2026-жылдын 25-февралында Ош технологиялык университетинде Erasmus+ CBHE DIGITECH долбоорунун алкагында «Билим берүү тармагында муктаждыктарды талдоо» аттуу семинар өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты санариптештирүү шартында билим берүү тармагындагы актуалдуу муктаждыктарды аныктоо жана окуу пландарын эл аралык талаптарга ылайык жаңылоо маселелерин талкуулоо болду.
Семинарга университеттин жетекчилиги, институт директорлору, программа жетекчилери, кафедра башчылары, окутуучулар, иш берүүчүлөр жана студенттер катышты.
Иш-чараны ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору, профессор У.Ж. Мамытов ачып, өз сөзүндө учурдагы жогорку билим берүү системасында Университет 4.0 концепциясын ишке ашыруунун маанисине жана билим берүү процессинде дуалдык окутууну өнүктүрүүнүн зарылдыгына токтолду. Ал заманбап шартта жогорку окуу жайлар билим берүү, илим, инновация жана өндүрүштү айкалыштырган жаңы моделге өтүүсү керектигин белгиледи.
Семинардын жүрүшүндө DIGITECH долбоорунун координатору, ОшТУнун профессору У.Т. Аттокуров долбоордун негизги максаттары, алдыдагы иш-чаралардын пландары жана күтүлүүчү натыйжалары тууралуу кеңири баяндама жасады. Анда билим берүү программаларын модернизациялоо, санариптик жана жасалма интеллектке байланышкан компетенцияларды күчөтүү, ошондой эле эл аралык тажрыйбаларды окуу процессине киргизүү маселелери өзгөчө белгиленди.
Мындан тышкары, доцент Ж.И. Мамбетов окутуучулардан жана студенттерден алынган сурамжылоонун жыйынтыктарын сунуштап, аларга талдоо жүргүздү. Баяндамада студенттердин билим алуудагы негизги муктаждыктары, алардын кайсы предметтерге жана көндүмдөргө көбүрөөк кызыгуусу бар экендиги, ошондой эле окуу пландарын өркүндөтүү боюнча сунуштары айтылды. Өзгөчө жасалма интеллект, программалоо, маалыматтарды талдоо, киберкоопсуздук жана санариптик технологиялар багыттарына болгон кызыгуу баса белгиленди.
Иш-чаранын соңунда иш берүүчүлөр жана катышуучулар өз сунуш-пикирлерин билдирип, билим берүү сапатын жакшыртууга, окуу программаларын эмгек рыногунун талаптарына ылайыкташтырууга жана практикага багытталган окутууну күчөтүүгө багытталган биргелешкен чечимдер кабыл алынды.
Аталган семинар Ош технологиялык университетинде билим берүү программаларын модернизациялоо, санариптик трансформациялоо жана эл аралык талаптарга ылайык өнүктүрүү багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп калды.











