Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги «Жогорку билим берүүдө сапат жана инновациялар» (КИВО) долбоорунун алкагында Академиялык инновациялык фондунун (АИФ) гранттарына экинчи айлампа сынагын жарыялайт.
Сынактын негизги максаты — жогорку окуу жайлардын илимий потенциалын жогорулатуу, университеттер менен экономиканын реалдуу секторлорунун ортосундагы кызматташууну чыңдоо, ошондой эле инновациялык академиялык жана илимий долбоорлорду колдоо болуп саналат.
Сынакка Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана изилдөөчүлөрү катыша алышат.
Өзгөчө артыкчылык аялдар жетекчилик кылган, студент кыздарды, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана социалдык жактан аярлуу топторду камтыган долбоорлорго берилет.
Гранттын максималдуу суммасы: 200 000 АКШ долларына чейин
Долбоордун узактыгы: 36 айга чейин
1-этап (долбоор идеяларын тапшыруу): 2026-ж. 8-апрель