Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинде ПД-1-23(9) тобунун студенттери үчүн «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» аттуу маданий-агартуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты студенттерге улуттук баалуулуктардын маанисин түшүндүрүү, маданий мурастарды урматтоого үндөө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын мазмунун жаштарга жеткирүү болду.
Иш-чараны педагогика жана котормо иши предметтик-циклдик бирикмесинин окутуучусу, топтун куратору Чекирова Айгүл Сүйүновна уюштуруп, студенттер менен мазмундуу форматта өткөрдү. Анын жүрүшүндө студенттер улуттук нарк-насил, салт-санаа жана маданий мурастар тууралуу өз ойлорун билдирип, активдүү талкууларга катышышты.
Иш-чарага колледждин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары катышып, студенттердин активдүүлүгүн жогору баалап, мындай иш-чаралар жаштардын руханий дүйнөсүн байытып, мекенчилдик сезимин бекемдөөгө чоң салым кошорун белгиледи.
Иш-чара студенттер үчүн мазмундуу жана тарбиялык мааниси жогору болуп, жаштарды улуттук баалуулуктарды урматтоого жана өз маданияты менен сыймыктанууга үндөдү.