Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде Ош технологиялык университетинин Мамлекеттик жана дүйнөлүк тилдер кафедрасынын башчысы Хабибуллаева Назгуль Зулумбековна 530003 «Котормо жана котормо таануу» билим берүү программасынын «Котормонун теориясы жана практикасы» профили боюнча PhD доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясын ийгиликтүү коргоду.
Анын диссертациялык иши УДК: 80/81:811.111:811.512.154 классификациясы боюнча «Англис жана кыргыз тилдериндеги “мейкиндик” концепти жана анын котормодо берилиши» деген темага арналган. Изилдөөдө англис жана кыргыз тилдериндеги “мейкиндик” түшүнүгүнүн лингвистикалык өзгөчөлүктөрү, семантикалык мазмуну жана котормо процессинде берилиш ыкмалары илимий негизде талданган.
Диссертациялык иш тил илими жана котормо таануу тармагындагы актуалдуу маселелерди камтып, эки тилдин концептуалдык өзгөчөлүктөрүн салыштырма талдоо аркылуу ачып берүүгө багытталган. Изилдөөнүн жыйынтыктары англис–кыргыз тилдер аралык котормо практикасында жана тил илиминдеги мындан аркы илимий иштерде колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
Ош технологиялык университетинин жамааты Назгуль Зулумбековнаны илимий жетишкендиги менен куттуктап, мындан аркы илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалайт.











