлөмдө максаттуу пайдаланылып жатканы белгиленип, алардын университеттин санариптик өнүгүүсүнө жана студенттердин практикалык көндүмдөрүн жогорулатууга кошкон салымы жогору бааланды.
Ошондой эле ПРООН өкүлдөрү тарабынан эл аралык долбоорлорго активдүү катышуу, санариптик инфраструктураны өнүктүрүү жана инновациялык билим берүү технологияларын киргизүү боюнча сунуштар берилди.
Жалпысынан алганда, ПРООН тарабынан берилген техникалык жабдуулар натыйжалуу пайдаланылып, Ош технологиялык университетинин өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууда.