Ош технологиялык университетинде “Кытай стилиндеги таланттар” аттуу чоң маданий сынак болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты студенттердин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жана кытай маданиятына болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат.
Иш-чараны университеттин ректору, профессор Ж.Ж. Турсунбаев ачып берип, катышуучуларга ийгилик каалады.
Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышып, жаш таланттарга колдоо көрсөтүштү.
Сынакка Ош мамлекеттик университетнин Кыргыз-Кытай институтунан, Эл аралык билим берүү колледжинен жана “Билим” лицейинен келген катышуучулар менен бирге жалпысынан 25 талапкер катышты.
Сынактын алкагында катышуучулар кытай тилинде ырларды аткарып, улуттук бийлерди көрсөтүштү. Ошондой эле кытай маданиятынын өзгөчө бөлүгү болгон ушу өнөрү жана чай куюу маданияты да көрсөтүлүп, көрүүчүлөргө кызыктуу маданий программа тартууланды.
Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.