Ош технологиялык университетинде 2026-жылдын 16–25-март күндөрү студенттер арасында предметтик олимпиада өткөрүлөт.
Олимпиаданын негизги максаты – студенттердин кесиптик билимин тереңдетүү, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу жана илимий изденүүгө болгон кызыгуусун арттыруу. Бул иш-чара сиздерге өз билим деңгээлиңиздерди сынап көрүүгө, башка студенттер менен тажрыйба алмашууга жана жөндөмүңүздөрдү көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.
Бардык каалоочу студенттерди предметтик олимпиадага активдүү катышууга чакырабыз!
Уюштуруучулар:
Билим берүүнүн сапаты, аккредитация жана лицензиялоо бөлүмү, тейлөөчү кафедралар.