Сиздерди жаздын жаркыраган майрамы — Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Аялзаты — үй-бүлөнүн куту, мээримдин булагы, жашоонун көркү. Баланын алгачкы тарбиячысы, акыл-насаатчысы болгон апалар коомдун жана келечек муундун калыптанышында өзгөчө орунга ээ.
Бүгүнкү күндө айымдар билим берүү жана илим тармагында зор салым кошуп келишет. Ош технологиялык университетинде эмгектенип жаткан ардактуу айымдарыбыздын арасында тажрыйбалуу илимпоздор, ардагер окутуучулар, жетекчи айымдар жана спорт тармагында ийгиликтерди жаратып жүргөн айымдарыбыз бар. Алар жаш муунга билим берип гана тим болбостон, университеттин илимий, маданий жана коомдук турмушуна активдүү катышып, окуу жайыбыздын өнүгүшүнө чоң салым кошуп келишет. Ошондой эле студент кыздарыбыз окууда, илимде жана спортто жетишкендиктерди жаратып, университетибиздин сыймыгына айланып келишет.
Ардактуу айымдар!
Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, узун өмүр жана иштериңиздерге ийгилик каалайм. Жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, жашооңуздар ар дайым жакшылыкка, берекеге жана ырыс-кутка толуп турсун!
Сизди терең урматтоо менен,
ОшТУнун ректору, профессор Турсунбаев Жанболот Жанышович