Билим берүү жана илим жаатындагы окуу жайлар аралык кызматташууну чыңдоо, студенттердин билим сапатын жогорулатуу жана кесиптик даярдоодо тажрыйба алмашууну кеңейтүү максатында 2026-жылдын 3-мартында Ош технологиялык университетинде конок лекция жана мастер-класс өткөрүлдү.
Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин окутуучулары Жумагулова Б.Т., Абдырахманова Ж.С., Арзиева А.Б. катышып, студенттерге актуалдуу темалар боюнча мазмундуу баяндама жасашты.
Конок лекциянын жүрүшүндө студенттер теориялык билимдерин тереңдетип, практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Мындай жолугушуулар окуу жайлардын ортосундагы өз ара кызматташууну бекемдеп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.