Ош технологиялык университетинин гуманитардык технологиялык колледжинин студенттери үчүн маанилүү семинар уюштурулду.
Иш-чарага Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчулүгүнүн өкүлү Ысманалиев Акылбек Абдыкахарович жана аталган уюмдун жаштар кеңешинин төрагасы Кайрат Тороев катышып, студенттерге “Мен өз эмгек укуктарымды билем” темасында маалымат беришти.
Семинардын жүрүшүндө студенттерге эмгек укуктары, жаштардын эмгек мыйзамдарындагы мүмкүнчүлүктөрү жана Германиядагы дуалдык билим берүү системасы тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Ошондой эле Германиядагы билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү, окуу менен практиканы айкалыштыруу ыкмалары тууралуу пайдалуу маалыматтар айтылды.
Иш-чарага ОшТУнун кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Б.Э.Тиленбаева, гуманитардык технологиялык колледжинин профкому Жолборс кызы Гулиза жана колледждин студенттери активдүү катышышты.
Семинардын соңунда студенттер үчүн кызыктуу суроо-жооп оюну уюштурулуп, активдүү катышкан жана жеңүүчү болгон студенттерге белектер тапшырылды.
Мындай иш-чаралар студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө пайдалуу маалыматтарды алууга өбөлгө түзөт.